Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Ийбадатканага таандык нерселер

    4:1 Жезден узуну жыйырма чыканак, туурасы жыйырма чыканак, бийиктиги он чыканак болгон курмандык чалынуучу жай жасады.

    4:2 Жезден бир четинен экинчи четине чейин он чыканак, тереңдиги беш чыканак болгон чоң тегерек чара жасады. Чараны тегерете отуз чыканак чынжыр менен курчады.

    4:3 Чаранын астында тегерете, бардык тарабында жезден куюлган өгүздөр турган. Чараны тегерете он чыканак чара менен кошо куюлган эки катар өгүздөр турган.

    4:4 Єчөө түндүктү, үчөө батышты, үчөө түштүктү, үчөө чыгышты караган он эки өгүздүн үстүндө чара турду. өгүздөрдүн арты чаранын астына кирип турду.

    4:5 Ал чаранын калыңдыгы алакандын жазысындай эле, жүүктери чөйчөктүн четиндей, ачылган лилияга окшош жасалды. Анын сыйымдуулугу үч миң бат.

    4:6 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктардын өрттөөгө даярдалган бөлүктөрүн жууш үчүн, он жез жуунгуч жасап, бешөөнү оң тарапка, бешөөнү сол тарапка койду. Чоң чараны болсо ыйык кызмат кылуучулар жуунуш үчүн жасады.

    4:7 Анан долбоордун негизинде он алтын чырактан жасап, бешөөнү ийбадаткананын оң тарабына, бешөөнү сол тарабына койду.

    4:8 Он үстөл жасап, бешөөнү ийбадаткананын оң тарабына, бешөөнү сол тарабына койду. Анан алтындан жүз чара жасады.

    4:9 Ыйык кызмат кылуучулардын короосун жана чоң короо жасады. Бул короолорго эшиктерди жасап, аларды жез менен каптады.

    4:10 Чоң чараны Кудай үйүнүн оң тарабына, түштүк-чыгышка орнотту.

    4:11 Хурам казандарды, калактарды, чараларды жасады. Ошентип, Хурам Сулайман падыша үчүн, Кудай үйүндө баштаган өзүнүн иштерин бүтүрдү:

    4:12 ал эки мамы, мамылардын башын курчаган эки таажы, мамынын башын курчаган эки таажы үчүн эки тор жасады,

    4:13 ар бир торго эки катардан төрт жүз анар жасап, мамылардын үстүндөгү таажыларды жапты.

    4:14 Ал жуунгучтарды, алардын астына дөңгөлөктүү койгучтарды,

    4:15 чоң чараны жана анын астындагы он эки жез өгүздү,

    4:16 чылапчындарды, калактарды, аш айрыларды жасады. Хурам-Абий Теңир үйү үчүн Сулайман падышага жалтылдаган жылма жезден бардык керектүү буюмдарды жасады.

    4:17 Падыша аларды Иордандын чет-жакасындагы Сукот менен Серейдат аралындагы чополуу жерге куюп жасады.

    4:18 Сулайман бул буюмдарды өтө көп жасагандыктан, канча салмактагы жез сарпталганын билишкен жок.

    4:19 Сулайман ошондой эле Кудай үйүнө бардык буюмдарды, алтындан курмандык чалынуучу жай жана нан тартуулары коюлчу үстөлдөрдү,

    4:20 мыйзам боюнча ыйыктын ыйык бөлмөсүнүн алдында күйгүзүп туруу үчүн таза алтындан чырактандар менен чырактарды,

    4:21 эң таза алтындан гүлдөрдү, чырактарды, кычкачтарды,

    4:22 эң таза алтындан бычактарды, чараларды, табактарды, чок салгычтарды, алтындан ийбадаткананын эшиктерин, ичиндеги ыйыктын ыйык бөлмөсүнө кирүүчү эшиктерди, ыйык жайга кирүүчү эшиктерди жасады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск