Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Теңирдин келишим сандыгынын алынып келиниши

    6:1 Теңирдин келишим сандыгы Пелишти жеринде жети ай болду.

    6:2 Пелиштиликтер буткана кызматчылары менен сыйкырчыларды чакырып, мындай дешти: «Теңирдин келишим сандыгын эмне кылалы? Аны өз ордуна кантип жөнөтүү керектигин бизге айткыла».

    6:3 Тигилер: «үгер Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгын кайра жөнөткүңөр келсе, аны куру жөнөтпөгүлө. Ага айып үчүн чалынуучу курмандыкты чалгыла, ошондо айыгасыңар жана Анын колу эмне себептен силердин үстүңөрдөн алынбаганын билесиңер», – дешти.

    6:4 Анан алар дагы мындай дешти: «Биз айып үчүн чалынуучу курмандыкка Ага эмне чалышыбыз керек?» Тигилер мындай дешти: «Пелиштилик төрөлөрдүн санына жараша беш алтын ириңдүү шишик жана беш алтын чычкан чалгыла, анткени силердин төрөлөрүңөр да, силер да бир жаза алдыңар.

    6:5 Ошондуктан силер жерди кыйратуучу алтын ириңдүү шишиктер менен алтын чычкандардын балбалдарын жасап, Ысрайылдын Кудайын даңктагыла. Балким, Ал силердин үстүңөрдөгү, кудайыңардын үстүндөгү, жериңердин үстүндөгү өзүнүн колун жеңилдетер.

    6:6 Мисирликтер менен фараон жүрөктөрүн өжөрлөнтүшкөндөй, силер да эмнеге жүрөгүңөрдү өжөрлөнтүп жатасыңар? Теңир мисирликтерге өз күчүн көргөзгөндө, алар ысрайылдыктарды коё беришкен, алар кетишкен.

    6:7 Ошондуктан бир жаңы араба жасагыла, моюнтурук салынбаган, эки саан уй алып, аларды арабага чеккиле. Музоолорун бөлүп алып, эйгө алып кеткиле.

    6:8 Теңирдин келишим сандыгын арабага салгыла. Ал эми айып үчүн чалынуучу курмандыкка алып келген алтын буюмдарыңарды экөккө салып, анын капталына койгула да, коё бергиле, кете берсин.

    6:9 Анан карап тургула, эгер ал өз жерине, Бейт-Шемешке барса, анда ушул чоң жамандыкты биздин башыбызга Ал түшүргөн болот. эгер андай болбосо, анда бизди кыйраткан Анын колу эмес, бул жамандык биздин башыбызга кокусунан түшкөн болот».

    6:10 Анан алар мындай кылышты: эки саан уй алып, арабага чегишти, музоолорун эйгө калтырышты.

    6:11 Теңирдин келишим сандыгын жана алтын чычкандар менен алтын ириңдүү шишиктердин балбалдары салынган экөктү арабага салышты.

    6:12 Ошондо уйлар түз эле Бейт-Шемешти көздөй кеткен жолго түшүштү. Мөөрөгөн боюнча оңго да, солго да бурулбай, бир жол менен кетишти. Пелиштинин төрөлөрү Бейт-Шемештин чегине чейин алардын артынан эүрчип барышты.

    6:13 Ошол кезде өрөөндө буудай оруп жаткан Бейт-Шемештин тургундары Теңирдин келишим сандыгын көрүп, көргөндөрүнө сүйүнүштү.

    6:14 Араба бейт-шемештик Жошуянын талаасына келип, ошол жерге токтоп калды. Ал жерде чоң таш бар эле. Алар арабаны жарып, отун кылышты да, уйларды Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалышты.

    6:15 Лебилер Теңирдин келишим сандыгын жана анын жанындагы алтын буюмдар салынган экөктү алып, жанагы чоң таштын үстүнө коюшту. Ошол күнү Бейт-Шемештин тургундары Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды алып келип, курмандыктарды чалышты.

    6:16 Пелиштилик беш төрө муну көрдү да, ошол күнү экронго кайтып келди.

    6:17 Пелиштиликтердин айып үчүн чалынуучу курмандыкка алып келген алтын ириңдүү шишиктеринин бири Азот үчүн, бири Аза үчүн, бири Гат үчүн, бири Ашкелон үчүн, бири экрон үчүн эле.

    6:18 Ал эми алтын чычкандардын саны Пелиштинин бардык шаарларынын – беш төрөнүн, бекемделген шаарлардан ачык жаткан айылдарга чейин, Теңирдин келишим сандыгы коюлган чоң ташка чейинки шаарлар менен кыштактардын санына жараша болгон. Ал таш ушул күнгө чейин бейт-шемештик Жошуянын талаасында турат.

    6:19 Кудай Бейт-Шемештин тургундарын Теңирдин келишим сандыгынын ичин караганы үчүн өлтүрдү. Ошондо элүү миң жетимиш киши өлтүрдү. эл боздоп жиберди, анткени Теңир элге чоң кыргын салган эле.

    Теңирдин келишим сандыгы Кырыйат-Жарымда

    6:20 Ошондо Бейт-Шемештин тургундары мындай дешти: «Теңирдин – бул ыйык Кудайдын алдында ким тура алат? Ал бизден кимге барат?»

    6:21 Анан алар Кырыйат-Жарымдын тургундарына элчилерди жиберип, мындай деп айттырышты: «Пелиштиликтер Теңирдин келишим сандыгын кайра кайтарып беришти. Келип, аны өзүңөргө алып кеткиле».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск