Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Хискиянын оорушу жана айыгышы

    20:1 Ошол күндөрү Хиския абдан катуу ооруп калды. Ошондо ага Амос уулу Ышайа пайгамбар келип: «Теңир мындай дейт: “өз тукумуңа мурас кагазын калтыр, анткени сен өлөсүң, айыкпайсың”», – деди.

    20:2 Хиския жүзүн дубалга буруп, Теңирге мындай деп сыйынды:

    20:3 «Оо Теңир! Сенин алдыңда туура жүргөнүмдү, Сага чын жүрөгүмдөн берилип, Сага жаккан иштерди кылганымды үстей көр». Анан Хиския катуу ыйлады.

    20:4 Ышайа шаардан чыга электе, ага Теңирден мындай сөз болду:

    20:5 «Кайра кайтып, Менин элимдин башчысы Хискияга айт: “Сенин атаң Дөөттүн Кудай-Теңири мындай дейт: "Мен сенин сыйынууңду уктум, көз жашыңды көрдүм. Мен сени айыктырам. Yчүнчү күнү Теңир үйүнө барасың.

    20:6 Сенин өмүрүңө дагы он беш жыл кошом, сени жана бул шаарды Ашур падышасынын колунан сактайм, бул шаарды өзүм үчүн, өзүмдүн кулум Дөөт үчүн коргойм"”».

    20:7 Ышайа: «Кургатылган анжырды алгыла», – деди. Алар кургатылган анжырды алып, жарага жабышты. Ал айыгып кетти.

    20:8 Ошондо Хиския Ышайадан: «Мени Теңир айыктырарын, үчүнчү күнү Теңир үйүнө барарымды билишим үчүн, кандай жышаан берилет?» – деп сурады.

    20:9 Ышайа ага: «өзү айткан сөздү аткарарын ырасташ үчүн Теңир берген жышаан бул: көлөкө он тепкич алдыга жылсынбы же он тепкич артка жылсынбы?» – деди.

    20:10 Хиския: «Көлөкөнүн он тепкич алдыга жылышы оңой. Жок, көлөкө он тепкич артка жылсын», – деди.

    20:11 Ышайа пайгамбар Теңирге сыйынып, Ахаздын тепкичтеринен түшүп келе жаткан көлөкөнү он тепкич артка жылдырды.

    Хискиянын акылсыздык кылышы

    20:12 Ошол убакта Бабыл падышасы Баладан уулу Меродах-Баладан Хискияга кат жана белек жиберди, анткени Хискиянын ооруп жатканын уккан.

    20:13 Хиския элчилердин айтканын угуп, аларга өзүнүн казыналарын, алтын-күмүштөрүн, жыпар жыттуу заттарын, кымбат баалуу, жыпар жыттуу майларын жана курал-жарак сактаган үйүн, кампаларын, аларда эмне болсо, ошонун баарын көрсөттү. Хиския өз үйүндөгү, өз падышачылыгындагы бардык нерсени көрсөттү, аларга көрсөтпөгөн нерсеси калган жок.

    20:14 Ошондо Ышайа пайгамбар Хиския падышага келип: «Бул кишилер эмне дешти, алар сага кайдан келишти?» – деп сурады. Хиския ага: «Алар мага алыс жактан, Бабылдан келишти», – деп жооп берди.

    20:15 Ышайа: «Алар сенин үйүңдөн эмнени көрүштү?» – деп сурады. Хиския: «Алар менин үйүмдө эмне болсо, ошонун баарын көрүштү. Менин казыналарымда аларга көрсөтпөгөн нерсе калган жок», – деп жооп берди.

    20:16 Ошондо Ышайа Хискияга мындай деди: «Теңирдин сөзүн ук:

    20:17 “Сенин үйүңдө эмне болсо, ошонун баарын, ата-бабаларың ушул күнгө чейин эмне жыйнап келишсе, ошонун баарын Бабылга алып кетүүчү күндөр келет. үч нерсе калбайт, – дейт Теңир.

    20:18 Сенин тукумуңдан, сенин уулдарыңдан алып кетишет, алар Бабыл падышасынын падыша сарайында эбнух болушат”».

    20:19 Ошондо Хиския Ышайага: «Сен айткан Теңирдин сөзү жакшы», – деди. Ал: «Менин өмүрүм өткүчө тынчтык жана жыргалчылык болот!» – деп ойлогондуктан ушинтип айтты.

    Хискиянын өлүшү

    20:20 Хиския жөнүндө, анын бардык эрдиктери, көлмө жана арык казганы, шаарга суу киргизгени жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    20:21 Хиския ата-бабаларына кошулду. Анын ордуна уулу Менаше такка отурду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск