Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 29

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    29-БөЛЄМ

    Дөөттүн бүткүл элге акыл-насаат айтып кайрылышы

    29:1 Дөөт падыша бүткүл жыйынга мындай деди: «Кудай уулдарымдын ичинен бир гана Сулайман уулумду тандап алды. Бирок ал жаш, кубаты аз, бул иш болсо эбегейсиз чоң иш, анткени бул имарат адам үчүн эмес, Кудай-Теңир үчүн!

    29:2 Менин Кудайымдын үйүнө алтын буюмдар үчүн алтын, күмүш буюмдар үчүн күмүш, жез буюмдар үчүн жез, темир буюмдар үчүн темир, жыгач буюмдар үчүн жыгач, акак таштарды, коюлуучу таштарды, ар түрдүү кооз таштарды, ар кандай асыл таштарды, көп мрамор таштарды болгон күч-кубатым менен даярдап койдум.

    29:3 Алтын-күмүш сакталган өзүмдүн казынам бар. Ыйык жай үчүн даярдагандарымдан тышкары, мен аны Кудайдын үйүн сүйгөндүктөн, Кудайдын үйү үчүн берем.

    29:4-5 Yйдүн дубалдарын капташ үчүн, алтындан жасала турган алтын буюм үчүн, күмүштөн жасала турган ар бир буюм үчүн, чебер усталар жасай турган ар кандай нерселер үчүн үч миң талант Опир алтынын, жети миң талант таза күмүш бердим. Бүгүн дагы ким өз каалоосу менен Теңир үчүн курмандык кылат?»

    Башчылар менен элдин чын жүрөктөн берген тартуулары

    29:6 Ошондо уруу башчылары, Ысрайыл урууларынын башчылары, миң башылары, жүз башылары, падышанын чарба иштерин башкаруучулары ар кандай курмандык бере башташты.

    29:7 Кудай үйүн тургузуш үчүн, алар беш миң талант таза алтын, он миң алтын драхма, он миң талант күмүш, он сегиз миң талант жез, жүз миң талант темир беришти.

    29:8 Кимдин асыл таштары болсо, аларды Кудай үйүндөгү казынага, гейиршунилик Жехиелдин колуна беришти.

    29:9 үл алардын демилгесине аябай кубанды, анткени алар Теңирге чын жүрөктөн курмандык кылышты. Буга Дөөт падыша да абдан кубанды.

    Дөөттүн Теңирди даңктап, Ага ыраазычылык билдириши

    29:10 Дөөт бүт жыйындын көз алдында Теңирди мындай деп даңктады: «Атабыз Ысрайылдын Кудай-Теңири, Сага кылымдан кылымга даңк!

    29:11 Теңир, улуулук да, кудуреттүүлүк да, даңк да, жеңиш да, урмат-сый да Сага таандык, жердеги менен асмандагынын баары Сеники! Теңир, падышачылык бийлик да Сеники! Бардыгынын эгедери Сенсиң, бир өзүң бардыгынан жогорусуң!

    29:12 Байлык да, атак-даңк да Сенден келет, бардыгына Сен үстөмдүк кылып турасың, Сен күчтүүсүң жана кудуреттүүсүң. Жогору көтөрүү жана бардыгын бекемдөө Сенин колуңда!

    29:13 Бүгүн биз Сени, Теңир, даңазалап, улуу ысымыңды мактап жатабыз!

    29:14 Анткени ушундай курмандык кылууга кудуретибиз жеткидей, мен киммин да, менин элим ким? Анткени бардыгы Сенден, Сенин колуңдан алганыбызды кайра өзүңө бердик.

    29:15 Себеби биз ата-бабаларыбыздай эле Сенин алдыңда жолоочубуз, келгинбиз. Жер үстүндөгү биздин өмүрүбүз көлөкө сыяктуу, үч кандай эмүт жок.

    29:16 Теңир, Кудайыбыз! Сага, Сенин ыйык ысымыңа арнап эй куруу үчүн даярдап койгондорубуздун баары Сенин колуңдан чыккан, баары Сеники!

    29:17 Кудуреттүү Кудайым, Сенин жүрөктү сынарыңды, таза жүрөктү сүйөрүңдү билем. Мен ушунун бардыгын чын жүрөгүмдөн курмандык кылдым, бул жерде турган элиңдин да Сага кубаныч менен курмандык кылып жатканын көрүп турам.

    29:18 Теңир, биздин ата-бабаларыбыз Ыбрайымдын, Ыскактын, Ысрайылдын Кудайы! өз элиңдин жүрөгүндөгү ушул жакшы ниетти түбөлүккө сактай көр, алардын жүрөгүн өзүңө бур.

    29:19 Сенин осуяттарыңды, көрсөтмөлөрүңдү, мыйзамдарыңды сакташы үчүн, ушунун бардыгын аткарышы үчүн жана керек-жарактарын өзүм даярдап берген имаратты курушу үчүн, менин уулум Сулайманга таза жүрөк бер».

    29:20 Дөөт бүт жыйынга: «Биздин Кудай-Теңирибизди даңктагыла!» – деди. Ошондо жыйындагы бүт жамаат ата-бабаларынын Кудай-Теңирин даңктады, жерге жыгылып, Теңирге жана падышага таазим кылышты.

    29:21 үртеси күнү алар Теңирге курмандыктарын алып келишти, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды: бир миң букачар, бир миң кочкор, бир миң козу, куюлуучу курмандыктарын жана бүт Ысрайылдан көп курмандыктарды алып келишти.

    29:22 Ошол күнү Теңирдин алдында зор кубаныч менен ичип-жешти. Дөөттүн уулу Сулайманды экинчи ирет падыша көтөрүп, Теңирдин алдында жогорку бийликке майлашты, Садокту болсо ыйык кызмат кылуучу кылып майлашты.

    Сулаймандын падыша болушу. Дөөт падышанын көз жумушу

    29:23 Сулайман өз атасы Дөөттүн ордуна Теңирдин тагына падыша болуп отурду, аны ийгилик коштоп жүрдү. Бүткүл Ысрайыл эли ага баш ийип турду.

    29:24 Бардык башчылар, бардык күчтүүлөр, ошондой эле Дөөттүн башка бардык уулдары Сулайман падышага баш ийишти.

    29:25 Теңир бүткүл Ысрайылдын көз алдында Сулаймандын зоболосун көтөрдү. Ага буга чейин Ысрайылдын үч бир падышасы эү болбогон падышачылык атак-даңкты берди.

    29:26 Жышай уулу Дөөт Ысрайылга падышачылык кылды,

    29:27 ал Ысрайылга кырк жыл падыша болду: Хеброндо жети жыл падышачылык кылды, Иерусалимде отуз үч жыл падышачылык кылды.

    29:28 Ал бакыбат өмүр сүрүп, өмүргө тоюп, байлыкка, даңкка эү болуп көз жумду. Анын ордуна уулу Сулайман падыша болду.

    29:29 Дөөттүн алгачкы жана акыркы иштери көрөгөч Шемуелдин жазууларында, пайгамбар Натандын жазууларында жана көрөгөч Гаттын жазууларында жазылган.

    29:30 Ошондой эле ал жазууларда Дөөттүн падышачылык кылышы, эрдиги, анын башынан өткөргөн окуялары, Ысрайылдын жана жер жүзүндөгү бардык падышачылыктардын тарыхы жазылган.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск