Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    Хискиянын Ышайага кайрылышы

    19:1 Хиския падыша муну укканда, кийимин айрып, зумбал жамынып, Теңир үйүнө барды.

    19:2 Ал падыша сарайынын башчысы элийакимди, катчы Шебнаны жана зумбал жамынган башкы ыйык кызмат кылуучуларды Амостун уулу Ышайа пайгамбарга жөнөттү.

    19:3 Алар ага келип, мындай деп айтышты: «Хиския мындай дейт: “Бул күн – кайгы тарта турган, жазалана турган, маскара боло турган күн, анткени ымыркайлар жатындын оозуна келип калышты, бирок энелердин төрөгөнгө күчү жок.

    19:4 Тирүү Кудайга акарат келтирип, тил тийгизиш үчүн, мырзасы Ашур падышасы жиберген Рапшактын сөздөрүн Кудай-Теңириң угуп, ушул сөздөрдү айткандыгы үчүн, аны жазаласа экен. Тирүү калган эл үчүн сыйын”».

    19:5 Хиския падышанын кызматчылары Ышайага келишти.

    19:6 Ышайа аларга мындай деди: «Мырзаңарга Теңир мындай дейт деп айткыла: “Ашур падышасынын кызматчыларынын Мага тил тийгизип айткан сөздөрүнөн коркпо.

    19:7 Мен ага бир рух жиберем, ал бир кабар угуп, өз жерине кайтат, ошондо Мен аны өз жеринде кылыч менен өлтүрөм”».

    Рапшактын коркутуусу жана Хискиянын сыйынуусу

    19:8 Рапшак Ашур падышасынын Лакиштен кеткенин угуп кайтып келсе, ал Либна менен согушуп жатыптыр.

    19:9 Ашур падышасына эфиопия падышасы Тирак жөнүндө «Ал сени менен согушууга чыкты» деген кабар айтышты. Ошондо ал Хискияга кайрадан элчилерин жөнөтүп, мындай деп айттырды:

    19:10 «Жүйүт падышасы Хискияга мындай деп айткыла: “Сен таянган Кудайың: "Иерусалим Ашур падышасынын колуна салынып берилбейт", – деп, сени алдабай эле койсун.

    19:11 Ашур падышаларынын башка жерлерди эмне кылганын, аларды талкалаганын уккансың да, анан сен аман калмак белең?

    19:12 Менин ата-бабаларым бүлүнткөн элдерди кудайлары сактап калды беле? Гозан, Харан жана Ретсеп, Теласардагы эден уулдарын сактап калышты беле?

    19:13 Хамат, Арпат, Сепарбайым, эйна жана Иба шаарларынын падышалары кана?”»

    19:14 Хиския элчилердин колунан катты алып окуду да, Теңир үйүнө барып, аны Теңирдин алдына жайды.

    19:15 Анан Хиския Теңирдин алдында мындай деп сыйынды: «Керуптардын арасында жашаган Ысрайылдын Кудай-Теңири! Жер жүзүндөгү бардык падышачылыктардын Кудайы жалгыз Сенсиң, асман менен жерди Сен жараткансың.

    19:16 Теңир, кулак сала көр. Теңир, көздөрүңдү ачып, назар сала көр. Тирүү Кудай Сага тил тийгизиш үчүн киши жиберген Санхейриптин сөздөрүн ук!

    19:17 Оо, Теңир, Ашур падышаларынын элдерди, алардын жерлерин бүлүнткөнү чын.

    19:18 Алардын кудайларын отко ыргытышкан, бирок алар кудайлар эмес эле, адамдын колу менен жасалган буюм, жыгач, таш болчу. Ошондуктан аларды жок кылышкан.

    19:19 Кудай-Теңирибиз, эми бизди анын колунан сактай көр, ошондо, Теңир, Сенин жалгыз Кудай экениңди бардык падышачылыктар билишет».

    Кудайдын Ышайа пайгамбар аркылуу жооп бериши

    19:20 Амостун уулу Ышайа Хискияга мындай деп айттырып жиберди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сенин Ашур падышасы Санхейрип жөнүндөгү сыйынууңду уктум”.

    19:21 Теңирдин ал жөнүндө айткан сөзү мындай: “Сиондун эркек көрө элек кызы сени жек көрөт, сени шылдыңдап күлөт. Иерусалим кызы артыңдан башын чайкайт.

    19:22 Сен кимге тил тийгиздиң, кимди шылдыңдадың? Кимге үнүңдү көтөрдүң, кимге текеберденип карадың? Ысрайылдын Ыйыгына!

    19:23 үлчилериң аркылуу Теңирге акарат келтирип: "Мен өзүмдүн көп сандаган майдан арабаларым менен тоолордун чокусуна, Лебанондун эң бийик жерлерине чыктым. эми анын бийик кедр дарактарын, эң сонун кипаристерин кыям, анын эң алыскы жерлерине, эң жакшы токоюна келем.

    19:24 Кудук казып, жат жердин суусун ичтим. эми Мисирдин бардык дарыяларын таманым менен какшытам", – дедиң.

    19:25 Муну Мен мурун эле кылганымды, байыркы заманда эле алдын ала белгилеп койгонумду уккан жок белең? Сен азыр ошону ишке ашырдың, чептүү шаарларды кыйратып, үйүлгөн урандыга айланттың.

    19:26 Алардын тургундары кайратын жоготуп, титиреп, уятка калып жатышат. Алар талаадагы чөптөй, назик өсүмдүктөй, чатырдын үстүнө чыккан чөптөй, баш алгыча эле күйүп кеткен эгиндей болушту.

    19:27 Мен сенин отурганыңды да, чыкканыңды да, киргениңди да – баарын билем. Мага текеберденип тил тийгизгениңди да билем.

    19:28 Мага текеберденип тил тийгизгендигиң үчүн, менменсингендигиң Менин кулагыма жеткендиги үчүн, Мен сенин танооңо шакегимди, оозуңа ооздугумду салып, келген жолуң менен артка кетирем”.

    19:29 Хиския, сага мындай жышаан берем: бул жылы түшүп калган дандан өсүп чыкканын, кийинки жылы өзү өсүп чыкканын жегиле, ал эми үчүнчү жылы аштык сүүп оруп алгыла, жүзүм отургузуп, мөмөсүн жегиле.

    19:30 Жүйүт тукумунун аман калгандары кайрадан тамырын төмөн жайып, жогору жагынан түшүм берет.

    19:31 Анткени Иерусалимден калдык чыгат, Сион тоосунан куткарылгандар чыгат. Муну Себайот Теңирдин кызганычы ишке ашырат.

    19:32 Ошондуктан Теңир Ашур падышасы жөнүндө мындай дейт: “Ал бул шаарга кирбейт, ал жакка бир да жебе атпайт, ага калканы менен жакын да келбейт, ага каршы жал эйбөйт.

    19:33 Келген жолу менен артка кайтат, бул шаарга кирбейт, – дейт Теңир.

    19:34 Мен бул шаарды өзүм үчүн, өзүмдүн кулум Дөөт үчүн куткарам жана коргойм”».

    19:35 Ошол түнү мындай болду: Теңирдин периштеси Ашур кошуунуна барып, жүз сексен беш миң адамын өлтүрдү. эртең менен туруп, өлүп жаткан адамдарды көрүштү.

    19:36 Ошондо Ашур падышасы Санхейрип келген жолу менен артка кайтты. Ал өзү жашаган Нинебиге кайтып барды.

    19:37 Ал өзүнүн кудайы Нисрох үйүндө табынып жатканда, аны уулдары Адрамелек менен Саретсер кылыч менен өлтүрүп, Арарат жерине качып кетишти. Анын ордуна уулу эйсар-Хадон такка отурду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск