Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Мыйзамсыздык – акылсыздык. Адилдик – акылмандык

    10:1 Сулаймандын накыл сөздөрү. Акылдуу уул атасын кубантат, акылсыз уул – энесинин кайгысы.

    10:2 Жалган жолдор менен табылган байлык пайда алып келбейт, адилдик болсо өлүмдөн куткарат.

    10:3 Теңир адил адамга ачкачылыктын азабын тартууга жол бербейт, мыйзамсыздын жыйып алганын алып ыргытат.

    10:4 үринчүүк кол жарды кылат, аракетчил кол байытат.

    10:5 Жайында түшүм жыйган уул – акылдуу уул, оруу-жыюу маалында уктап жаткан уул – уятка калтырчу уул.

    10:6 Адил адам батага эү болот, мыйзамсыздардын оозу зомбулукту жаап-жашырат.

    10:7 Адил адам алкоо менен эскерилет, мыйзамсыздардын аты өчөт.

    10:8 Жүрөгү акылдуу адам осуяттарды кабыл алат, акылсыз адам оозунан жаңылып жыгылат.

    10:9 Түз жүргөн адам коопсуз жашайт, ал эми түз жолдон чыккан адам жазаланат.

    10:10 Көзүн ымдаган адам бирөөнү ыза кылат, ал эми акылсыз адам оозунан жаңылып жыгылат.

    10:11 Адил адамдын оозу – өмүр булагы, ал эми мыйзамсыздардын оозу зулумдукту жаап-жашырат.

    10:12 Жек көрүү жаңжал чыгарат, ал эми сүйүү бардык күнөөнү жабат.

    10:13 Акылдуунун оозунда акыл бар, ал эми акылсыздын денесинен таяк кетпейт.

    10:14 Акылдуулар билимди сакташат, акылсыздардын оозу – тез келүүчү өлүм.

    10:15 Байдын мүлкү – өзүнө чептүү шаар, жакырлардын кайгысы – өздөрүнүн начар турмушу.

    10:16 Адил адамдын эмгеги өмүргө эү кылат, мыйзамсыздын ийгилиги күнөөгө алып барат.

    10:17 Акыл-насаатты сактаган адам өмүр жолунда, акыл-насааттан баш тарткан адам адашып жүрөт.

    10:18 Жек көрүүсүн жашырган адамдын оозу жалган. Ушак тараткан адам – акылсыз адам.

    10:19 Көп сүйлөгөн адам күнөөгө батпай койбойт. Тилин тыйган адам – акылдуу адам.

    10:20 Адил адамдын тили – тандамал күмүш, мыйзамсыздын жүрөгү үч нерсеге арзыбайт.

    10:21 Адил адамдын сөзү көптү багат, акылсыздар акыл жетишпегенден өлүшөт.

    10:22 Теңирдин батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт.

    10:23 Акылсыз адамга кылмыш кылуу – оюн-тамаша, ал эми акылдуу адамга акыл таандык.

    10:24 Мыйзамсыз эмнеден корксо, анын башына ошол түшөт, ал эми адил адамдын тилеги аткарылат.

    10:25 Мыйзамсыз адам куюн учургандай жок болот, ал эми адил адам түбөлүк негизде турат.

    10:26 Тишке уксус кандай болсо, көзгө түтүн кандай болсо, жалкоону жумшаган адамга жалкоо да ошондой.

    10:27 Кудайдан коркуу өмүрдү узартат, ал эми мыйзамсыздардын өмүрү кыскарат.

    10:28 Адил адамдарды кубаныч күтүп турат, мыйзамсыздардын эмүтү таш кабат.

    10:29 Теңирдин жолу – кемчиликсиз адамдар үчүн чеп, мыйзамсыздар үчүн коркунуч.

    10:30 Адил адам түбөлүккө олку-солку болбойт, мыйзамсыздар болсо жер үстүндө калышпайт.

    10:31 Адил адамдын оозунан акылдуу сөз чыгат, ал эми алдамчы тил кесилет.

    10:32 Адил адам орундуу сүйлөгөндү билет, ал эми мыйзамсыздын оозунан ыпылас сөз чыгат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск