Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Галатам 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    үлчинин саламдашуусу

    1:1 Адамдар тарабынан да эмес, адам аркылуу да эмес, Ыйса Машайак аркылуу жана Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудай Ата аркылуу элчи болуп дайындалган мен – Пабылдан,

    1:2 ошондой эле менин жанымдагы бардык бир туугандардан Галатиядагы Жыйындарга салам!

    1:3 Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

    1:4 Машайак бизди бул жаман дүйнөдөн куткарыш үчүн, Кудайыбыздын жана Атабыздын каалоосу боюнча биздин күнөөлөрүбүз үчүн өзүн курмандык кылган.

    1:5 Ал түбөлүктөн түбөлүккө даңктала берсин! Оомийин.

    Жалган «Жакшы Кабар»

    1:6 Силерди Машайактын ырайымы менен чакырып алган Кудайдан жүз буруп, тез эле башка «Жакшы Кабарга» өтүп кетип жатканыңарга таң калып жатам.

    1:7 Чындыгында, башка Жакшы Кабар жок, бирок силердин тынчыңарды алган жана Машайактын Жакшы Кабарын бурмалоону каалаган адамдар бар.

    1:8 Бирок бизби же асмандан келген периштеби, башында силерге өзүбүз тараткан Жакшы Кабарга каршы келген «Жакшы Кабарды» таратса, ага анафема.

    1:9 Мурун айтканыбызды мен азыр да кайталаймын: эгерде кимдир бирөө силерге өзүңөр мурун кабыл алгандан башка «Жакшы Кабар» таратса, ага анафема.

    1:10 Азыр мен адамдарга жагууну ойлоп жатамбы же Кудайга жагууну ойлоп жатамбы? Же силер мени адамдарга жагууга аракеттенип жатат деп ойлоп жатасыңарбы? эгерде мен дагы эле адамдарга жагынып жүрсөм, анда Машайактын кулу болмок эмесмин.

    Пабыл элчилик кызматка Кудай тарабынан чакырылган

    1:11 Бир туугандар, муну билишиңерди каалайм: мен таратып жаткан Жакшы Кабар адамдын оюнан чыгарылган эмес.

    1:12 Анткени мен аны адамдан кабыл алган эмесмин, адамдан эйрөнгөн эмесмин. Аны мен Ыйса Машайактын аяны аркылуу кабыл алгам.

    1:13 Силер менин жүйүт динин туткан кезимдеги мурунку жашоом жөнүндө: Кудайдын Жыйынын ырайымсыздык менен куугунтуктап, аны жок кылууга аракеттенгенимди,

    1:14 ата-бабаларымдын салттарын өзгөчө кызганчаактык менен сактаганымдан улам, жүйүт динин тутууда өзүм менен тең чамалаш болгон уруулаштарымдын бир тобуна караганда көбүрөөк ийгиликке жетишкенимди уккансыңар.

    1:15 Бирок мени энемдин курсагында жатканда эле тандап алып, өзүнүн ырайымы менен чакырып алган Кудай

    1:16 бутпарастарга Уулу жөнүндө жар салышым үчүн, мага өзүнүн Уулун ачып берүүнү ылайык тапты, ошондо мен үч кимден кеңеш сураган жокмун.

    1:17 Иерусалимге, менден мурун чакырылган элчилерге барбастан, Аравияга кеттим, андан кийин кайра Дамаскка кайтып келдим.

    1:18 Єч жылдан кийин Петир менен таанышуу үчүн Иерусалимге барып, аныкында он беш күн болдум.

    1:19 Теңир Ыйсанын бир тууганы Жакыптан башка элчилерди көргөн жокмун.

    1:20 Силерге жазып жаткандарым – чындык, буга Кудай күбө.

    1:21 Андан кийин Сирия, Киликия өлкөлөрүнө бардым.

    1:22 Машайактын Жүйүт аймагындагы Жыйындары мени таанышчу эмес.

    1:23 Бирок алар «Бир учурда бизди куугунтуктаган адам мурун өзү жок кылууга аракеттенген ишеним жөнүндө азыр жар салып жүрөт» деген сөздү гана угушуп,

    1:24 мен үчүн Кудайды даңкташты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск