Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Откровение 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Жетинчи мөөр – тынчтыктын өкүм сүрүүсү

    8:1 Козу жетинчи мөөрдү ачканда, асманда жарым саатча тынчтык өкүм сүрдү.

    8:2 Андан кийин мен Кудайдын алдында турган жети периштени көрдүм, аларга жети сурнай берилди.

    8:3 Анан башка бир периште келип, курмандык чалынуучу жайдын алдына турду. Анын колунда жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү алтын чөйчөк бар экен. Ага көп жыпар жыттуу зат берилди. Анткени ал аны бардык ыйыктардын сыйынуулары менен бирге тактынын алдында турган, алтындан жасалган курмандык чалынуучу жайдын үстүнө коюшу керек эле.

    8:4 Жыпар жыттуу заттардын түтүнү ыйыктардын сыйынуулары менен бирге периштенин колунан Кудайдын алдына көтөрүлдү.

    8:5 Анан периште жыпар жыттуу заттар түтөтүлүүчү чөйчөктү алды да, аны курмандык чалынуучу жайдагы от менен толтуруп, жерге ыргытып жиберди. Ошондо катуу дабыштар чыгып, күн күркүрөп, чагылган чартылдап, жер титиреди.

    8:6 Анан жети сурнайы бар жети периште сурнай тартууга даярданды.

    Биринчи сурнай – кан аралаш түшкөн мөндүр жана от

    8:7 Биринчи периште сурнай тартканда, жерге кан аралаш мөндүр жана от түштү. Ошондо дарактардын эчтөн бир бөлүгү өрттөндү, көк чөптүн баары күйүп кетти.

    үкинчи сурнай – жалындап күйүп жаткан тоонун деңизге кулашы

    8:8 үкинчи периште сурнай тартканда, жалындап күйүп жаткан чоң тоо сыяктуу бир нерсе деңизге кулады. Ошондо деңиздин эчтөн бир бөлүгү канга айланды.

    8:9 Деңизде жашаган тирүү жандыктардын эчтөн бир бөлүгү өлүп, кемелердин эчтөн бир бөлүгү кыйрады.

    Єчүнчү сурнай – «үрмен» жылдызы

    8:10 Yчүнчү периште сурнай тартканда, асмандан шам чырактай күйгөн чоң жылдыз түштү. Ал дарыялардын эчтөн бир бөлүгүн жана булактарды басып калды.

    8:11 Бул жылдыздын аты «үрмен» эле. Ошондо суунун эчтөн бир бөлүгү уулуу болуп калды. Бул суудан көп адамдар өлүштү, анткени суу ачуу болуп калган эле.

    Төртүнчү сурнай – күндүн, айдын жана жылдыздардын эчтөн бир бөлүгүнүн кыйрашы

    8:12 Төртүнчү периште сурнай тартканда, күндүн, айдын жана жылдыздардын эчтөн бир бөлүгү кыйрады. Ошондо алардын эчтөн бир бөлүгү караңгыланып, күндүзгү убактын да, түнкү убактын да эчтөн бир бөлүгү жарыгы жок болуп калды.

    8:13 Анан мен асмандын ортосунда учуп келе жаткан бүркүттү көрдүм жана анын катуу эн менен мындай дегенин уктум: «Жер үстүндө жашап жаткандарга кайгы, кайгы! Єч периште тарта турган калган сурнайлардын үнү чыкканда, алардын башына кайгы түшөт!»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск