Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Дөөттүн Кеила шаарын сактап калышы

    23:1 Дөөткө: «Пелиштиликтер Кеилага кол салып, кырмандарды талап жатышат», – деп билдиришти.

    23:2 Ошондо Дөөт Теңирге кайрылып: «Барайынбы, бул пелиштиликтерди талкалай аламбы?» – деп сурады. Теңир Дөөткө: «Бар, сен пелиштиликтерди талкалайсың, Кеиланы куткарасың», – деп жооп берди.

    23:3 Бирок Дөөттүн жанындагылар ага: «Жүйүт аймагында эле коркуп турабыз, анан кантип Кеилага, пелиштиликтердин аскерине каршы барабыз?» – дешти.

    23:4 Ошондо Дөөт Теңирден кайра сурады. Теңир ага: «Тур, Кеилага бар, анткени Мен пелиштиликтерди сенин колуңа салып берем», – деп жооп берди.

    23:5 Дөөт өз кишилери менен Кеилага жөнөдү. Пелиштиликтер менен согушуп, алардын малын айдап кетти, аларга чоң бүлгүн салды. Ошентип, Дөөт Кеиланын тургундарын куткарды.

    23:6 Акимелектин уулу Абыйатар Дөөткө келип, аны менен Кеилага барганда, эфодду да ала барган.

    23:7 Дөөттүн Кеилага келгенин Шабулга билдиришти. Ошондо Шабул: «Аны Кудай менин колума салып берди, анткени ал дарбазалуу, кулпулуу шаарга кирип, өзүн өзү бекитти», – деди.

    23:8 Кеилага барып, Дөөттү жана анын кишилерин курчоо үчүн, Шабул бүткүл элди согушка чакырды.

    23:9 Дөөт Шабулдун жамандык ойлогонун билгенде, ыйык кызмат кылуучу Абыйатарга: «үфодду алып кел», – деди.

    23:10 Анан Дөөт Теңирге мындай деп кайрылды: «Теңир, Ысрайылдын Кудайы! Шабул Кеилага келип, мен үчүн шаарды талкаларын кулуң укту.

    23:11 Кеиланын тургундары мени анын колуна салып береби? Сенин кулуң уккандай, Шабул бул жакка келеби? Ысрайылдын Кудай-Теңири! өз кулуңа ачып бер». Теңир: «Келет», – деп жооп берди.

    23:12 Дөөт: «Кеиланын тургундары мени жана менин кишилеримди Шабулдун колуна салып беришеби?» – деп сурады. Теңир: «Салып беришет», – деп жооп берди.

    23:13 Ошондо Дөөт өзүнүн алты жүзгө жакын кишиси менен Кеиладан чыгып, бир жерден бир жерге көчүп жүрдү. Дөөт Кеиладан качып кетти деп, Шабулга билдиришкенде, ал жүрүшүн токтотту.

    Дөөт Зуп чөлүндө

    23:14 Дөөт болсо адам жүрбөгөн эүн талаада, андан соң Зуп эүн талаасындагы тоодо жүрдү. Шабул аны күн сайын издеди, бирок Кудай Дөөттү анын колуна салып берген жок.

    23:15 Шабулдун өлтүргөнү чыкканын Дөөт билди. Дөөт болсо Зуп эүн талаасындагы токойдо болчу.

    23:16 Шабулдун уулу Жонатан Дөөткө, токойго келип, анын Кудайга болгон ишенимин бекемдеди.

    23:17 Жонатан ага: «Коркпо, атам Шабул сага үч нерсе кыла албайт, сен Ысрайылга падыша болосуң, а мен сенден кийинки экинчи адам болом, муну атам Шабул билет», – деди.

    23:18 Алар Теңир алдында келишим түзүштү. Дөөт токойдо калды, Жонатан болсо үйүнө кетти.

    23:19 Зуптуктар Гибага, Шабулга келип, мындай дешти: «Дөөт биздин жерде, Жешимондун оң жагындагы Хахил дөңсөөсүндө, токойдун киши бара алгыс жеринде жашырынып жүрөт.

    23:20 үми падышам, кааласаң, ошол жакка бар. Ал эми аны падышанын колуна салып берүү – биздин иш».

    23:21 Шабул аларга: «Мага боор ооруганыңар үчүн, силерге Теңир батасын берсин.

    23:22 Баргыла да, кайрадан карап көргүлө, анын кайсы жерде экенин чалгындап билгиле, аны ал жерден ким көргөнүн сураштыргыла, анткени мага анын аябай амалдуу экенин айтып жатышат.

    23:23 Карап чыккыла, ал жашынган бардык жерлерди чалгындап билип, мага ишенимдүү кабар менен кайтып келгиле, ошондо мен силер менен барам. эгер ал ушул жерде болсо, мен аны миңдеген жүйүттөрдүн арасынан болсо да издеп табам», – деди.

    23:24 Алар туруп, Шабулдан мурун Зупка кетишти. Дөөт болсо өз кишилери менен Жешимондун оң тарабындагы түздүктө, Маон чөлүндө эле.

    23:25 Шабул өз кишилери менен аны издеп чыкты. Бирок бул жөнүндө Дөөткө билдиришкенде, ал Маон чөлүндөгү аскага жашынды. Шабул муну укканда, Дөөттүн артынан Маон чөлүнө жөнөдү.

    23:26 Шабул тоонун бир жак бети менен келе жатты, Дөөт болсо өз кишилери менен тоонун берки бетинде келе жатты. Дөөт Шабулдан качууга шашылып жатты, Шабул болсо өз кишилери менен Дөөттү жана анын кишилерин курчап алып колго түшүрүү үчүн келе жатты.

    23:27 Ошол учурда Шабулга кабарчы келип: «Шашылыш кайт, анткени биздин жерге пелиштиликтер кол салышты», – деди.

    23:28 Шабул Дөөттү кууганын токтотуп, артка кайтты. Ал пелиштиликтерди көздөй бет алды. Ошондон тартып бул жер Села-Амахлекот деп аталып калды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск