Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Титу 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Ыйсага ишенген адамдын жүрүш-турушу

    3:1 Ишенгендерге эскерт: алар башкаруучулар менен бийликтегилерге баш ийишсин, тил алышсын жана бардык жакшы иштерди жасоого даяр болушсун,

    3:2 үч кимге жаман сөз айтышпасын, жаңжалчыл эмес, жоош болушсун жана бардык адамдарга момундук менен мамиле кылышсын.

    3:3 Анткени биз да бир кезде акылсыз, баш ийбес, адашкан, кумарлардын жана ар кандай күнөөлүү каалоолордун кулу болгон, жамандык, көрө албастык кылып жашаган, жек көрүндү, бири-бирибизди жек көргөн адамдар элек.

    3:4 Бирок Куткаруучубуз Кудайдын жакшылыгы жана адамдарга болгон сүйүүсү айкын болгондо,

    3:5 Ал бизди адил иштерибиздин негизинде эмес, өзүнүн ырайымынын негизинде кайра төрөлтүү менен жуунтуу жана Ыйык Рух аркылуу жаңылантуу менен куткарып алды.

    3:6 Биз Кудайдын ырайымынын негизинде акталып, эмүтүбүзгө ылайык түбөлүк өмүрдүн мураскорлору болуп калышыбыз үчүн,

    3:7 Кудай ал Ыйык Рухту Куткаруучубуз Ыйса Машайак аркылуу үстүбүзгө мол төктү.

    3:8 Бул сөз чындык, ошондуктан Кудайга ишенгендер жакшы иштерди кылууга тырышчаактык менен аракеттенүүлөрү үчүн, мен сенин ушул жөнүндө ынандырышыңды каалайм. Анткени бул жакшы жана адамдарга пайдалуу.

    3:9 Акылсыз уруш-талаштардан жана ата-текти териштирүүдөн, мыйзам тууралуу талашып-тартышып чатакташуудан кач, анткени мунун бардыгы пайдасыз жана маанисиз.

    3:10 Бир же эки жолу эскерткенден кийин, бөлүп-жаруучу адамдардан четтегин.

    3:11 Анткени сен мындай адамдын бузулганын, күнөө кылып жатканын, ошентүү менен өзүн өзү айыптуу кылып жатканын билесиң.

    Тапшырмалар жана саламдар

    3:12 Мен сага Артемасты жана Тихикти жиберем. Алар баргандан кийин, сен мага, Никополго келүүгө аракет кыл, анткени мен кышты ошол жерден өткөрүүнү чечтим.

    3:13 Мыйзам окутуучу Зенас менен Аполосту жолго чыгарарыңда, алар үчүн кам көр, үч нерсеге муктаж болбогудай болушсун.

    3:14 Жемишсиз болуп калбаш үчүн, биздикилер да жакшы иштерди кылууга көнүгө беришсин, керек болгон учурда башкалардын муктаждыктарын канааттандыргыдай болушсун.

    3:15 Жанымдагылардын бардыгы сага салам айтып жатышат. Ишеним жолунда бизди сүйгөндөрдүн бардыгына салам айт. Кудай бардыгыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск