Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 50

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    50-ЗАБУР

    Кудайдан кечирим сурап сыйынуу

    50:1 Ырчылар тобунун башчысына.

    50:2 Дөөт Бат-Шебага жакындагандан кийин, ага Натан пайгамбар келгендеги Дөөттүн забуру.

    50:3 Кудайым, мени өзүңдүн улуу ырайымың боюнча ая, өзүңдүн улуу кайрымдуулугуң боюнча күнөөлөрүмдү өчүрүп сал.

    50:4 Күнөөлөрүмдү тазаргыча жууп, кылмышымдан тазала.

    50:5 Анткени мен күнөөлөрүмдү мойнума алам, кылмышым көз алдымдан кетпейт.

    50:6 Мен Сага, бир гана Сага каршы күнөө кылдым, Сенин көз алдыңда жаман иш кылдым. Сенин өкүмүң адилет, Сенин сотуң таза.

    50:7 Мен бойго бүткөндөн тартып эле күнөөкөрмүн, энемден күнөөкөр болуп төрөлгөм.

    50:8 Сен жүрөктөгү чындыкты сүйөсүң, ички дүйнөмө акыл бердиң.

    50:9 Мага иссоп менен кан чач, ошондо таза болом. Мени жуу, ошондо кардан ак болом.

    50:10 Мага кубаныч менен шаттыктын үнүн угуз, ошондо Сен талкалаган сөөктөрүм сүйүнөт.

    50:11 Күнөөлөрүмдөн жүзүңдү бур, менин кылмыштарымдын баарын өчүр.

    50:12 Кудайым, таза жүрөк жарат, рухумду жаңыла.

    50:13 Менден жүзүңдү бурба, менден өзүңдүн Ыйык Рухуңду алба.

    50:14 Мага өзүңдүн куткаруу кубанычыңды кайтарып бер, бийлиги бар Рухуң менен мени бекемде.

    50:15 Мыйзамсыздарга Сенин жолуңду эйрөтөм, ошондо кудайсыздар Сага кайрылышат.

    50:16 Кудайым, куткаруучу Кудайым, мени кандан куткар, менин тилим Сенин адилеттигиңди даңазалайт.

    50:17 Теңир! Менин оозумду ач, ошондо менин оозум Сенин даңкыңды жар салат.

    50:18 Анткени Сен курмандыкты каалабайсың, мен аны берер элем. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жактырбайсың.

    50:19 Чын жүрөктөн өкүнүү – Кудай алдында курмандык. Сен өкүнүп, моюн сунган жүрөктү жек көрбөйсүң.

    50:20 өз ырайымың менен Сионго ырайым кыл. Иерусалим дубалдарын кайра тургуз.

    50:21 Ошондо адилеттик курмандыктары, тартуулар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар Сага жагымдуу болот. Ошондо Сенин курмандык чалынуучу жайыңда букачарларды курмандыкка чалышат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск