Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Титу 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    үлчинин саламдашуусу

    1:1 Кудай тандап алгандар ишениши үчүн жана такыбаалыкка жеткире турган чындыкты таанып билиши үчүн, Ыйса Машайактын элчиси болуп дайындалган Кудайдын кулу Пабылдан салам!

    1:2 үлчилик ишим түбөлүк өмүргө болгон эмүткө негизделген. Ал өмүрдү жалган сүйлөбөгөн Кудай кылым менен белгиленген убакыт баштала электен мурун эле убада кылган.

    1:3 Убагы келгенде, Кудай өз сөзүн менин жар салуум аркылуу жарыялады. Жар салуу Куткаруучубуз Кудайдын буйругу боюнча мага ишенип тапшырылган.

    1:4 Ишеним жолундагы чыныгы уулум Титке Кудай Атабыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайак ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

    Титтин Критте кылган кызматы

    1:5 Мен сени бүтпөй калган иштерди бүтүрүшүң үчүн жана мен буйругандай, бардык шаарлардагы Жыйындарга башчыларды дайындашың үчүн Критте калтыргам.

    1:6 Жыйын башчысы болуп дайындала турган адам кемчиликсиз, бир эле жолу үйлөнгөн адам болсун. Анын балдары жаман жолго түшүп же эүнбаштык кылып жаманатты болбогон, Теңирге ишенген балдар болушу керек.

    1:7 Жыйын жетекчиси Кудайдын Жыйынын башкаруучу катары кемчиликсиз болушу керек. Ал өзүнүкүн бербеген, ачуулуу, ичимдикке жакын, мушташты сүйгөн, дүнүйөкор адам болбошу керек.

    1:8 Тескерисинче, меймандос, жакшылыкты сүйүүчү, адеп-ахлактуу, адилеттүү, такыбаа, өзүн өзү кармай билген,

    1:9 туура окутууга эйрөтө билиши үчүн жана каршы чыккандардын айыбын ача билиши үчүн, окутууга ылайык келген чындык сөзүн карманган адам болушу керек.

    Жалган окутуучулар жөнүндө

    1:10 Анткени баш ийбегендер, сөз деп эле сүйлөй бергендер, алдамчылар көп. Мындайлар, айрыкча сүннөткө отургузулгандардын арасында көп.

    1:11 Алардын жаагын жап кылуу керек. Алар өз керт башынын уятсыз кызыкчылыктары үчүн, окутпаш керек болгон нерсени окутуп, күү бир эй-бүлөлөрдү толугу менен бузушат.

    1:12 өздөрүнүн эле арасынан бирөө, алардын бир акыны: «Криттиктер дайыма калп айтышат, алар – ырайымсыз жырткычтар, жалкоо соргоктор», – деп айткан.

    1:13 Бул күбөлөндүрүү туура. Ошол себептен алар жүйүттөрдүн тамсилдерине жана чындыктан тайган адамдардын буйруктарына көңүл бурбастан,

    1:14 ишенимди туура тутушу үчүн, алардын айыбын аёосуз ашкереле.

    1:15 Тазалар үчүн бардыгы таза. Ал эми таза эмес жана ишенимсиз адамдар үчүн таза нерсе жок, анткени алардын акылы да, абийири да булганган.

    1:16 Алар Кудайды билебиз деп ырасташат, бирок кара ниет, баш ийбес, жакшы иштерди кылууга жөндөмсүз болушкандыктан, кылган иштери менен Аны танышат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск