Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Жошапаттын падыша болушу

    17:1 Асанын ордуна уулу Жошапат падыша болду. Ал ысрайылдыктар менен согушууга күч топтоду.

    17:2 Ал Жүйүт аймагынын чыңдалган бардык шаарларына аскерлерин койду. Жүйүттүн бардык жерлерине, атасы Аса каратып алган эпрайымдын шаарларына күзөт аскерлерин койду.

    17:3 Теңир Жошапат менен болду, анткени ал өз атасы Дөөттүн алгачкы жолу менен жүрдү, Баалдарга табынган жок.

    17:4 Ал атасынын Кудайын издеп, Анын осуяты менен жүрдү, ал эми ысрайылдыктардын кылгандарын кылган жок.

    17:5 Теңир анын падышачылыгын бекемдеди. Жүйүттөрдүн бардыгы ага тартууларын берип турушту. Ал көп байлыкка, атак-даңкка эү болду.

    17:6 Ал Теңирдин жолунда кайраттанды. Ал бийик жерлердеги бутканаларды да, Жүйүт аймагындагы Ашейра мамыларын да алып таштады.

    17:7 Падышачылыгынын үчүнчү жылында ал өз төрөлөрү: Бен-Кайылды, Обадияны, Захарияны, Натанаелди, Михейди элди эйрөтүүлөрү үчүн, Жүйүттүн шаарларына жөнөттү.

    17:8 Аларга кошуп: Шемая, Нетания, Зебадия, Асаел, Шемирамот, Жонатан, Адония, Тобия, Тоб-Адония деген лебилерди жана элишама, Жорам деген ыйык кызмат кылуучуларды жөнөттү.

    17:9 Алар Теңирдин мыйзам китебин өздөрү менен кошо алып жүрүп, Жүйүт аймагынын бардык шаарларын кыдырып, элди окутуп жатышты.

    Жошапат падышанын күчү

    17:10 Ошондо Жүйүт аймагынын тегерегиндеги жерлердин бардык падышачылыктарына Теңирден коркунуч туулду. Ошондуктан алар Жошапат менен согушушкан жок.

    17:11 Пелиштиликтер болсо Жошапатка тартууларды жана салыкка күмүш алып келишти. Аравиялыктар да майда малдан: жети миң жети жүз кочкор, жети миң жети жүз теке айдап келишти.

    17:12 Жошапат күч алгандан күч алып, Жүйүт аймагына чептерди жана азык-түлүк сактоо үчүн шаарларды курду.

    17:13 Анын Жүйүт шаарларында сактап койгон азык-түлүгү өтө көп эле, ал эми Иерусалимде эр жүрөк аскер адамдары турду.

    17:14 Алардын өз уруулары боюнча тизмеси: Жүйүттүн миң башылары: аскер башчы Адна, анын үч жүз миң эң мыкты жоокери болгон;

    17:15 Андан кийин аскер башчы Жоханан, анын эки жүз сексен миң жоокери болгон;

    17:16 Андан кийин Теңирге берилген Зихринин уулу Аматсия, анын эң мыкты эки жүз миң жоокери болгон;

    17:17 Бенжеминден: мыкты жоокер элийада, анын калкан, жаа менен куралданган эки жүз миң жоокери болгон;

    17:18 Андан кийин Жейозабат турат, анын курал-жарактуу жүз сексен миң жоокери болгон;

    17:19 Жүйүт аймагынын бардык чыңдалган шаарларына падыша калтырган аскерлерден тышкары падышага кызмат кылган жоокерлер ушулар.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск