Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    15:1 Момундук менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми кордогон сөз ачууну козгойт.

    15:2 Акылдуу адамдардын тили билимди кабарлайт, ал эми акылсыздардын оозу акылсыздыкты сүйлөйт.

    15:3 Теңирдин көзү бардык жерде, ал жакшыларды да, жамандарды да көрүп турат.

    15:4 Момун тил – өмүр дарагы, ал эми ооздукталбаган тил рухту талкалайт.

    15:5 Акылсыз адам атасынын акыл-насаатын барктабайт, ал эми айыбын ачканды уккан адам акылдуу.

    15:6 Адил адамдын үйүндө байлык көп, ал эми мыйзамсыздын кирешеси өзүнө бүлүнүү алып келет.

    15:7 Акылдуу адамдардын оозу билим таратат, акылсыздардын жүрөгү андай эмес.

    15:8 Мыйзамсыздардын курмандыгы Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми адил адамдардын сыйынуусу Ага жагат.

    15:9 Мыйзамсыздын жолу Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми акыйкат жолу менен жүргөн адамды Ал жакшы көрөт.

    15:10 Түз жолдон чыккандар катуу жазаланат, айыбын ачкан адамды жек көргөн адам өлөт.

    15:11 өлгөндөр жаткан жай менен Абадон Теңирдин алдында ачык, андан бетер адам баласынын жүрөгү Анын алдында ачык.

    15:12 Шылдыңчыл адам айыбын ашкере кылган адамдарды сүйбөйт, акылдуу адамдарга да барбайт.

    15:13 Жүрөктөгү кубаныч жүздү жайдары кылат, ал эми жүрөктөгү кайгы көңүлдү чөгөрөт.

    15:14 Акылдуунун жүрөгү билим издейт, ал эми акылсыздардын оозу акылсыздык менен тамактанат.

    15:15 Бактысыздын бардык күндөрү кайгылуу, ал эми жайдары адамда күндө той.

    15:16 Бай болуп тынчсызданып жашаганча, кедей болуп Теңирден коркуп жашаган жакшы.

    15:17 Жек көрүү бар жерде семиз буканын этин жегенге караганда, сүйүү бар жерде жашылчадан жасалган тамак жеген жакшы.

    15:18 Ачуусу чукул адам чатак чыгарат, ал эми сабырдуу адам чатакты басат.

    15:19 Жалкоонун жолу – тикенектүү чырмоок, ал эми адил адамдардын жолу тегиз.

    15:20 Акылдуу уул атасын кубантат, акылсыз уул энесин барктабайт.

    15:21 Акылсыздык – кем акыл адам үчүн кубаныч, ал эми акылдуу адам түз жол менен жүрөт.

    15:22 Кеңешпей кылган иштер бузулат, кеңешчилер көп болсо, алар ишке ашат.

    15:23 Адам берген туура жообунан кубаныч алат, ошондой эле өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!

    15:24 Төмөн жактагы өлгөндөр жаткан жайга түшпөс үчүн, акылмандын өмүр жолу жогору кетет.

    15:25 Теңир менменсингендердин үйүн кыйратат, ал эми жесирдин чегин бекемдейт.

    15:26 Кара ниеттердин ойлору Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми кемчиликсиз адамдардын сөздөрү Теңирге жагат.

    15:27 Алдым-жуттум адам өз үйүн бүлдүрөт, ал эми параны жек көргөн адам жашайт.

    15:28 Адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет, ал эми мыйзамсыздардын оозунан жаман сөз чыгат.

    15:29 Теңир мыйзамсыздардан алыс, ал эми адил адамдардын сыйынуусун угат.

    15:30 Жарык жүз жүрөктү кубантат, жакшы кабар сөөктү агартат.

    15:31 Турмуш сабактарын кунт коюп уккан адам акылдуу адамдардын арасында болот.

    15:32 Акыл-насаатты четке каккан адам өз жанына кайдыгер, ал эми сынга кулак салган адам акылга эү болот.

    15:33 Теңирден коркуу акылдуу кылат, моюн сунуудан кийин даңк келет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск