Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    14:1 Акылдуу аял үйүн курат, ал эми акылы жок аял аны өз колу менен бузат.

    14:2 Түз жол менен бара жаткандар Теңирден коркушат, ал эми кимдин жолу түз эмес болсо, ал Теңирди тоотпойт.

    14:3 Акылсыздын тили – текебердиктин камчысы, ал эми акылдууларды тили сактайт.

    14:4 Бука жок жерде акыр бош, ал эми мол киреше букалардын күчүнөн.

    14:5 Ишенимдүү күбө калп айтпайт, ал эми жалган күбө көп жалаа жабат.

    14:6 Шылдыңчыл адам акылмандыкты издейт, бирок таба албайт, ал эми акылдуу адамга билим алуу оңой.

    14:7 Акылсыз адамдан кач, анын оозунан акылдуу сөз чыкпайт.

    14:8 Акылдуу адамдын акылдуулугу – өз жолун билгендиги, акылсыз адамдардын акылсыздыгы болсо – адашуу.

    14:9 Акылсыз адамдар күнөөгө күлүшөт, ал эми адил адамдардын арасында ынтымак.

    14:10 Жүрөк өз жанынын кайгысын билет, анын кубанычын бөлөк бирөө бөлүшө албайт.

    14:11 Мыйзамсыздардын үйү бүлгүнгө учурайт, ал эми адил адамдардын үйү гүлдөйт.

    14:12 Адамга түз көрүнгөн жолдор бар, бирок алардын акыры – өлүмгө алып баруучу жол.

    14:13 Күлүп жаткан адамдын да жүрөгү ооруйт, күүде кубанычтын аягы кайгы менен бүтөт.

    14:14 Жүрөгү бузук адам өз жолунун жемишине тоёт, жүрөгү таза адам да өз жолунун жемишине тоёт.

    14:15 Акылсыз адам ар бир сөзгө ишене берет, ал эми акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт.

    14:16 Акылдуу адам Кудайдан коркуп, жамандыктан качат, ал эми акылсыз адам ачуулуу, өзүнө өзү ишенген адам болот.

    14:17 Ачуусу чукул адам акылсыздык кылышы мүмкүн, ал эми атайылап кыянаттык кылган адам жек көрүндү болот.

    14:18 Түркөй адамдар энчисине акылсыздыкты алышат, ал эми акылдуу адамдар билим менен сыйланышат.

    14:19 Кара ниет адамдар ак ниет адамдарга, мыйзамсыз адамдар адил адамдардын дарбазасынын алдында таазим кылышат.

    14:20 Жакыр өз жакындарына да жек көрүндү болот, ал эми бай кишинин достору көп.

    14:21 өз жакынын жек көрүп жаткан адам күнөө кылып жатат, ал эми жакырга кайрымдуу болгон адам бактылуу.

    14:22 Жамандык кылууну ойлоп жаткандар адашып жатышкан жокпу? Ал эми жакшылык кылууну ойлогон адамдарда ырайым, ишеним бар.

    14:23 Ар бир эмгектен киреше кирет, ал эми маңызсыз сөз зыянга гана учуратат.

    14:24 Акылдуу адамдардын таажысы – өздөрүнүн байлыгы, ал эми түркөй адамдардын таажысы – өздөрүнүн акылсыздыгы.

    14:25 Ишенимдүү күбө адамдарды куткарат, ал эми жалган күбө жалаа жабат.

    14:26 Теңирден коркуу – бекем таяныч, Ал – өз уулдарына баш паана.

    14:27 Теңирден коркуу – өмүр булагы, ал өлүм торунан сактайт.

    14:28 үли көп падыша – улуу падыша, эли аз падыша – шордуу падыша.

    14:29 Сабырдуу адамдын акылы мол, ал эми ачуусу чукул адам өзүнүн акылсыздыгын көрсөтөт.

    14:30 Момун жүрөк – денеге өмүр, ал эми көрө албастык – сөөккө ириң.

    14:31 Жакырды кордогон адам анын Жаратканына акарат келтирет, ал эми Аны урматтаган адам муктаж болуп турган адамга жакшылык кылат.

    14:32 Мыйзамсыз адам кылган жамандыгы үчүн четке кагылат, ал эми адил адамдын өлүм алдында да эмүтү бар.

    14:33 Акылмандык акылдуунун жүрөгүндө жашайт, акылсыздар арасында ал өзү жөнүндө билдирип турат.

    14:34 Адилдик элдин даңкын чыгарат, ал эми мыйзамсыздык элдин абийирин төгөт.

    14:35 Падыша акылдуу кулга ырайым кылат, ал эми аны уят кылган адамга каарын чачат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск