Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 22

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    22-БөЛЄМ

    Жошия – Жүйүт падышасы

    22:1 Жошия сегиз жашында такка отуруп, Иерусалимде отуз бир жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жедида, ал батсекаттык Адаянын кызы эле.

    22:2 Ал Теңирге жаккан иштерди кылып, атасы Дөөттүн бардык жолу менен жүрүп, оңго да, солго да бурулган жок.

    Мыйзам китеби

    22:3 Жошия падышанын падышачылыгынын он сегизинчи жылында падыша Мешуламдын уулу, Атсалиянын уулу катчы Шапанды Теңир үйүнө жиберип, мындай деп айттырды:

    22:4 «Башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкияга бар, ал элдин Теңир үйүнө алып келген, босогодо турган күзөтчүлөр жыйнаган күмүштөрүн эсептесин.

    22:5 Аны Теңир үйүндө иш алып барууга дайындалгандардын колуна берсин. Ал эми алар аны Теңир үйүнүн бузулган жерлерин оңдоп жаткан

    22:6 жыгач усталарга, таш сомдоочуларга, таш тизүүчүлөргө таратып беришсин жана эйдү оңдоо үчүн сатылып алынуучу жыгачтарга, жылмаланган таштарга жумшашсын.

    22:7 Алардын колуна берилген күмүштөрдүн эсебин талап кылбагыла, себеби алар чынчылдык менен таратышат».

    22:8 Башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкия катчы Шапанга мындай деди: «Мен Теңир үйүнөн мыйзам китебин таап алдым». Хилкия китепти Шапанга сунду, ал аны окуду.

    22:9 Катчы Шапан падышага келип, мындай деди: «Теңир үйүндөгү күмүштөрдү сенин кулдарың алып, Теңир үйүндө иш алып барууга дайындалгандардын колуна өткөрүп беришти».

    22:10 Катчы Шапан падышага дагы мындай деп билдирди: «Ыйык кызмат кылуучу Хилкия мага китеп берди». Шапан аны падышанын алдында окуп берди.

    22:11 Падыша мыйзам китебиндеги сөздөрдү укканда, өз кийимин айрып жиберди.

    22:12 Анан падыша ыйык кызмат кылуучу Хилкияга, Шапандын уулу Акикамга, Михей уулу Акбарга, катчы Шапанга, падыша кызматчысы Асаяга мындай деп буйруду:

    22:13 «Баргыла, мен жөнүндө, эл жөнүндө жана бүткүл Жүйүт жөнүндө бул табылган китепте эмне жазылгандыгын Теңирден сурагыла, аткарышыбыз үчүн жазылган бул китептеги сөздөрдү ата-бабаларыбыз укпай коюшкандыктан, Теңир бизге катуу каарданып жатат».

    22:14 Ошондо ыйык кызмат кылуучу Хилкия, Акикам, Акбар, Шапан жана Асая кийим кайтаруучу Хархас уулу, Тикпа уулу Шалумдун аялы, пайгамбар Хулдага барып, аны менен сүйлөшүштү. Ал аял Иерусалимдин экинчи бөлүгүндө жашачу.

    22:15 Аял аларга мындай деди: «Жүйүт падышасы окуган китептеги сөздөр боюнча Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Силерди мага жиберген кишиге айткыла:

    22:16 Теңир мындай дейт: Мен ошол жерге жана анын тургундарына мүшкүл түшүрөм.

    22:17 Алар Мени таштап, башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүп, жасап алган кудайлары менен Мени каардантышкандыгы үчүн, Мен ошол жерге каарымды төгөм, каарым кайтпайт”.

    22:18 Силерди Теңирдин эркин сураганы жиберген Жүйүт падышасына айткыла: “Сен уккан сөздөр боюнча Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт:

    22:19 "Мен ошол жердин кыйрарын, ошол жердин тургундарынын кырыларын айтканымды уккандан кийин, жүрөгүң жумшаргандыгы үчүн, Теңир алдында моюн сунганың үчүн, кийимиңди айрып, Менин алдымда ыйлаганың үчүн, Мен да сени уктум, – дейт Теңир.

    22:20 Ошон үчүн Мен сени ата-бабаларыңа кошом, сен көрүңө тынч коюласың, Мен бул жерге түшүрө турган мүшкүлдү көрбөйсүң"”». Падышага ушундай жооп алып келишти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск