Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Титу 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Ыйсага ишенгендердин жашоосу

    2:1 Сен болсо туура окутууга ылайык келген нерсени айт.

    2:2 Карыялар кыраакы, оор басырыктуу, адеп-ахлактуу болушсун, алардын ишеними, сүйүүсү жана чыдамдуулугу туура болсун.

    2:3 Ошондой эле улгайган аялдар өздөрүн такыбаа алып жүрүшсүн, алар ушакчы жана шараптын кулу болушпасын, жакшылык кылууга эйрөтүшсүн,

    2:4 Кудай сөзүнө тил тийбеши үчүн, алар жаш аялдарды күйөөсүн, балдарын сүйүүгө,

    2:5 адеп-ахлактуу, таза, эйгө камкор, кең пейил болууга, күйөөсүнө баш ийүүгө эйрөтүшсүн.

    2:6 Жаштарды да адеп-ахлактуу болууга чакыр.

    2:7 Жакшы иштерди кылып, бардык нерседе өзүң элгү бол, окутууда тууралыкты, олуттуулукту көрсөт,

    2:8 сөзгө калбагыдай болуп, туура сөздөрдү сүйлө. Каршы чыккан адам биз жөнүндө үч бир жаман сөз айта албай, уят болсун.

    2:9 Кулдарга айт, бардык жагынан биздин Куткаруучубуз Кудайдын окутуусуна жасалга болуш үчүн, алар өз кожоюндарына бардык нерседе баш ийишсин, алар менен айтышпай, уурулук кылбай,

    2:10 тескерисинче, бардык нерседе ишенимдүүлүк көрсөтүп, кожоюндарынын көңүлүнө жагышсын.

    Куткара турган ырайым

    2:11 Анткени Кудайдын бардык адамдарды куткара турган ырайымы айкын болду.

    2:12 Бул ырайым бизди кудайсыздык менен бул дүйнөнүн кумарларын четке кагууга, азыркы мезгилде адеп-ахлактуулук менен, адилеттүү жана такыбаа жашоого эйрөтүп жатат.

    2:13 Биз ыйык эмүттү, улуу Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын даңкынын көрүнүшүн күтүп жашашыбыз керек.

    2:14 Бизди бардык мыйзамсыздыктан куткарып, тазалап, бизден өзүнө таандык, жакшы иштерди кылууга тырышкан эл жаратуу үчүн, Машайак биз үчүн өзүн берген.

    2:15 Ушуну бийлик менен айт, акыл-насаат айт, ашкереле. үч ким сени тоотпой койбосун.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск