Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    11:1 Туура эмес тараза Теңирдин алдында жийиркеничтүү, туура тараза Ага жагат.

    11:2 Текебердик келгенде, маскаралык да келет, ал эми момундарда акылмандык.

    11:3 Куулугу жок адамдарды чынчылдыгы жетектейт, ал эми жүзү караларды амалкөйлүгү өлтүрөт.

    11:4 Каар төгүлө турган күнү байлык жардам бербейт, ал эми адилдик өлүмдөн куткарат.

    11:5 Кемчиликсиз адамдын жолун өзүнүн адилдиги түздөйт, ал эми мыйзамсыз адам өзүнүн мыйзамсыздыгынын айынан кулайт.

    11:6 Куулугу жок адамдарды өздөрүнүн адилдиги куткарат, ал эми мыйзамсыздар өздөрүнүн мыйзамсыздыгы менен торго түшүшөт.

    11:7 Күнөөкөр адамдын эмүтү өзү менен кошо жоголот, мыйзамсыздардын эмүтү жок болот.

    11:8 Адил адам кырсыктан кутулат, анын ордуна мыйзамсыз тутулат.

    11:9 үки жүздүү өз жакынын тили менен өлтүрөт, ал эми адил адамдар кыраакылыгы менен кутулушат.

    11:10 Адил адамдар жакшы жашап жатканда, шаар кубанат; мыйзамсыз адамдар өлгөндө, майрам болот.

    11:11 Адил адамдардын батасы менен шаар гүлдөйт, ал эми мыйзамсыздардын тили менен шаар талкаланат.

    11:12 Кем акыл жакынына жек көрөрүн айтат, ал эми акылдуу адам унчукпайт.

    11:13 Сөз ташыган адам жашыруун сырды ачат, ал эми ишенимдүү киши ичинде сактайт.

    11:14 Туура кеңештин жоктугунан элдин абалы начарлайт, кеңешчилер көп болсо, эл куткарылат.

    11:15 Бирөөнүн милдетин мойнуна алган адам өзүнө өзү жамандык кылат, ал эми кепилдикти жек көргөн адам коопсуз болот.

    11:16 Адептүү аял даңкка эү болот, ал эми эмгекти сүйгөндөр байлыкка эү болушат.

    11:17 Кайрымдуу адам өз жанына жакшылык кылат, ал эми таш боор адам өз денесин кыйратат.

    11:18 Мыйзамсыз адам жалган жол менен пайда табат, ал эми чындыкты сепкен адам чыныгы белек алат.

    11:19 Адилдик өмүргө эү кылат, ал эми жамандыкка умтулган адам өлүмгө умтулат.

    11:20 Жүрөгү бузук адамдар Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми кемчиликсиз жашагандар Ага жагат.

    11:21 Бузуку адам жазаланбай калбайт деп, кепилге өтүүгө болот, ал эми адил адамдардын тукуму куткарылат.

    11:22 Сулуу, бирок акылсыз аял мурдуна алтын шакек тагылган чочкодой.

    11:23 Адил адамдардын каалаганы – жалаң жакшылык, мыйзамсыздарды каар күтүп турат.

    11:24 Бирөө мол себет, аныкына дагы кошулат; экинчи бирөө ашкере энөмчүл, ошого карабастан жакырдана берет.

    11:25 Кайрымдуу жан ток болот. Бирөөнүн суусунун кандырган адамдын да суусуну кандырылат.

    11:26 Данды кампасына катып алган адам элдин каргышына калат, ал эми саткан адамдын үстүндө бата болот.

    11:27 Жакшылыкка умтулган адам жакшылык табат, жамандык издеген адамга жамандык келет.

    11:28 Байлыгына таянган адам кулайт, ал эми адил адамдар жалбырактай көгөрүшөт.

    11:29 Yйүн бузган адам энчисине шамал алат, акылсыз адам жүрөгү акылдуу адамга кул болот.

    11:30 Адил адамдын жемиши – өмүр дарагы, акылдуу адам адамдарды өзүнө тартат.

    11:31 Ошентип, адил адамга жер үстүндө өз тиешеси берилсе, андан бетер мыйзамсызга да, күнөөкөргө да өз тиешеси берилет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск