Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Ысрайылдын падышаны талап кылышы

    8:1 Шемуел карыганда, Ысрайылга өз уулдарын башкаруучу кылды.

    8:2 Улуу баласынын ысымы Жоел, экинчи баласынын ысымы Абия болчу. Алар Бейер-Шебада башкаруучу эле.

    8:3 Бирок уулдары анын жолу менен жүрүшкөн жок, дүнүйөкордук кылып пара алып, туура эмес бийлик жүргүзүштү.

    8:4 Ошондо Ысрайылдын бардык аксакалдары чогулуп, Рамага, Шемуелге келишти.

    8:5 Алар ага: «Сен карып калдың, уулдарың сенин жолуң менен жүрүшпөйт, ошондуктан башка элдердикиндей эле, биздин үстүбүзгө падыша кой, ал бизди башкарсын», – дешти.

    8:6 Алардын «Биздин үстүбүзгө падыша кой» деген сөзү Шемуелге жаккан жок. Шемуел Теңирге сыйынды.

    8:7 Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «үл сага эмне десе, ошонун бардыгын кыл, анткени алар сенден баш тартышкан жок, Мен падыша болбошум үчүн, Менден баш тартышты.

    8:8 Мен Мисирден алып чыккан күндөн ушул күнгө чейин алар Мени таштап, башка кудайларга кызмат кылышты. Сага да ушундай кылып жатышат.

    8:9 Аларды ук, бирок өздөрүнө бийлик жүргүзө турган падышанын укуктарын аларга айтып эскертип кой».

    8:10 Шемуел өзүнөн падыша сураган элге Теңирдин сөзүн толук айтып берди.

    8:11 Ал аларга мындай деди: «Силерге падышачылык кылчу падышанын укуктары мындай болот: ал уулдарыңарды алат да, өзүнүн майдан арабаларын айдатат, атчан жоокер кылат, алар арабалардын алдында чуркашат.

    8:12 Алардын арасынан миң башы, элүү башы коёт, өз жерлерине иштетет, эгинин ордурат, согуш куралдарын жана араба шаймандарын жасатат.

    8:13 Кыздарыңарды алып, жыпар жыттуу заттарды жасатат, тамак бышыртат, нан жаптырат.

    8:14 Силердин эң жакшы талааларыңарды жана зайтун бактарыңар менен жүзүмзарларыңарды алып, өз кулдарына берет.

    8:15 үгиниңердин, жүзүмүңөрдүн ондон бир бөлүгүн алып, эбнухтары менен кулдарына берет.

    8:16 Кулдарыңарды, күңдөрүңөрдү, бодо малыңарды, эшектериңерди, мыкты жаш жигиттериңерди алып, өзүнүн иштерине пайдаланат.

    8:17 Майда малыңардын ондон бир бөлүгүн алат. Ага өзүңөр да кул болосуңар.

    8:18 өзүңөр тандап алган падышаңардан запкы көрүп боздойсуңар, ошондо Теңир силерге жооп бербейт».

    8:19 Бирок эл Шемуелдин сөзүнө макул болбой, мындай деди: «Жок, бизге падыша бийлик кылсын.

    8:20 Ошондо биз башка элдердей болобуз: бизге падыша бийлик кылсын, биздин алдыбызда жүрсүн, согушту башкарсын».

    8:21 Шемуел элдин айткан сөзүнүнүн баарын угуп, аларды Теңирге айтып берди.

    8:22 Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «үлдин сөзүн ук, аларга падыша коюп бер». Шемуел ысрайылдыктарга: «Ар бириңер өз шаарыңарга баргыла», – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск