Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    7:1 Уулум! Менин сөздөрүмдү сакта, осуяттарымды катып ал.

    7:2 Менин осуяттарымды сакта жана жаша, менин акыл-насааттарымды көзүңдүн карегиндей сакта.

    7:3 Аларды колуңа байлап ал, жүрөгүңдүн лоокторуна жазып ал.

    7:4 Акылмандыкка: «Сен менин карындашымсың», – де, акылга: «Сен менин бир тууганымсың», – де.

    7:5 Булар сени башка бирөөнүн аялынан, жылуу сүйлөгөн бөтөн аялдан сактайт.

    Акылсыз жигит жана бузулган аял жөнүндө

    7:6 Бир күнү мен үйүмдүн терезесинен, тордон карап турдум.

    7:7 Ошондо тажрыйбасыз жаштар арасынан акылсыз жаш уланды көрүп калдым.

    7:8 Ал бузулган аял турган бурчтун жанындагы аянттан өтүп, ошол аялдын үйүнө барчу жолдо бара жатты.

    7:9 Ал убак күн батып, күүгүм кирип, караңгы боло баштаган убак эле.

    7:10 Мына ошондо анын алдынан бузулган аялдын кийимин кийген, амалкөй,

    7:11 чуулгандуу, жүгөнсүз бир аял чыкты, ал үйүндө турбайт.

    7:12 Ал бирде көчөдө, бирде аянтта, ар кайсы бурчта туруп алып, тузак тартат.

    7:13 Ал жаш уланды кармап алып өөп, уялбастан ага мындай деди:

    7:14 «Мен тынчтык курмандыгын чалдым, берген убадаларымды бүгүн аткардым.

    7:15 Ошондуктан сени тосуп чыктым, сени издеп чыгып таап алдым.

    7:16 Килемдерди, Мисирдин түркүн түстүү кездемелерин төшөп, төшөк салдым.

    7:17 Уктоочу бөлмөмдү смирна, алой жана корица менен аңкытып койдум.

    7:18 Yйгө кир, таң атканча эркелешип, сүйүүгө ыракаттанабыз.

    7:19 Анткени күйөөм эйдө жок, ал узак сапарга кеткен.

    7:20 Күмүшкө толгон капчыгын ала кеткен, эйгө ай толгон күнү келет».

    7:21 Ал жаш уланды көптөгөн жылуу сөздөр менен азгырып, жылуу жумшак сүйлөп, бийлеп алды.

    7:22 Ошол замат жаш улан союларын билбеген өгүздөй болуп, боорун жебе тешип кетерин, атыларын билбеген бугудай болуп, аялдын артынан жөнөдү.

    7:23 Ал куштай болуп, торго жулунат, тор анын өлүмү үчүн жайылганын билбейт.

    7:24 Ошентип, балдарым, мага кулак салгыла, менин сөздөрүмө көңүл бургула.

    7:25 Жүрөгүң ал аялдын жолуна бурулбасын, анын жолуна түшүп адашпагын.

    7:26 Анткени ал аял далайларды жарадар кылып кулаткан, көптөгөн күчтүү адамдар ал аялдын колунан өлүшкөн.

    7:27 Анын үйү – өлүмдүн ички бөлмөлөрүнө түшүрө турган, өлгөндөр жаткан жайга алып барчу жол.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск