Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Сулаймандын акылмандуулук сурап сыйынуусу

    1:1 Дөөттүн уулу Сулайман өзүнүн падышачылыгында күчтүү падыша болду. Кудай-Теңири аны менен болуп, аны жогору көтөрдү.

    1:2 Сулайман бүт Ысрайылга: миң башылары менен жүз башыларына, башкаруучулары менен бүт Ысрайылдагы уруу башчыларына чогулууга буйрук берди.

    1:3 Сулайман бүткүл эл менен Гибондогу бийик жерге келди, анткени Кудайдын кулу Муса чөлдө тургузган Теңирдин жыйын чатыры ошол жерде эле.

    1:4 Дөөт Кудайдын келишим сандыгын Кирийат-Жейаримден ал үчүн даярдап койгон жерге алып келди. Анткени Дөөт ал үчүн Иерусалимде жыйын чатырын курган.

    1:5 Хурдун уулу, Уринин уулу Бетселел жезден жасаган курмандык чалынуучу жай болсо ошол жерде, Теңирдин жыйын чатырынын алдында, калган. Сулайман эл менен бирге Кудайга кайрылыш үчүн барды.

    1:6 Сулайман ошол жерде, Теңирдин алдында, жыйын чатырынын алдында турган жезден жасалган курмандык чалынуучу жайдын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан миңди чалды.

    1:7 Ошол түнү Кудай Сулайманга келип: «Мен сага эмне берейин, сура?» – деди.

    1:8 Сулайман Кудайга мындай деди: «Сен менин атам Дөөткө улуу ырайым көрсөттүң, анын ордуна мени падыша кылдың.

    1:9 Кудай-Теңирим, Сенин атам Дөөткө айткан сөзүң аткарылсын! Жер топурагындай сан жетпеген элге Сен мени падыша кылып койдуң.

    1:10 үми бул элди башкарганга мага акыл менен билим бер, бул элдин алдында чыгып, кирип турайын. Анткени Сенин бул улуу элиңди ким башкара алат?»

    1:11 Кудай Сулайманга мындай деди: «Жүрөгүңдө ушундай каалоо болгону үчүн жана сен байлык, мал-мүлк, атак-даңк, кас душмандарыңдын жанын, ал тургай, узак өмүр да сурабастан, Мен сени падыша кылган элди башкарууга акыл менен билим сураганың үчүн,

    1:12 сага акыл да, билим да берем. Мен сага сенден мурунку, сенден кийинки падышаларда болбогон байлыкты, мал-мүлктү, атак-даңкты берем».

    Сулаймандын күчү жана байлыгы

    1:13 Сулайман Гибондогу бийик жерден, жыйын чатырынан, Иерусалимге келди. Ал Ысрайылда падышачылык кылып турду.

    1:14 Сулайман майдан арабаларын, атчан аскерлерди топтоду. Анын бир миң төрт жүз майдан арабасы, он эки миң атчан аскери бар эле. Ал аларды майдан арабалар коюлган шаарларга жана өзү жашаган шаарга, Иерусалимге жайгаштырды.

    1:15 Падыша Иерусалимде алтын менен күмүштөрдү ташка теңеди. Кедр жыгачынын көптүгүнөн аны ойдуңда өскөн тытка теңеди.

    1:16 Аттарды Сулайманга Мисирден жана Кебейден алып келишчү. Падышанын соодагерлери аларды Кебейден акчага сатып алышчу.

    1:17 Мисирден майдан арабаны алты жүз күмүш шекелге, атты жүз элүү күмүш шекелге сатып алып турушту. Так ушундай жол менен алар хеттиктердин жана арамейликтердин бардык падышаларына да өз колдору менен жеткирип турушту.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск