Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Тимофею 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Кулдар жана кожоюндар жөнүндө

    6:1 Кудайдын ысымына жана окутуусуна карата жаман сөз айтылбашы үчүн, кул сыяктуу моюнтурук астында жүргөндөрдүн бардыгы өз кожоюндарын урматталууга татыктуу деп эсептешсин.

    6:2 Кожоюндары Ыйсага ишенгендер болсо, кулдары аларды бир туугандар деп тоотпой коюшпасын, тескерисинче, аларга тырышчаактык менен кызмат кылышсын, анткени жакшылык кылып жаткан кожоюндар – Теңирдин сүйүктүүлөрү. Ушуну айтып эйрөт.

    Жалган окутуу жана акчага кызыгуу жөнүндө

    6:3 Ким башка нерсени окутса жана туура сөздөрдү – биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын сөздөрүн сактабаса, такыбаалык жөнүндөгү окутууну жолдобосо,

    6:4 анда ал текебер, үч нерсе билбейт, ал талашып-тартышуу, курулай айтышуу оорусуна чалдыккан. Бул нерселерден көрө албастык, чыр-чатактар, жамандоолор, жөнү жок шектенүүлөр, курулай талаш-тартыштар келип чыгат.

    6:5 Мындай талаш-тартыштар акылынан айныган, чындыктан алыстап кеткен, такыбаалыкты байлыкка жетүүнүн жолу деп ойлогон адамдардын ортосунда болот. Ошондойлордон алыс бол.

    6:6 Такыбаа болуу жана ыраазы болуу – улуу байлык.

    6:7 Себеби биз бул дүйнөгө үч нерсе алып келген жокпуз, үч нерсе алып кетпестигибиз да белгилүү.

    6:8 Кийгенге кийимибиз, ичкенге тамагыбыз болсо, ошого ыраазы бололу.

    6:9 Ал эми баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт; кырсыкка жана өлүмгө дуушар кыла турган, көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат.

    6:10 Анткени бүт жамандыктын тамыры – акча жандуулук. Акчага кызыгып, күү бирөөлөр ишенимден четтеп, өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышты.

    Пабылдын Тиметейге берген кеңеши

    6:11 Ал эми сен, Кудайдын адамы, ушунун бардыгынан кач, тескерисинче, ишенимиңди, сүйүэңдү өстүрүүгө, адилет, такыбаа, чыдамкай, момун болууга умтул.

    6:12 Ишеним үчүн болгон жакшы күрөштө тырышчаактык менен күрөш, түбөлүк өмүрдү бек тут, анткени сен ошого чакырылгансың жана көп күбөлөрдүн алдында жакшы ырастоону ачык күбөлөндүргөнсүң.

    6:13 Бардыгына өмүр берүүчү Кудайдын алдында жана Понтий Пилаттын алдында жакшы ырастоону ачык күбөлөндүргөн Машайак Ыйсанын алдында мен сага буйрук кыламын:

    6:14 Осуятты Теңирибиз Ыйса Машайак келгенге чейин, туура, так аткар.

    6:15 Бул нерсени мактоого татыктуу, бирден-бир кубаттуу, падышалардын Падышасы, эгедерлердин эгедери өзү белгилеп койгон убакта ишке ашырат.

    6:16 Ал – бирден-бир өлбөс, адам жетпей турган жарыкта жашаган Кудай. Аны үч бир адам көргөн эмес, көрө да албайт. Түбөлүк урмат-сый жана бийлик Ага таандык! Оомийин.

    Байлар жөнүндө

    6:17 Бул дүйнөдөгү байларга мындай деп насаат айт: алар өздөрү жөнүндө жогору ойлошпосун жана өздөрүнүн ишенүүгө болбой турган байлыгына таянышпасын, тескерисинче, биздин жыргалчылыгыбыз үчүн бардыгын мол берүүчү тирүү Кудайга таянышсын.

    6:18 Алар жакшылык кылышсын, жакшы иштерге байышсын, берешен болуп, башкалар менен бөлүшө билишсин.

    6:19 Ошондо алар түбөлүк өмүргө эү болуу үчүн, өздөрүнө келечек үчүн жакшы негиз боло турган кенч жыйнаган болушат.

    Акыркы эскертүү

    6:20 Тиметей! өзүңө ишенип тапшырылганды сакта, пайдасы жок куру сөздөрдөн жана жалган илимдин талаш-тартыштарынан кач.

    6:21 Күү бирөөлөр ошол илимге берилип, ишенимден четтеп кетишти. Кудай сага ырайымын төгө берсин! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск