Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Коринфянам 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Пабылдын акыркы эскертүүсү жана саламы

    13:1 Ушуну менен силерге үчүнчү ирет бара жатам. Ар бир сөз эки же үч күбө аркылуу бекемделет.

    13:2 үкинчи жолу барганымда эскерткендей эле, араңарда жок болгонума карабастан, азыр да эскертип жатам: эми барганымда, буга чейин күнөө кылгандарды да, башкасын да аябайм.

    13:3 Мен аркылуу Машайак сүйлөп жатканына далил издеп жатасыңар. Араңарда өзүнүн кудуретин көрсөтүп жаткан Машайак силер үчүн күчсүз эмес.

    13:4 Алсыз болуп айкаш жыгачка кадалган эле, бирок Кудайдын күчү менен азыр Ал тирүү. Ошол сыяктуу эле биз да Анын ичинде алсызбыз, бирок силердеги Кудайдын күчү аркылуу тирүү болобуз.

    13:5 өзүңөрдү өзүңөр текшерип көргүлөчү: ишеним жолундасыңарбы? өзүңөрдү өзүңөр сынап көргүлөчү. Же силер өзүңөрдү, Ыйса Машайак ичиңерде экенин билбейсиңерби? Андай болсо силер ким болушуңар керек болсо, ошол эмессиңер.

    13:6 Биз жөнүндө болсо, биз ким болушубуз керек болсо, ошол экенибизди билип аласыңар деп эмүттөнөм.

    13:7 Силер үч кандай жамандык кылбашыңар үчүн, Кудайга сыйынып жатабыз. өзүбүздүн ким болушубуз керек экендигин көрсөтүш үчүн эмес, тескерисинче, ким болушубуз керек болсо, ошол эмес болуп көрүнсөк да, жакшылык кылышыңар үчүн сыйынабыз.

    13:8 Себеби биз чындыкка каршы күчтүү эмеспиз, тескерисинче, чындык үчүн күчтүүбүз.

    13:9 Биз алсыз, силер күчтүү болгондо, биз кубанабыз, жеткилең болушуңар үчүн сыйынып жатабыз.

    13:10 Теңирдин мага бузуу үчүн эмес, куруу үчүн берген бийлигин силердин араңарда жүргөнүмдө катаалдык менен колдонуп койбошум үчүн, буларды мен силердин араңарда жок кезимде жазып жатам.

    13:11 Ошондой болсо да, бир туугандарым, кубангыла. Жеткилең болууга умтулгула. Кайраттуу болгула, бир ойдо болгула, тынчтыкты сактагыла! Ошондо сүйүүнүн жана тынчтыктын булагы болгон Кудай силер менен болот.

    13:12 Ыйык өбүшүү менен саламдашкыла. Бардык ыйыктар силерге салам айтып жатышат.

    13:13 Силерде Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы, Кудай Атанын сүйүүсү жана Ыйык Рухтун баарлашуусу болсун! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск