Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Сулаймандын ийбадаткана курууга даярдык көрүшү

    2:1 Сулайман Теңирдин ысымына арнап эй жана өзүнө падыша сарайын курууну ниет кылды.

    2:2 Сулайман жетимиш миң жүк ташуучуну, сексен миң таш сомдоочуну тоого жөнөтүп, алардын үстүнөн үч миң алты жүз көзөмөлчү койду.

    2:3 Сулайман Тир падышасы Хирамга киши жиберип, мындай деп айттырды: «Менин атам Дөөт үйүн куруп жатканда, кедр жыгачтарын кандай жөнөтсөң, мага да ошондой жөнөт.

    2:4 Мен Кудай-Теңиримдин ысымына арнап эй куруп жатам. Ал эй Теңирдин алдында жыпар жыттуу зат түтөтүп туруш үчүн, нан тартуусун дайыма коюп туруш үчүн, ишемби күндөрү эртең менен, кечинде, ай жаңырганда, Кудай-Теңирибиздин майрамдарында чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалып туруш үчүн курулат. Булар Ысрайыл элине түбөлүккө осуятталган.

    2:5 Мен куруп жаткан эй – чоң эй, анткени Кудайыбыз өзү улуу, бардык кудайлардан жогору.

    2:6 Аны асман менен асмандардын асманы сыйдыра албай жатканда, Ага арнап эй курууга кимдин күч-кубаты жетет? Ага арнап эй кургудай мен киммин? Анын алдында жыпар жыттуу зат түтөтүү үчүн эле куруп жатам.

    2:7 Ошондуктан мага алтындан, күмүштөн, жезден, темирден буюм жасаганды жана ачык кызыл, кочкул кызыл, жакут түстүү жип менен токуганды, ошондой эле оймо иштерин билген кишини жибер. Ал атам Дөөт даярдаган Жүйүт аймагы менен Иерусалимдеги менин чебер усталарым менен бирге иштесин.

    2:8 Мага Лебанондон кедр, кипарис, сандал жыгачтарын жөнөт, анткени мен сенин кулдарыңдын Лебанон дарактарын жакшы кыярын билем. Менин кулдарым сенин кулдарың менен бирге барышат.

    2:9 Мен өтө көп жыгачтарды даярдашым керек, себеби мен куруп жаткан эй чоң жана керемет жай болот.

    2:10 Бак кыя турган кулдарыңдын тамагына жыйырма миң кор буудай, жыйырма миң кор арпа, жыйырма миң бат шарап, жыйырма миң бат зайтун майын жөнөтөм».

    2:11 Тир падышасы Хирам кат аркылуу мындай деген жооп жөнөттү: «Теңир өз элин сүйгөндүктөн, сени аларга падыша кылып койду».

    2:12 Хирам дагы мындай деди: «Падыша Дөөткө Теңирге арнап эй жана өзүнө арнап падыша сарайын курууга ниеттенген, акылман, түшүнүгү терең, акыл-үстүү уул берген, асман-жерди жараткан ысрайылдыктардын Кудай-Теңирине даңк!

    2:13 Мен сага билимдүү, акылдуу Хурам-Абийди жиберип жатам.

    2:14 Ал – Дан уруусунун кыздарынан болгон бир аялдын уулу, атасы болсо Тир тургуну. Ал алтындан, күмүштөн, жезден, темирден, жыгачтан, асыл таштан буюм жасаганды, ачык кызыл, жакут түстүү, зыгыр, кочкул кызыл жип менен токуганды, оймо иштерин билет. Ал сенин чебер усталарың жана сенин атаң, менин мырзам падыша Дөөттүн чебер усталары менен бирге сен кандай иш тапшырсаң, ошонун бардыгын аткарат.

    2:15 Ал эми өзүң айткан арпа менен буудайды, шарап менен зайтун майларын, мырзам, кулдарыңа жөнөт.

    2:16 Биз сага канча керек болсо, ошончо Лебанон дарагын кыйып, салга жүктөп, деңиз аркылуу Жапага жеткиребиз. Андан ары Иерусалимге өзүң алып кетесиң».

    Ийбадаткананын курулушунун башталышы

    2:17 Сулайман атасы Дөөт санагандан кийин келген Ысрайылдагы бардык келгиндерди санап чыкты, алардын саны жүз элүү үч миң алты жүз адам болду.

    2:18 Алардын ичинен сексен миңин тоодон таш сомдоочу жана жетимиш миңин жүк ташуучу кылып бөлдү да, аларды өз убагында иштетип туруу үчүн, үч миң алты жүз көзөмөлчү койду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск