Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Жошиянын бутпарастардын кудайларын жок кылышы

    23:1 Падыша киши жиберип, Жүйүт менен Иерусалимдеги бүт аксакалдарды чогултту.

    23:2 Падыша Теңир үйүнө келди. Аны менен бардык жүйүттөр, Иерусалимдин бүт тургундары, ыйык кызмат кылуучулар, пайгамбарлар, кичинеcинен чоңуна чейин, бүт эл келди. Ал Теңир үйүнөн табылган мыйзам китептеги бардык сөздөрдү угуза окуду.

    23:3 Андан кийин падыша бийик жерге чыгып, Теңирдин жолу менен жүрүш үчүн, Анын осуяттарын, буйруктарын жана мыйзамдарын жан-дили менен, чын жүрөктөн аткарыш үчүн, ушул китепте жазылган келишимдин сөздөрүн аткарыш үчүн, Теңирдин алдында келишим түздү, эл келишимге кошулду.

    23:4 Анан падыша башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкияга, андан кийинки ыйык кызмат кылуучуларга жана босогодо турган күзөтчүлөргө Ашейра үчүн, Баал үчүн жана бүткүл асман кошуундары үчүн жасалган бардык нерселерди Теңирдин ийбадатканасынан алып чыгып, Иерусалимдин сыртында, Кидрон өрөөнүндө өрттөп, күлүн Бейтелге жеткирүүнү буйруду.

    23:5 Жүйүт шаарларындагы, Иерусалимдин айланасындагы бутканаларда жыпар жыттуу зат түтөтүп туруу үчүн Жүйүт падышалары койгон буткана кызматчыларын кызматынан четтетти, алар Баалга, күнгө, айга, жылдыздарга, бардык асман кошуундарына жыпар жыттуу зат түтөтүшчү.

    23:6 Анан ал Ашейра мамысын Теңир үйүнөн Иерусалимдин сыртындагы Кидрон суусуна алып чыгып, Кидрондун жүүгинде өрттөп, күлгө айлантып, жалпы элдин көрүстөнүнө ыргытты.

    23:7 Анан Теңирдин ийбадатканасынын жанындагы бачабаздардын үйүн талкалады. Ал жерде аялдар Ашейрага кийим токушчу.

    23:8 Жүйүт шаарларындагы буткана кызматчыларынын баарын алып чыкты, Гебадан Бейер-Шебага чейинки буткана кызматчылары жыпар жыттуу зат түтөткөн бутканаларды булгады, дарбазалардын алдындагы бутканаларды – шаар башчысы Жошуянын дарбазасынын кире беришиндеги буткананы жана шаар дарбазасынын сол жагындагы буткананы кыйратты.

    23:9 Ошондой болсо да бутканалардын кызматчылары Теңирдин Иерусалимдеги курмандык чалынуучу жайында курмандык чалышчу эмес, бирок өз бир туугандары менен бирге ачыткысыз нан жешчү.

    23:10 үч ким уулун же кызын Молохко арнап курмандыкка чалбашы үчүн, Ином уулдарынын өрөөнүндөгү Топетти булгады.

    23:11 Парбаримдеги эбнух Нетан-Мелехтин бөлмөлөрүнүн жанындагы Теңир үйүнүн кире беришине Жүйүт падышалары күнгө арнап койгон аттарды алып таштады. Күнгө арналган майдан арабаларды өрттөп жиберди.

    23:12 Падыша Жүйүт падышалары курган Ахаздын үйүнүн чатырындагы курмандык чалынуучу жайларды, Теңир үйүнүн эки короосуна Менаше курган курмандык чалынуучу жайларды бузуп, кулатты, алардын күлүн Кидрон суусуна ыргытты.

    23:13 Иерусалимдин алдына, Зайтун тоосунун оң жагына Сидондун жийиркеничи Ашейра үчүн, Мааптын жийиркеничи Кемош үчүн, Амон уулдарынын жийиркеничи Милком үчүн Ысрайыл падышасы Сулайман курган бутканаларды падыша булгады.

    23:14 Балбалдарды талкалап, Ашейра мамыларын кыйып, алардын ордун кишинин сөөктөрү менен толтурду.

    23:15 Ошондой эле Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайды, Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробам курган буткананы кыйратып, өрттөп, күлгө айландырды, Ашейра мамыларын өрттөп жиберди.

    23:16 Анан Жошия көз чаптырып, тоодогу мүрзөлөрдү көрдү. Киши жөнөтүп, мүрзөдөн сөөктөрдү алдырып, курмандык чалынуучу жайда өрттөдү, Кудайдын кишиси алдын ала айткан Теңирдин сөзү боюнча аны булгады.

    23:17 Анан Жошия: «Мен көрүп турган эмне деген үстелик?» – деп сурады. Шаардын тургундары ага мындай дешти: «Бул – Жүйүт аймагынан келген Кудайдын кишисинин мүрзөсү. Ал Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайды эмне кыларыңды айткан».

    23:18 Ошондо ал: «Аны жайына койгула. Анын сөөгүнө үч кимиңер тийбегиле», – деди. Ошентип, анын сөөгүнө жана Самариядан келген пайгамбардын сөөгүнө тийишкен жок.

    23:19 Жошия ошондой эле Ысрайыл падышаларынын Теңирди каардантып курган Самария шаарларынын бийик жерлериндеги бутканалардын баарын Бейтелдегидей кылып кыйратты.

    23:20 Ал жердеги курмандык чалынуучу жайлардын үстүндө буткана кызматчыларынын баарын мууздап өлтүрүп, кишилердин сөөгүн өрттөп, Иерусалимге кайтып келди.

    Пасах майрамын өткөрүү

    23:21 Анан падыша бүткүл элге мындай буйрук кылды: «Бул мыйзам китепте жазылгандай, өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге арнап Пасах майрамын өткөргүлө».

    23:22 Анткени мындай Пасах Ысрайылды башкарган башкаруучулардын убагынан бери өткөрүлө элек эле, Ысрайыл жана Жүйүт падышаларынын убагында да өткөрүлгөн эмес.

    23:23 Жошия падышанын падышачылыгынын он сегизинчи жылында Иерусалимде Теңирге арналган ушундай Пасах майрамы өткөрүлдү.

    Жошия кылган иштер

    23:24 Теңир үйүнөн ыйык кызмат кылуучу Хилкия тапкан китепте жазылган мыйзам сөздөрүн аткарыш үчүн, Жошия Жүйүт аймагында жана Иерусалимде пайда болгон өлгөндөрдү чакыруучуларды, сыйкырчыларды терафимдерди, жасалма кудайларды, жийиркеничтерди жок кылды.

    23:25 Мусанын бардык мыйзамдары боюнча Теңирге бүт жүрөгү менен, жан-дили менен, бардык күчү менен берилген Жошиядай падыша буга чейин да, мындан кийин да болгон эмес.

    23:26 Бирок Менаше Теңирге акарат келтирип, Аны каардантканы үчүн, Теңир Жүйүткө каарданганын токтоткон жок.

    23:27 Теңир мындай деди: «Мен Ысрайылды таштап койгондой, Жүйүттү да таштап коём, өзүм тандап алган ушул Иерусалим шаарын да, “Менин ысымым ошол жерде болот” деп айткан эйдү да таштап коём».

    Жошиянын өлүшү

    23:28 Жошия жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    23:29 Анын тушунда Мисир падышасы фараон Нехо Ашур падышасы менен согушуу үчүн, эфрат дарыясын көздөй жөнөдү. Ошондо Жошия падыша анын алдынан чыкты. Нехо Жошияны көрүп, аны Мегидодо өлтүрдү.

    23:30 Кулдары анын өлүгүн майдан арабага салып, Мегидодон Иерусалимге алып келип, өз мүрзөсүнө коюшту. Ал жердин эли Жошиянын уулу Жаахазды падыша кылып майлап, атасынын ордуна такка отургузушту.

    Жаахаз – Жүйүт падышасы

    23:31 Жаахаз такка отурганда, жыйырма үч жашта эле. Ал Иерусалимде үч ай падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Хамутал, ал либналык Жеремиянын кызы болчу.

    23:32 Ал аталарындай болуп, бардык нерседе Теңирге жакпаган иштерди кылды.

    23:33 Ал Иерусалимде падыша болбошу үчүн, фараон Нехо аны Хамат жериндеги Риблада каматып, ал жерге жүз талант күмүш, бир талант алтын салык салды.

    23:34 Фараон Нехо Жошия уулу элийакимди атасы Жошиянын ордуна такка отургузуп, анын атын Жайаким деп өзгөрттү. Жаахазды болсо Мисирге алып кетти, ал ошол жерде өлдү.

    Жайаким – Жүйүт падышасы

    23:35 Жайаким фараонго күмүш да, алтын да берип турду. Ал фараондун буйругу боюнча күмүш берип туруш үчүн, жерди баалады. Фараон Нехого берип туруш үчүн, ал ошол жердеги элге, ар бир кишиге жерине жараша алтын-күмүш төлөттү.

    23:36 Жайаким такка отурганда, жыйырма беш жашта эле. Ал Иерусалимде он бир жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Зебуда, ал румалык Педаянын кызы эле.

    23:37 Ал өзүнүн аталарындай болуп, бардык нерседе Теңирге жакпаган иштерди кылды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск