Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    13:1 Акылдуу уул атасынын акыл-насаатын угат, ал эми эү-жаа бербеген уул айыбын ачкандарды укпайт.

    13:2 Адам өз оозунун жемишинен жакшылык көрөт, ал эми мыйзамды бузгандардын жаны жамандык көрөт.

    13:3 Тилин тыйган адам жанын сактайт, ал эми оозун чоң ачкан адам кыйынчылыкка дуушар болот.

    13:4 Жалкоо эңсейт, бирок эңсегени бекер, ал эми аракетчил адамдар тоюшат.

    13:5 Адил адам жалган сөздү жек көрөт, ал эми мыйзамсыз адам өз абийирин өзү төгүп, өзүн өзү маскара кылат.

    13:6 Кемчиликсиз адамды чындык сактайт, ал эми күнөөкөрдү мыйзамсыздыгы өлтүрөт.

    13:7 Бирөө үч нерсеси жок болсо да, өзүн бай көрсөтөт. экинчи бирөө байлыгы ашып-ташып турса да, өзүн бечара көрсөтөт.

    13:8 Адам байлыгы менен өз өмүрүн сатып алат, ал эми жардыны үч ким коркутпайт.

    13:9 Адил адамдардын жарыгы жаркырап турат, мыйзамсыздардын чырагы болсо өчөт.

    13:10 Менменсинүүдөн чыр чыгат, ал эми кеңешкендерде акыл бар.

    13:11 Оңой жол менен табылган байлык тез жок болот, ал эми мүэнет менен жыйнаган адам байлыгын арттырат.

    13:12 Көпкө чейин ишке ашпаган эмүт жүрөктү кыйнайт, ал эми ишке ашкан эмүт – өмүр дарагы.

    13:13 Кудайдын сөзүн этибар албаган адам өзүнө зыян келтирет, ал эми осуяттан корккон адам тиешесин алат.

    13:14 Акылдуунун окутуусу – өлүмдүн торунан сактап кала турган өмүр булагы.

    13:15 Жакшы акыл жакшы нерсеге жеткирет, ал эми мыйзамсыздардын жолу катаал.

    13:16 Ар бир үстүү адам акыл менен иш кылат, ал эми акылсыз адам өзүнүн акылсыздыгын көрсөтөт.

    13:17 Жаман элчи кырсыкка кабылат, ал эми ишенимдүү элчи куткарат.

    13:18 Єйрөнүүдөн баш тарткан адамды жакырлык менен маскарачылык күтүп турат, ал эми акыл-насаатты сактаган адам урматка эү болот.

    13:19 Ишке ашкан тилек жанга жагымдуу, ал эми жамандыктан четтөө – акылсыздар үчүн чыдагыс нерсе.

    13:20 Акылдуу адамдар менен мамилелешкен адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат.

    13:21 Күнөөкөрлөрдү жамандык эүрчип жүрөт, ал эми адил адамдар жакшылык көрүшөт.

    13:22 Жакшы адам неберелерине да мурас калтырат, ал эми күнөөкөрдүн байлыгы адил адам үчүн сакталат.

    13:23 Жардылардын талаасында да мол түшүм болот, бирок күү бир адамдар баш аламандыктан өлүп жатышат.

    13:24 Чыбык аяган адам уулун жек көрөт, ал эми уулун сүйгөн адам аны бала чагынан жазалайт.

    13:25 Адил адам тамакты тойгончо жейт, ал эми мыйзамсыз адамдардын карды ач болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск