Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Осия 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    7:1 Мен Ысрайылды дарылап жатканда, эпрайымдын күнөөсү, Самариянын жаман иштери ачыкка чыкты. Анткени алар жалган иштерге барып жатышат. Єйлөргө уурулар кирип жатышат, көчөлөрдө каракчылар талап-тоноп жатышат.

    7:2 Алардын жаман иштеринин баары Менин эсимде экенин алар ойлошпойт. Азыр алар өздөрүнүн иштеринин курчоосунда калышты. Алар Менин көз алдымда.

    Ысрайылдын ишенимсиздиги

    7:3 Алар өздөрүнүн жаман иштери менен падышаны, жалганчылыктары менен төрөлөрдү кубандырып жатышат.

    7:4 Алар өздөрүнүн бузуктугу менен, жууруган камыры ачыганда от жакканды токтотуп койгон наабайчынын алоолонгон мешиндей болуп жалындап күйүп жатышат.

    7:5 Биздин падышабыздын күнүндө төрөлөр шарапты мас болгончо ичип, ооруп калышты. Ал болсо шылдыңчылдарга колун сунду.

    7:6 Алар буктурмада отуруп алышып, жүрөктөрүн меш сыяктуу даярдап жатышат: алардын наабайчысы түнү бою уктап жатат, ал эми эртең менен меш жалындаган оттой болуп күйөт.

    7:7 Алардын бардыгы мештеги оттой жалындап күйүп, өздөрүнүн башкаруучуларын жалмап жатышат. Алардын падышаларынын бардыгы кулап жатышат, алардын арасында Мени чакырган үч ким жок.

    7:8 үпрайым элдер менен аралашып калды, эпрайым оодарылбаган нанга окшоп калды.

    7:9 Анын күч-кубатын башкалар жалмап жатышты, бирок ал байкаган жок. Анын чачын ак басты, бирок ал билген жок.

    7:10 Ысрайылдын текебердиги өзүнө каршы күбөлөндүрүп жатат, ошонун бардыгына карабастан, алар өздөрүнүн Кудай-Теңирине кайрылышкан жок, Аны издешкен жок.

    7:11 үпрайым эси жок, акылсыз көгүчкөнгө окшоп калды: мисирликтерди чакырып жатышат, Ашурга бара жатышат.

    7:12 Алар бара жатышканда, Мен алардын үстүнө өзүмдүн торумду ыргытам. Аларды асман канаттууларына окшотуп жерге кулатып түшүрөм. Аларды өздөрүнүн жамаатына айтылгандай жазалайм.

    7:13 Кайгы аларга! Анткени алар Менден алыстап кетишти. Алаамат аларга! Анткени алар Мага каршы чыгышты. Мен аларды куткарып турдум, алар болсо Мага каршы жалган сүйлөп жатышты.

    7:14 Алар өз төшөгүндө онтоп жатышканда, Мени чын жүрөктөн чакырышкан жок. Алар нан менен шарап үчүн чогулушат, Менден болсо алысташат.

    7:15 Мен аларды акылга салып турдум, алардын билегин чыңдап турдум, бирок алар Мага каршы жамандык ойлоп жатышты.

    7:16 Алар кайрылышты, бирок Бардыгынан Жогору Турганга эмес. Алар алдамчы жаадай болуп калышты. Алардын төрөлөрү өздөрүнүн тилинин заардыгынан кылычтан кулап жатышат. Мисир жеринде алардын үстүнөн болгон шылдың ушул.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск