Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Тимофею 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Акырына чейин ишенимдүү болуу

    4:1 Ошондуктан Кудайдын алдында жана өзүнүн падышачылык бийлиги менен кайтып келип, тирүүлөрдү да, өлгөндөрдү да соттой турган Ыйса Машайактын алдында мен сага буйрук кыламын:

    4:2 Кудайдын сөзүн айт, аны ыңгайы келсе да, ыңгайы келбесе да айтууга даяр бол, ашкереле, тыюу сал, акыл-насаат айт, чыдамдуулук менен эйрөт.

    4:3 Анткени адамдар туура окутууну кабыл албай, кошомат кылып сүйлөй турган окутуучуларды өз каалоолору боюнча тандап кала турган убак келет.

    4:4 Чындыкты уккулары келбей, тамсилдерге кулак төшөп калышат.

    4:5 Бирок сен бардык нерседе кыраакы бол, кыйынчылыктарга чыда, Жакшы Кабар таратуучулук милдетиңди аткар, өз кызматыңды аягына чыгар.

    4:6 Анткени мен курмандыкка чалынуунун алдында турам, менин бул дүйнө менен коштошор убактым келди.

    4:7 Мен жакшы күрөштүм, жарыштын аягына чыктым, ишенимди сактадым.

    4:8 Азыр болсо мага адилеттиктин таажысы даярдалып жатат. Адилет Сот – Теңир аны мага ошол Күнү берет, мага эле эмес, Анын келишин чыдамсыздык менен күткөндөрдүн баарына берет.

    Пабылдын жеке өтүнүчтөрү

    4:9 Мага тезирүүк келүүгө аракет кыл.

    4:10 Анткени Демас бул дүйнөнү сүйүп, мени таштап, Тесалоникага кетип калды. Кирескес Галатияга, Тит Далматияга кетти. Бир гана Лука мени менен калды.

    4:11 Маркты өзүң менен кошо ала кел, анткени кызмат кылышы үчүн, ал мага керек.

    4:12 Тихикти эфеске жибердим.

    4:13 Келериңде Троастагы Карпостукуна калтырып кеткен чапанымды жана китептеримди, айрыкча булгаары китептеримди ала кел.

    4:14 Жез иштетүүчү уста Искендер мага көп жамандык кылды. Теңир ага иштерине жараша тиешесин берсин!

    4:15 Андан сен да сак бол, анткени ал биздин айткан сөздөрүбүзгө аябай каршы чыгып жатат.

    4:16 Мен биринчи жолу сот алдында коргонуу сөзүн сүйлөп жатканымда, үч ким жанымда болгон жок, мени бардыгы таштап кетишти. Кудай муну аларга күнөө катары эсептебесин!

    4:17 Бирок Жакшы Кабар мен аркылуу таратылып, бардык бутпарастар угушу үчүн, Теңир жанымда болуп, мага күч берди. Ошентип, мен арстандын азуусунан куткарылдым.

    4:18 Теңир мени ар кандай жамандыктан куткарып, өзүнүн Асмандагы Падышачылыгы үчүн сактайт. Ал түбөлүккө даңктала берсин! Оомийин.

    Саламдар

    4:19 Прискила менен Акилага, Онесепордун эй-бүлөсүнө салам айтып кой.

    4:20 үраст Корунтта калды. Ал эми ооруп калган Трофимди Милетке калтырдым.

    4:21 Кышка чейин келүүгө аракет кыл. эйбул менен Пуд, Линос менен Клавдия жана бардык бир туугандар сага салам айтып жатышат.

    4:22 Теңир Ыйса Машайак сенин рухуң менен бирге болсун. Теңир силерге ырайымын төгө берсин! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск