Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Тимофею 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Акыркы убактагы адамдардын адеп-ахлагынын бузулушу

    3:1 Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил.

    3:2 Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, бой көтөргөн, менменсинген, заар тилдүү, ата-энесине баш ийбес, жакшылыкты билбеген, кудайсыз, таш боор,

    3:3 үлдешпес, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн,

    3:4 чыккынчы, кара өзгөй, көөдөнүн көтөргөн, Кудайга караганда ыракатты сүйгөн,

    3:5 такыбаа болуп көрүнгөн, бирок такыбаалыктын күчүнөн баш тарткан адамдар болушат. Ошондойлордон алыс бол.

    3:6 Андай адамдарга үйлөргө уурданып кирип, күнөөнүн сазына баткан, ар түрдүү кумарларга жетеленген,

    3:7 дайыма эйрөнгөнү менен, үч качан чындыкты таанып биле албаган аялдарды азгырган адамдар кирет.

    3:8 Жанес менен Жамбирес Мусага каршы чыгышкандай эле, алар да чындыкка каршы чыгышат. Алар – акылы бузулган, ишеними сыноодон өтпөгөн адамдар.

    3:9 Бирок алар алыска узашпайт, анткени тигилердин акылсыздыгы бардыгына белгилүү болгондой эле, алардын акылсыздыгы да бардыгына белгилүү болот.

    Тирүү ишеним сөзсүз куугунтукка алынат

    3:10 Сен болсо менин окутуумдан, жашоомдон, максатымдан, ишенимимден, чыдамкайлыгымдан, сүйүүмдөн, көтөрүмдүүлүгүмдөн,

    3:11 Антийохеяда, Иконияда жана Листрада башымдан өткөргөн куугунтуктарымдан жана кыйынчылыктарымдан элгү алдың. Мен кандай гана куугунтуктарды башымдан өткөрбөдүм! Бирок алардын бардыгынан мени Теңир куткарды.

    3:12 Деги эле, Машайак Ыйса жолунда такыбаа жашагысы келгендердин бардыгы куугунтукка алынат.

    3:13 Кара ниет жана алдамчы адамдар болсо башкаларды азгырып, өздөрү да азгырылып, мурункудан да көбүрөөк жамандыкка барышат.

    Ыйык Жазуунун маанилүүлүгү

    3:14 Сен болсо эмнени эйрөнсөң, сага эмне ишенип тапшырылса, ошону сактагын, анткени кимден эйрөнгөнүңдү билесиң.

    3:15 Анын үстүнө, Машайак Ыйсага болгон ишеним аркылуу куткарылууга боло тургандыгын түшүндүрүүчү Ыйык Жазууну сен бала чагыңдан эле билесиң.

    3:16 Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана эйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу.

    3:17 Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск