Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Тимофею 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    үлчинин саламдашуусу

    1:1 Машайак Ыйса аркылуу бериле турган өмүр жөнүндөгү убаданын негизинде, Кудайдын эрки менен Машайак Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан

    1:2 сүйүктүү уулум Тиметейге салам! Кудай Атабыз жана Теңирибиз Машайак Ыйса сага ырайымын төгүп, боорукердигин көрсөтүп, тынчтыгын бере берсин!

    1:3 Ата-бабаларым сыяктуу эле, өзүм да таза абийир менен кызмат кылып жаткан Кудайга ыраазычылык билдирем. Күнү-түнү сыйынганымда, ар дайым сени үстейм.

    1:4 Сени ушунчалык көргүм келет, көрсөм, кубанычым артар эле. Коштошкондогу көз жашың эсимде.

    1:5 Сенин чыныгы ишенимиңди эсиме түшүрөм, мындай ишеним адегенде сенин таенең Лойис менен апаң Ойникеде бар эле, сенде да бар деп ишенем.

    Жакшы Кабар таратуу ишинде ишенимдүү болуу

    1:6 Ошондуктан сага эскерте кетейин: менин кол коюп сыйынуум аркылуу Кудайдан берилген жөндөмдүүлүгүңдү жалындат.

    1:7 Анткени Кудай бизге коркунучту эмес, күчтү, сүйүүнү жана өзүн өзү башкара билүүнү берүүчү Рухту берген.

    1:8 Ошондуктан сен Теңирибиз Ыйса Машайакты күбөлөндүрүүдөн жана Ал үчүн туткунга алынган менден уялбагын. Тескерисинче, Жакшы Кабар үчүн башыңа түшкөн кыйынчылыктарга Кудайдын күчү менен чыда.

    1:9 Ал бизди иштерибиздин негизинде эмес, өзүнүн каалоосунун жана ырайымынын негизинде куткарды, ыйык чакыруусу менен чакырып алды. Бул ырайым бизге кылым менен белгиленген убакыт баштала электен мурун Машайак Ыйса аркылуу көрсөтүлгөн.

    1:10 Бирок бул ырайым азыр Куткаруучубуз Ыйса Машайактын келүүсү аркылуу ачыкка чыкты. Ал өлүмдү жеңип, Жакшы Кабар аркылуу өмүрдү жана өлбөстүктү жарыкка алып чыкты.

    1:11 Мен ошол Жакшы Кабардын таратылышы үчүн насаатчы, элчи жана бутпарастардын окутуучусу болуп дайындалгам.

    1:12 Ошол себептен мен ушундай азап тартып жатам, бирок уялган жокмун. Анткени мен Кимге ишенип калганымды билем жана Ал өзүнүн мага ишенип тапшырганын ошол Күнгө чейин сактарына ишенем.

    1:13 Менден уккандарыңды туура сөздүн элгүсү катары ишеним жана Машайак Ыйсадагы сүйүү менен сакта.

    1:14 Сага ишенип тапшырылганды ичибизде жашаган Ыйык Рухтун жардамы менен сакта.

    1:15 Асиялыктардын баары мени таштап кетишкенин сен билесиң. Алардын арасында Пигел менен эрмоген да бар.

    1:16 Теңир Онесепордун эй-бүлөсүнө ырайым кылсын, анткени ал мени көп жолу сооротту, менин кишенимден уялган жок.

    1:17 Римде жүргөндө, ал бүт аракетин жумшап, мени издеп тапты.

    1:18 Теңир ага ошол Күнү Теңирден ырайым таптырсын. Анын эфесте кандай кызмат кылганын сен жакшы билесиң.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск