Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Шемуел – ыйык кызмат кылуучу жана пайгамбар

    3:1 өспүрүм Шемуел үйлинин жанында Теңирге кызмат кылып жүрдү. Ал күндөрү Теңир сөзү сейрек болду, көрүнүштөр да көп болгон жок.

    3:2 Ошол күндөрү үйли өз ордунда жатканда, мындай окуя болду. Анын көздөрү тунарып көрбөй калган эле.

    3:3 Кудайдын чырактаны өчө элек эле, Шемуел Теңирдин ийбадатканасында, Кудайдын келишим сандыгы турган жерде жаткан.

    3:4 Теңир Шемуелди чакырды. Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди.

    3:5 Анан үйлиге чуркап барып: «Мына мен! Сен мени чакырдың», – деди. Бирок ал: «Мен сени чакырган жокмун, кайра барып жат», – деди. Ал барып, кайра ордуна жатты.

    3:6 Бирок Теңир Шемуелди дагы чакырды. Ал ордунан туруп, үйлиге экинчи ирет келип: «Мына мен! Сен мени чакырдың», – деди. Бирок ал: «Уулум, мен сени чакырган жокмун, кайра барып жат», – деди.

    3:7 Шемуел Теңирдин үнүн тааный элек болчу, Теңирдин сөзү ага ачыла элек эле.

    3:8 Теңир Шемуелди үчүнчү жолу чакырды. Ал ордунан туруп, үйлиге келип, мындай деди: «Мына мен! Сен мени чакырдың». өспүрүмдү Теңир чакырганын үйли ошондо түшүндү.

    3:9 Ошондо үйли Шемуелге: «Кайра барып жат, сени чакырганда: “Сүйлө, Теңирим, кулуң угуп жатат”, – дегин», – деди. Шемуел өз ордуна барып жатты.

    3:10 Анан Теңир келип, турду да, мурдагыдай: «Шемуел, Шемуел!» – деп чакырды. Шемуел: «Сүйлө, Теңирим, кулуң угуп жатат», – деп жооп берди.

    3:11 Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «Мен Ысрайылда бир иш кылам, ал жөнүндө уккандын эки кулагы зыңылдап калат.

    3:12 Мен үйлинин тукуму жөнүндө айтканымдын баарын ошол күнү аткарам. Мен баштайм жана бүтүрөм.

    3:13 Мен ага: “Уулдарыңдын мыйзамсыз иштерди кылып жатканын көрүп туруп, аларды тыйбаганың үчүн – ушул күнөөң үчүн сенин тукумуңду түбөлүккө жазалайм”, – деп айткам.

    3:14 Ошондуктан үйлинин тукумуна ант бергем, үйлинин тукумунун күнөөсү курмандыктар менен да, нан курмандыктары менен да түбөлүккө жуулбайт».

    3:15 Шемуел эртең мененкиге чейин жатты, анан Теңир үйүнүн эшиктерин ачты. Шемуел бул көрүнүштү үйлиге айткандан коркту.

    3:16 Бирок үйли Шемуелди чакырып, мындай деди: «Шемуел, уулум!» Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди.

    3:17 үйли ага: «Теңир сага эмне деди? Менден жашырба. Сага айтылгандан бир нерсе жашырсаң, Кудай сени жазалайт, катуу жазалайт», – деди.

    3:18 Ошондо Шемуел ага бүт баарын айтып берди, үч нерсе жашырган жок. үйли ошондо мындай деди: «Ал – Теңир. Ал эмнени кааласа, ошону кылат».

    3:19 Шемуел өсүп жетилди, Теңир аны менен болду, ага айтылган бир да сөз аткарылбай калган жок.

    3:20 Дандан Бейер-Шебага чейинки бүт Ысрайыл эли Шемуелдин Теңирдин пайгамбары болууга татыктуу экенин билди.

    3:21 Теңир өзүн Шилодо сөзү аркылуу Шемуелге ачкандан кийин, Шилого келип турду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск