Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    3:1 Сулайман Иерусалимде, Мориа тоосунда Теңир үйүн кура баштады. Ал аны атасы Дөөткө Теңир көрсөткөн жерге, Дөөт даярдап кеткен жебустук Арабенанын кырманы турган жерге, кура баштады.

    3:2 Єйдү ал падышачылык бийлигинин төртүнчү жылында, экинчи айдын экинчи күнүндө кура баштады.

    3:3 Сулайман куруп жаткан Кудай үйүнүн пайдубалынын узундугу мурунку чен-өлчөм боюнча алтымыш чыканак, туурасы жыйырма чыканак болду.

    3:4 Yйдүн кире бериш бөлмөсүнүн узундугу имараттын туурасы сыяктуу эле жыйырма чыканак, ал эми бийиктиги жүз жыйырма чыканак болду. Анын ички бетин таза алтын менен каптады.

    3:5 Негизги имаратты кипарис жыгачтары менен каптап чыгып, анын үстүнөн эң жакшы алтын менен каптады да, анын бетине пальмалардын жалбырактары менен чынжырчаларды чыгарды.

    3:6 Кооздук үчүн, эйдүн дубалдарын асыл таштар менен каптады. Алтындар Парбайымдын алтындары эле.

    3:7 Yйдү, устундарын, босоголорун, дубалдарын, эшиктерин алтын менен каптады, дубалдарга керуптардын сүрөттөрү оюлуп жасалды.

    3:8 Анан ыйыктын ыйыгы бөлмөсүн жасады. Анын узундугу менен туурасы имараттын туурасы сыяктуу эле жыйырма чыканак болду. Аны алты жүз талант таза алтын менен каптады.

    3:9 Мыктардын салмагы элүү шекел алтын болду. Ошондой эле үстүнкү бөлмөлөрдү да алтын менен каптады.

    3:10 Ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнө эки керупту оюп жасап, аларды да алтын менен каптады.

    3:11 Керуптардын канаттарынын узундугу жыйырма чыканак болду. Беш чыканак болгон бир канаты эйдүн дубалына жетип, беш чыканак болгон экинчи канаты экинчи периштенин канаты менен тийишип турду.

    3:12 Ошондой эле экинчи керуптун беш чыканак канаты да дубалга жетип, беш чыканак экинчи канаты экинчи керуптун канаты менен тийишип турду.

    3:13 Бул керуптардын канаттары жыйырма чыканакка жайылып турду, буттары менен турган алардын жүздөрү ичкери карап турду.

    3:14 Жакут, ачык кызыл, кочкул кызыл түстүү кездемелерден жана зыгыр кездемеден көшөгө жасап, анын бетине керуптарды түшүрдү.

    үки жез мамы

    3:15 Ийбадаткананын алдына узундугу отуз беш чыканак келген эки мамы орнотту, ар бир мамынын үстүнкү бөлүгүнүн узундугу беш чыканак эле.

    3:16 Ыйык жайдыкындай чынжырчаларды жасап, аларды мамылардын баш жагына койду. Жүз анар жемишин жасап, чынжырчалардын үстүнө койду.

    3:17 Мамыларды ийбадаткананын алдына, бирин анын оң жагына, экинчисин сол жагына орнотуп, оң жагындагысын Жахин, сол жагындагысын Бууз деп атады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск