Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    12:1 Акыл-насаатты сүйгөн адам билимди сүйөт, ал эми ашкерелөөнү жек көргөн адам акылсыз.

    12:2 Жакшы адам Теңирден ырайым табат, ал эми жаман ойлуу адамды Теңир жазалайт.

    12:3 Адам өзүн мыйзамсыздык менен бекемдей албайт, ал эми адил адамдын тамыры ордунан козголбойт.

    12:4 Жакшы аял – күйөөсүнүн таажысы, ал эми абийирсиз аял – сөөктөгү ириң.

    12:5 Адил адамдардын ойлогону – акыйкаттык, ал эми мыйзамсыздардын ойлогону – жамандык.

    12:6 Мыйзамсыздардын тили – кан төгүү үчүн коюлган буктурма, ал эми адил адамдарды өздөрүнүн оозу куткарат.

    12:7 Мыйзамсыздар кырсык басары менен жок болушат, ал эми адил адамдардын үйү тура берет.

    12:8 Адамды акылына жараша макташат, ал эми жүрөгү бузук адам жек көрүндү болот.

    12:9 Нанга муктаж болуп туруп, өзүн көрүнүктүү адам кылып көрсөткөнгө караганда, өзү үчүн эмгектенген жөнөкөй адам артык.

    12:10 Адил адам малы үчүн да кам көрөт, мыйзамсыз адамдар болсо таш боор.

    12:11 өз жерин иштеткен адам нанга тоёт, ал эми бекерчиликти сүйгөндөрдү туураган адам кем акыл.

    12:12 Мыйзамсыз адам адил адамды жамандыктын торуна түшүргүсү келет, бирок адил адамдын тамыры бекем.

    12:13 Мыйзамсыз адам өз оозунун күнөөлөрү менен торго түшөт, ал эми адил адам жамандыктан кутулат.

    12:14 Адил адам өз оозунун жемишинен жакшылыкка тоёт, адам өзүнүн кылган ишине жараша тиешесин алат.

    12:15 Акылсыз адамга өзүнүн жолу түз көрүнөт, ал эми кеңеш уккан адам акылдуу.

    12:16 Акылсыз адамдын ачуусу дароо эле сыртка чыгат, ал эми акылдуу адам ызасын сыртка чыгарбайт.

    12:17 Билгенин айткан адам чындыкты айтат, ал эми жалган күбөнүн айтканы жалган.

    12:18 Маңызсыз сүйлөгөн адам кылыч менен жаралагандай жаралайт, ал эми акылдуу адамдардын тили сакайтат.

    12:19 Адил адамдын тили түбөлүк жашайт, ал эми алдамчынын тили көз ирмемге эле жашайт.

    12:20 Кара ниеттин жүрөгүндө – жаман ой, тынчтык орнотуучулардын жүрөгүндө – кубаныч.

    12:21 Адил адам үч жамандык көрбөйт, мыйзамсыздар болсо көп жамандык көрүшөт.

    12:22 Жалган сүйлөгөн тил Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми чындыкты сүйлөгөндөр Ага жагат.

    12:23 Акыл-үстүү адам билимин жашырат, ал эми акылсыздын акылсыздыгын өзүнүн жүрөгү көрсөтүп турат.

    12:24 Аракетчилдердин колу башкарат, ал эми жалкоонун колу салык төлөйт.

    12:25 Жүрөгүндөгү санаа адамдын көңүлүн чөктүрөт, ал эми жылуу сөз аны кубантат.

    12:26 Адил адам жакынына жол көрсөтөт, ал эми мыйзамсыздын жолу аларды адаштырат.

    12:27 Жалкоо адам өзүнүн илбүүсинин бышырып жегенден эринет, ал эми аракетчил адамдын мүлкү баалуу.

    12:28 Чындыктын жолунда өмүр бар, анын жолунда өлүм жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск