Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Акылмандыкты даңктоо

    8:1 Акылмандык чакырып жаткан жокпу? Акыл үнүн бийик чыгарып жаткан жокпу?

    8:2 Ал бийик жерлерге, жолдорго, жол тоомдоруна туруп алып чакырып жатат.

    8:3 Ал шаардын дарбазасынын жанына, шаардын кире беришине туруп алып чакырып жатат:

    8:4 «Адамдар, мен силерге чакырык салып жатам. Менин үнүм адам баласына!

    8:5 үси жоктор, үстүү болгула, акылы жоктор, акылдуу болгула!

    8:6 Уккула, анткени мен маанилүү сөз айтам, менин оозумдан чыккан сөз чындык.

    8:7 Анткени менин тилим чындыкты сүйлөйт, жаман сөздөрдү сүйлөгөндөн оозум жийиркенет.

    8:8 Менин оозумдан чыккан сөздүн бардыгы адилет, анда жалган да, анткорлук да жок.

    8:9 Булардын бардыгы акылдуулар үчүн айкын, билимге эү болгондор үчүн адилет.

    8:10 Күмүштү эмес, менин окутуумду кабыл алгыла, тандамал алтындан билим артык.

    8:11 Анткени акылмандык берметтен артык, ага адам каалаган нерселердин үч бири тең келбейт.

    8:12 Мен, акылмандык, акыл менен чогуу жашайм, туура билимди издейм.

    8:13 Теңирден коркуу – жамандыкты жек көрүү. Текебердикти, менменсингендикти, кыянат жолду, жалган оозду мен жек көрөм.

    8:14 Менде кеңеш менен чындык бар; мен акылмын, менде күч бар.

    8:15 Падышалар менин жардамым менен бийлик кылышат, өкүмдарлар менин жардамым менен чындыктын негизинде мыйзам чыгарышат.

    8:16 Башчылар да, төрөлөр да, жер жүзүндөгү башкаруучулар да менин жардамым менен башкарышат.

    8:17 Мени сүйгөндөрдү мен да сүйөм, мени издегендер мени табышат.

    8:18 Байлык да, даңк да, жок болбой турган казына да, чындык да менде.

    8:19 Менин жемишим алтындан, эң таза алтындан артык, тандамал күмүшкө караганда менден пайда көп.

    8:20 Мен чындыктын жолу менен, адилеттиктин жолу менен жүрөм.

    8:21 Мени сүйгөндөрдү чыныгы байлыкка жеткирем, алардын казыналарын толтурам.

    8:22 Теңир мени өзүнүн жолунун башталышында эле, бардыгын жарата электен мурун эле, эзелки убакта эле жараткан.

    8:23 Мен кылымдар мурун эле, башында эле, жер жаратыла электен мурун эле майлангам.

    8:24 Мен түпсүз туңгуюктар жарала электе эле, суусу мол булактар жарала электе эле төрөлгөм.

    8:25 Мен тоолор орнотула электе эле, адырлар жаратыла электе эле төрөлгөм.

    8:26 Теңир жерди да, талааларды да, ааламдын алгачкы чаңчаларын да жарата электе эле төрөлгөм.

    8:27 Теңир асманды даярдай баштаганда, мен ошол жерде болчумун. Ал түпсүз туңгуюктардын үстүнөн тегерете сызык жүргүзүп жатканда,

    8:28 асманга булуттарды орнотуп жатканда, түпсүз туңгуюк булактарын бекемдеп жатканда,

    8:29 суулар чегинен ашып кетпесин деп, деңизге мыйзам берип жатканда, жердин негизин орнотуп жатканда,

    8:30 мен Анын жанында сүрөтчү болчумун. Ар күнү Анын кубанычы болчумун, Анын алдында ар дайым кубанып турчумун.

    8:31 Анын жараткан жер шарында кубанып турчумун, менин кубанычым адам баласы менен бирге болгон.

    8:32 Ошентип, балдарым, мени уккула. Менин жолумду сактагандар бактылуу!

    8:33 Акыл-насааттарды угуп, акылдуу болгула, четке какпагыла.

    8:34 Ар күнү менин дарбазамдын жанында сергек болуп, эшигимдин алдында сакчылыкта туруп, мени уккан адам бактылуу!

    8:35 Анткени мени тапкан адам өмүрдү тапты, ал Теңирден ырайым табат.

    8:36 Ал эми мага каршы күнөө кылган адам өз жанына зыян келтирет, мени жек көргөндөрдүн бардыгы өлүмдү жакшы көрүшөт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск