Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    5:1 Ошентип, Сулаймандын Теңир үйү үчүн кылган бардык иштери бүттү. Сулайман атасы Дөөттүн Кудайга арнаган алтын, күмүш жана асыл буюмдарынын баарын Кудай үйүнүн казынасына берди.

    Келишим сандыгынын ийбадатканага киргизилиши

    5:2 Ошондон кийин Сулайман Ысрайыл аксакалдарын, бардык уруу башчыларын, Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларын Дөөттүн шаарынан, башкача айтканда, Сиондон Теңирдин келишим сандыгын көчүрүп келиш үчүн Иерусалимге чогултту.

    5:3 Жетинчи айда болгон бул майрамда бардык ысрайылдыктар падышанын алдына чогулуп келишти.

    5:4 Ысрайылдын бардык аксакалдары келишти. Лебилер келишим сандыгын көтөрүштү.

    5:5 Келишим сандыгын, жыйын чатырын, андагы бардык ыйык буюмдарды ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер көтөрүп жөнөштү.

    5:6 Сулайман падыша жана ага келген бүткүл Ысрайыл жамааты келишим сандыгынын алдында курмандыкка сан жеткис койлорду, букачарларды чалышты. Алардын көптүгүнөн санын тактоого мүмкүн эмес эле.

    5:7 Ыйык кызмат кылуучулар Теңирдин келишим сандыгын ийбадатканадагы өзүнүн ордуна, ыйыктын ыйык бөлмөсүнө, керуптардын канаттарынын астына көтөрүп келип коюшту.

    5:8 Келишим сандыгы турган жерге керуптар канаттарын жайып турган, алар келишим сандыгы менен анын шыргыйларын үстүнөн жаап турган.

    5:9 Ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнүн кире беришинен шыргыйлардын баштары көрүнүп турчу, бирок сыртына чыкчу эмес. Алар ушул күнгө чейин ошол жерде турат.

    5:10 Келишим сандыгында Ысрайыл уулдары Мисирден чыкканда, Теңир алар менен келишим түзгөндө, Муса Хорепте салган эки таш лооктон башка үч нерсе жок болчу.

    Теңирдин даңкы

    5:11 Ыйык кызмат кылуучулар ыйык жайдан чыгышты. Анткени ыйык жайда болгон ыйык кызмат кылуучулардын баары кайсы топко киргенине карабастан, ыйыкталып калышчу.

    5:12 Ырчы лебилердин бардыгы, башкача айтканда, Асап, эйман, Жедутун жана алардын балдары менен бир туугандары зыгыр буласынан токулган кийим кийишип, жез табак, арфа, лира менен курмандык чалынуучу жайдын чыгыш тарабында турушту, алар менен бирге жүз жыйырма ыйык кызмат кылуучу сурнай тартып турду.

    5:13 Сурнайчылар менен ырчылар бир кишидей болуп Теңирди мактап, даңктап жатышты. Алар сурнай тартып, жез табак кагып, музыкалык аспаптарда ойноп, Теңирди: «Ал ырайымдуу, Анын ырайымы түбөлүктүү», – деп даңкташты. Ошондо Теңирдин үйү булутка толду.

    5:14 Ыйык кызмат кылуучулар булуттан улам кызмат ордуларына тура албай калышты, анткени Кудайдын үйү Теңирдин даңкына толуп турду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск