Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Тимофею 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Ыйса үчүн азап чегүү

    2:1 Ошентип, уулум, Машайак Ыйсадагы ырайым аркылуу күч алгын.

    2:2 Көп күбөлөрдүн көзүнчө менден укканыңды башкаларды да эйрөтө ала турган, ишенимдүү адамдарга айт.

    2:3 Ыйса Машайактын жакшы жоокериндей болуп кыйынчылыктарга чыда.

    2:4 үч бир жоокер өзүнүн аскер башчысына жагуу үчүн, тиричилик иштерине байланбайт.

    2:5 Мелдешке чыккан адам мелдештин эрежелерин бузса, таажы албайт.

    2:6 үмгектенген дыйкан алган түшүмүнөн өзү биринчи ооз тийиши керек.

    2:7 Менин айткандарым жөнүндө ойлон, Теңир болсо сага бардыгын түшүнүүгө жардам берет.

    2:8 Дөөттүн тукумунан чыккан, өлүп кайра тирилген Ыйса Машайакты ар дайым эсиңде сакта. Мен тараткан Жакшы Кабарда Ал жөнүндө ушундай айтылат.

    2:9 Мен ошол Жакшы Кабар үчүн азап тартып жатам, атүгүл, кылмышкер сыяктуу кишенделдим, бирок Кудайдын сөзү кишенделбейт.

    2:10 Ошондуктан мен тандалгандар үчүн, алар да Машайак Ыйса аркылуу куткарылышсын деп, бардыгына чыдап жатам. Бул куткарылуу түбөлүк даңк менен коштолот.

    2:11 Бул сөздөр чындык: эгерде биз Аны менен кошо өлгөн болсок, анда Аны менен кошо тирилебиз;

    2:12 үгерде чыдасак, анда Аны менен бирге падышачылык кылабыз; эгерде Андан баш тартсак, Ал да бизден баш тартат;

    2:13 үгерде биз ишенимсиз болсок, Ал ишенимдүү бойдон кала берет, анткени Ал өзүнө өзү каршы чыга албайт.

    Кудайдын ишенимдүү кызматчысы

    2:14 Ушуну бардыгынын эсине сал. Теңирдин алдында эскерт: сөз үчүн талашып-тартышышпасын. Анткени сөз үчүн талашып-тартышуу үч кандай пайда алып келбейт, тескерисинче, угуп тургандардын башын маң кылат.

    2:15 Кудайдын алдында сыноодон өткөн, уятка калбаган, чындык сөзүн туура жеткирген кызматчы болууга аракеттенгин.

    2:16 Пайдасыз, куру сөздөрдөн кач, анткени куру сөз менен алек болгондор адилетсиздик жолунда илгерилешет.

    2:17 Алардын сөзү денеге тараган рак оорусу сыяктуу тарайт. Именей менен Пилет ошондойлордон.

    2:18 Алар кайра тирилүү болуп өттү деп, чындыктан четтеп кетишти жана күү бирөөлөрдү ишенимден тайытып жатышат.

    2:19 Бирок Кудайдын бекем негизи бек турат, анын төмөнкүдөй мөөрү бар: «Теңир өзүнө тиешелүүлөрдү билет» жана «Теңирдин ысымын оозуна алган ар бир адам адилетсиздиктен четтесин».

    2:20 Бир чоң эйдө алтын жана күмүш идиштер гана эмес, жыгачтан жана чоподон жасалган идиштер да бар. Бирөөлөрү сыйга урунулат, бирөөлөрү күндө урунулат.

    2:21 Ошондуктан ким өзүн ушулардан тазаласа, ал сыйга урунула турган, ыйыкталган, Кожоюндун керегине жарай турган жана бардык жакшы иштерге даярдалган идиш болот.

    2:22 Жаштыктын кумарларынан кач, Теңирди чын жүрөктөн чакыруучулар менен бирге адилеттикти, ишенимди, сүйүүнү жана тынчтыкты сактоого умтул.

    2:23 Акылсыз, маанисиз талаш-тартыштардан кач, себеби алар уруш-талашты туудурарын билесиң.

    2:24 Теңирдин кулуна урушуп-талашууга болбойт, тескерисинче, ал бардыгына кичи пейилдик менен мамиле кылуусу, эйрөтүүгө жөндөмдүү жана сабырдуу болуусу зарыл.

    2:25 Каршы чыккандарга момундук менен насаат айтышы керек. Чындыкты таанып билиши үчүн, Кудай аларды тобо кылдырар,

    2:26 алар өзүнүн эркине баш ийдирүү үчүн туткундап алган шайтандын торунан бошонушар.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск