Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Теңирдин келишим сандыгынын пелиштиликтерге Теңирдин каргышын алып келиши

    5:1 Пелиштиликтер болсо Теңирдин келишим сандыгын тартып алышты да, эбен-Айзерден Азотко алып келишти.

    5:2 Пелиштиликтер Теңирдин келишим сандыгын алып, Дагондун бутканасына киргизип, Дагондун жанына коюшту.

    5:3 Азоттуктар эртеси эртең менен турушса, Теңирдин келишим сандыгынын алдында Дагон бети менен жатыптыр. Алар Дагонду алып, өз ордуна коюшту.

    5:4 Алар кийинки күнү таң заардан турушса, Теңирдин келишим сандыгынын алдында Дагон дагы бети менен жатыптыр. Дагондун башы менен эки колу кесилип, босогодо жатыптыр, тулку бою гана калыптыр.

    5:5 Ошондон тартып Дагондун буткана кызматчылары менен Азоттогу Дагондун бутканасына келген элдин баары ушул күнгө чейин анын босогосун атташпайт.

    5:6 Азоттуктардын үстүндөгү Теңирдин колу оорлоду, Теңир аларды кыйратты. Азотту жана анын айланасын ириңдүү шишик оорусу менен жазалады.

    5:7 Азоттуктар муну көрүп, мындай дешти: «Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгы бизде калбасын, анткени Анын колу биздин жана биздин кудайыбыз Дагондун үстүндө оор болду».

    5:8 Анан алар пелиштиликтердин бардык төрөлөрүнө киши жиберип, баарын чогултуп, мындай дешти: «Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгын эмне кылалы?» Тигилер: «Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгын Гатка алып баргыла», – дешти. Ошентип, алар Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгын Гат шаарына жөнөтүштү.

    5:9 Аны Гатка алып келишкенден кийин, Теңирдин колу ал шаардын үстүндө болду. эл дүрбөлөңгө түштү, Теңир шаардын тургундарын кичинесинен чоңуна чейин кырды, аларда ириңдүү шишик оорусу пайда болду.

    5:10 Ошондо алар Кудайдын келишим сандыгын Ашкелонго жиберишти. Ашкелонго Теңирдин келишим сандыгы келгенде, ашкелондуктар мындай деп боздоп жиберишти: «Бизди жана элибизди өлтүрүш үчүн, Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгын алып келишти!»

    5:11 Анан алар Пелиштинин бардык төрөлөрүнө киши жиберип, баарын чогултуп, мындай дешти: «Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгын кайра жөнөткүлө, ал бизди жана биздин элибизди өлтүрбөш үчүн, өз ордуна кайтсын». Анткени бардык шаарды өлүм коркунучу басты, алардын үстүндөгү Теңирдин колу өтө оорлоду.

    5:12 өлбөй калгандар ириңдүү шишик оорусуна чалдыгышты, шаардын өкүрүгү асманга чейин көтөрүлүп жатты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск