Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 49

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    49-ЗАБУР

    Кудайды унуткандарга акыл-насаат

    49:1 Асаптын забуру. Кудайлардын Кудайы, Теңир, эн салып, күн чыгыштан күн батышка чейин жер жүзүндөгүлөрдүн бардыгын чакырат.

    49:2 Кудай сулуулуктун туу чокусу болгон Сион тоосунан келет.

    49:3 Кудайыбыз келе жатат, Ал унчукпай келе жаткан жок: Анын алдында – баарын жалмаган от, тегерегинде – катуу бороон.

    49:4 Ал өз элин соттоо үчүн, жогорудан асман менен жерге чакырык салып жатат:

    49:5 «Курмандыктын жанында Мени менен келишим түзгөн Менин ыйыктарымды чогулткула».

    49:6 Асман Анын чындыгын жар салып жатат, анткени бул Сот – Кудай өзү.

    49:7 «үлим, Мени ук, Мен сүйлөйм, Ысрайыл, Мен сага каршы күбөгө өтөм. Мен Кудаймын, сенин Кудайыңмын.

    49:8 Мен сени курмандыктарың үчүн жемелебейм. Сенин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарың дайыма Менин алдымда.

    49:9 Сенин үйүңдөн букачар да албайм, сенин корооңдон теке да албайм.

    49:10 Анткени токойдогу жаныбарлардын баары Меники, тоодогу миңдеген мал да Меники.

    49:11 Тоодогу бардык куштарды билем, талаадагы жаныбарлар Менин алдымда.

    49:12 үгерде Мен ачка болсом да, сага айтмак эмесмин, анткени бүткүл аалам жана анда жашагандардын баары Меники.

    49:13 Мен букачардын этин жемек белем? Текенин канын ичмек белем?

    49:14 Кудайга мактоо курмандыгын алып кел, кудуреттүү Кудайга берген убадаларыңды аткар.

    49:15 Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү Мени чакыр, Мен сени куткарам, сен болсо Мени даңктайсың».

    49:16 Күнөөкөргө болсо Кудай мындай дейт: «үмне үчүн сен Менин мыйзамдарымды жар саласың, осуятымды оозуңа аласың?

    49:17 Сен Менин мыйзамдарымды жек көрөсүң, Менин сөздөрүмдү таштап салдың.

    49:18 Ууруну көргөндө, ага кошулуп кетесиң, ойноштук кылгандарга кошулуп ойноштук кыласың.

    49:19 Оозуңдан жаман сөздөр чыгат, тилиң болсо жалган сөздөрдү куюлуштуруп сүйлөйт.

    49:20 Отуруп алып бир тууганыңа каршы сүйлөйсүң, өз энеңдин уулун жамандайсың.

    49:21 Сен ушундай кылдың, бирок Мен унчуккан жокмун. өзүң кандай болсоң, Мени да ошондой ойлодуң. Айыбыңды ачып, күнөөңдү өз көзүңө көрсөтөм.

    49:22 Кудайды унуткандар, мына ушуну түшүнгүлө, болбосо Мен силерди тытып жок кылгым келсе, үч ким куткарбайт.

    49:23 Мага мактоо курмандыгын алып келген адам – Мага урмат көрсөткөн адам. өз жолун байкап жүргөн адамга Мен Кудайдын куткаруусун көрсөтөм».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск