Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Пелиштиликтердин Кудайдын келишим сандыгын тартып алышы

    4:1 Шемуел бүт Ысрайылга сөз сүйлөдү. Ысрайылдыктар пелиштиликтерге каршы согушка чыгышып, кошуундары менен эбен-Айзерге жайгашышты, пелиштиликтер болсо Апейикке жайланышышты.

    4:2 Пелиштиликтер Ысрайылга каршы катарга тизилишти, катуу салгылаш болду. Пелиштиликтер ысрайылдыктарды кыйратышты, согуш талаасында алардын төрт миңге жакын адамын өлтүрүштү.

    4:3 Анан эл кошуунга келди. Ысрайыл аксакалдары: «Бүгүн Теңир бизди пелиштиликтердин алдында эмне үчүн талкалады? Шилодон Теңирдин келишим сандыгын алалы, ал биздин арабызда болсун, ошондо ал бизди душмандарыбыздын колунан сактайт», – дешти.

    4:4 Ошентип, эл Шилого кишилерди жиберди. Алар ал жерден керуптардын үстүндө отурган Себайот Теңирдин келишим сандыгын алып келишти. Ал эми Кудайдын келишим сандыгынын жанында үйлинин эки уулу Копни менен Пинехас да бар эле.

    4:5 Теңирдин келишим сандыгы кошуунга келгенде, бүт Ысрайыл катуу кыйкырып жиберди, жер дүңгүрөп кетти.

    4:6 Пелиштиликтер катуу кыйкырыкты укканда: «үврейлердин кошуунунан эмне үчүн мындай катуу кыйкырык чыгып жатат?» – дешти. Анан алар кошуунга Теңирдин келишим сандыгы келгенин билишти.

    4:7 Ошондо пелиштиликтер коркуп: «Алардын кошуунуна Кудай келди», – дешти. Дагы мындай дешти: «Бизге кайгы! Анткени мындай нерсе мурун болгон эмес.

    4:8 Кайгы бизге! Бул кудуреттүү Кудайдын колунан бизди ким куткара алат? Чөлдө мисирликтерди ар кандай жазалар менен кырган Кудай ушул.

    4:9 Пелиштиликтер, эврейлер силерге кул болгондой, силер да аларга кул болбошуңар үчүн, белиңерди бек бууп, кайраттуу болгула. Кайраттуу болгула, алар менен салгылашкыла!»

    4:10 Пелиштиликтер салгылашышты, ысрайылдыктар жеңилип, ар кимиси өз чатырына качты. Зор кыйроо болду. Ысрайылдын отуз миң жөө адамы кырылды.

    4:11 Кудайдын келишим сандыгын тартып алышты. үйлинин эки уулу Копни менен Пинехас өлдү.

    үйлинин көз жумушу

    4:12 Бенжеминдик бир киши согуш майданынан качып, ошол эле күнү Шилого келди. Анын сырткы кийими айрылган, башы топурак эле.

    4:13 Ал келгенде, үйли дарбазанын жанында, жол боюндагы отургучта отурган, анткени Кудайдын келишим сандыгы үчүн ал кабатыр болуп жаткан. Ал киши келип, шаарга жарыя кылганда, бүт шаар боздоп жиберди.

    4:14 үйли боздогон эндү угуп: «Бул эмне деген ызы-чуу?» – деди. Ошол маалда тиги киши келип, үйлиге жарыя кылды.

    4:15 Ошол учурда үйли токсон сегиз жашта эле. Анын көздөрү тунарып көрбөй калган.

    4:16 Тиги киши үйлиге мындай деп айтты: «Мен согуш талаасынан келдим, майдандан бүгүн качып келдим». үйли андан: «үмне болду, уулум?» – деп сурады.

    4:17 Кабарчы мындай деп жооп берди: «Ысрайыл пелиштиликтерден качты, эл зор кыйроого учурады, эки уулуң тең – Копни да, Пинехас да өлдү, Кудайдын келишим сандыгын тартып алышты».

    4:18 Ал Кудайдын келишим сандыгы жөнүндө айтканда, үйли дарбазанын алдындагы отургучта отурган жеринен чалкасынан кетип, кыр аркасы сынып өлдү, анткени ал карып калган эле, салмактуу да болчу. Ал кырк жыл Ысрайылдын башкаруучусу болду.

    Пинехастын аялынын өлүшү

    4:19 Келини, Пинехастын аялы, кош бойлуу болчу, төрөтү жакындап калган эле. Ал Кудайдын келишим сандыгын тартып алышканын, кайын атасы менен күйөөсүнүн өлгөнүн укканда, тизелеп жыгылып, төрөп салды, анткени күтүлбөгөн жерден толгоосу келип калган эле.

    4:20 Ал өлүп бара жатканда, жанында турган аялдар ага мындай дешти: «Коркпо, уул төрөдүң». Бирок ал жооп берген жок, буга көңүл да бөлгөн жок.

    4:21 Теңирдин келишим сандыгы тартылып алынгандыктан, кайын атасы менен күйөөсү өлгөндүктөн, «Ысрайылдан атак-даңк кетти», – деп, ал балага Ихабот деген ат койду.

    4:22 Аял мындай деп айтты: «Ысрайылдан атак-даңк кетти, анткени Кудайдын келишим сандыгы тартылып алынды».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск