Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Аса менен Бенадаттын ортосундагы келишим

    16:1 Асанын падышачылыгынын отуз алтынчы жылында Ысрайыл падышасы Бааша Жүйүт аймагына каршы көтөрүлдү. Жүйүт падышасы Асага үч ким өтүп кетпесин деп, Бааша Раманы кура баштады.

    16:2 Аса Теңирдин үйү менен падыша үйүнүн казынасынан алтын-күмүштөрдү алып чыгып, Дамаскта жашаган Сирия падышасы Бенадатка жөнөтүп, мындай деп айттырды:

    16:3 «Менин атам менен сенин атаңдын ортосундагыдай, экөөбүздүн ортобузда да тынчтык келишими болсун. Мен сага алтын-күмүш жөнөттүм, Ысрайыл падышасы Бааша менен түзгөн келишимиңди буз, ал менин жанымдан артка чегинсин».

    16:4 Бенадат падыша Асанын тилин алып, өз аскер башчыларын Ысрайылдын шаарларына каршы жөнөттү. Алар Ийон, Дан, Абел-Майымды жана азык-түлүктөрүнүн баары сакталган Напталы шаарларын талкалашты.

    16:5 Бааша бул тууралуу укканда, Раманы курууну токтотту. Ошентип, ал өз ишин токтотту.

    16:6 Аса падыша жүйүттөрдүн баарын чогултуп, Баашанын курулуш үчүн колдонгон таштары менен жыгачтарын Рамадан ташып кетти да, алардан Гиба менен Миспаны курду.

    Ханани пайгамбардын Асаны жемелеши

    16:7 Ошол учурда көрөгөч Ханани Жүйүт падышасы Асага келип, ага мындай деди: «Сен өз Кудай-Теңириңе таянбай, Сирия падышасына таянгандыгың үчүн, Сирия падышасынын аскерлери колуңдан качып кутулуп кетти.

    16:8 үфиопиялыктар менен луптуктар сага караганда күчтүү эмес беле, алардын майдан арабалары менен атчан аскерлери сансыз көп эмес беле? Бирок сен Теңирге таянгандыктан, Теңир аларды сенин колуңа салып берген.

    16:9 Анткени Теңир өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат. Сен азыр акылсыз иш кылдың. Ошон үчүн мындан ары сага каршы согуш болуп турат».

    16:10 Аса көрөгөчкө ачууланып, аны зынданга камады. Ал ачуулангандыктан ушундай кылды. Ошол учурда Аса эл ичиндеги күү бир адамдарды да кысымга алды.

    Асанын оорушу жана көз жумушу

    16:11 Асанын алгачкы жана акыркы иштери Жүйүт менен Ысрайыл падышаларынын китебинде жазылган.

    16:12 Падышачылыгынын отуз тогузунчу жылында, Асанын буту ооруп, бутунун оорусу өйдөлөп отуруп, жогорку мүчөлөрүнө жетти. Бирок ал ооруп жатканда, Теңирди издебей, дарыгерлерге кайрылды.

    16:13 Ошентип, Аса көз жумуп, ата-бабаларына кошулду, ал падышачылыгынын кырк биринчи жылында көз жумду.

    16:14 Аны Дөөттүн шаарына, өзү салган мүрзөгө коюшту. Аны жыпар жыттуу заттар, ар кандай майлар коюлган орунга жаткырышты жана анын урматына сансыз көп заттарды күйгүзүштү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск