Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Менаше – Жүйүт падышасы

    21:1 Менаше такка отурганда, он эки жашта эле. Ал Иерусалимде элүү жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты Хепси-Ба болчу.

    21:2 Ал Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп чыккан, жийиркеничтүү иштерди кылган элдерди туурап, Теңирге жакпаган иштерди кылды.

    21:3 Ал атасы Хиския жок кылган бутканаларды кайра тургузуп, Ысрайыл падышасы Ахапка окшоп, Баалга курмандык чалынуучу жайларды курду, Ашейра мамысын тургузуп, асман кошуундарына табынып, аларга кызмат кылды.

    21:4 Теңир үйүнө курмандык чалынуучу жайларды тургузду, ал эй жөнүндө Теңир: «Мен өз ысымымды Иерусалимге орнотом», – деген эле.

    21:5 Теңир үйүнүн эки короосуна бардык асман кошуундарына арнап курмандык чалынуучу жайларды тургузду.

    21:6 өз уулун курмандыкка өрттөп, төлгө салып, сыйкырчылык кылып, өлгөндөрдү чакыруучуларды жана сыйкырчылык кылгандарды колдоду. Теңирди каардантып, Ага жакпаган иштерди көп кылды.

    21:7 Менаше өзү жасаган Ашейра бурканын Теңир үйүнө койду, ал эй жөнүндө Теңир Дөөткө жана анын уулу Сулайманга мындай деген эле: «Ушул эйгө жана Ысрайылдын бардык урууларынын ичинен өзүм тандап алган Иерусалимге Мен өз ысымымды түбөлүккө орнотом.

    21:8 үгерде ысрайылдыктар Менин буйруктарымды жана Менин кулум Муса берген мыйзамдарды сактоого аракет кылышса, ата-бабаларына берген жерден Мен аларды мындан ары кууп чыкпайм».

    21:9 Бирок алар тил албай коюшту, аларды Менаше жолдон чыгарды. Алар Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир жок кылган элдер жасаган иштерден да жаман иштерди кылышты.

    21:10 Ошондо Теңир өз кулдары – пайгамбарлары аркылуу мындай деп сүйлөдү:

    21:11 «Жүйүт падышасы Менаше жийиркеничтүү иштерди кылып, өзүнө чейинки аморлуктардан да ашып түшкөндүгү үчүн, өзүнүн жасалма кудайлары менен Жүйүттү күнөөгө батыргандыгы үчүн,

    21:12 Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: Мен Иерусалим менен Жүйүткө оор мүшкүл түшүрөм, ошондо ал жөнүндө уккан адамдын кулагы зыңылдайт.

    21:13 Иерусалимдин үстүнөн Самариянын өлчөөчү жибин жана Ахаптын тукумунун салмоорун тартам. Иерусалимди идишти сүрткөнсүп сүртүп, көңтөрүп коём.

    21:14 өз энчимдин калдыгынан баш тартып, душмандарынын колдоруна салып берем, аларды бардык душмандары талап-тоноп, чаап алышат.

    21:15 Бул алардын Мага жакпаган иштерди кылганы үчүн, алардын ата-бабалары Мисирден чыккан күндөн ушул күнгө чейин Мени каардантышканы үчүн болот».

    21:16 Менаше Жүйүттү күнөөгө батырганы аз келгенсип, күнөөсүз канды көп төгүп, Иерусалимди канга толтурду. Ал Жүйүттүн Теңирге жакпаган иштерди кылуусуна себепкер болду.

    21:17 Менаше жөнүндө, анын кылган бардык иштери, кылган күнөөлөрү жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    21:18 Менаше ата-бабаларына кошулду. Ал өз үйүнүн жанындагы Уза багына коюлду. Анын ордуна уулу Амон такка отурду.

    Амон – Жүйүт падышасы

    21:19 Амон жыйырма эки жашында такка отуруп, Иерусалимде эки жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Мешулемет, ал жотпалык Харустун кызы болчу.

    21:20 Ал атасы Менашедей болуп, Теңирге жакпаган иштерди кылды.

    21:21 Ал атасынын жолун жолдоп, атасы кызмат кылган жасалма кудайларга кызмат кылып, аларга табынды.

    21:22 Ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап койду, Теңирдин жолу менен жүргөн жок.

    21:23 Кызматчылары Амон падышага каршы чыккынчылык уюштурушуп, аны өз үйүндө өлтүрүштү.

    21:24 Бирок эл Амон падышага каршы чыккынчылык уюштургандардын бардыгын кырып, анын ордуна уулу Жошияны такка отургузду.

    21:25 Амон жөнүндө жана анын кылган иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    21:26 Аны Уза багындагы өз мүрзөсүнө коюшту. Анын ордуна уулу Жошия такка отурду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск