Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 31

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    31-БөЛЄМ

    Усталар жөнүндө

    31:1 Теңир Мусага дагы мындай деди:

    31:2 «Билип ал, Мен Жүйүт уруусундагы Хурдун уулу, Уринин уулу Бетселелдин так өзүн дайындадым.

    31:3 Мен аны Кудайдын Рухуна толтурдум, ага даанышмандык, түшүнүк, билгичтик жана ар кандай өнөр бердим.

    31:4 Мен ага алтындан, күмүштөн, жезден буюм жасаганды,

    31:5 оюкка салынуучу таштарды кескенди, жыгач сомдогонду, бардык ишти жасай билүүнү эйрөттүм.

    31:6 Мен ага Дан уруусундагы Акисамак уулу Алыйапты жардамчы кылып дайындадым. Ар бир акылдуу адамдын жүрөгүнө акылмандык салам, ошондо алар Мен сага буйругандын бардыгын жасашат.

    31:7 Алар жыйын чатырын, келишим сандыгын жана анын капкагын, жыйын чатырына тиешелүү болгон бардык нерселерди,

    31:8 үстөлдү жана ага тиешелүү болгон бардык нерселерди, таза алтындан чырактан жана ага тиешелүү болгон бардык нерселерди, ошондой эле жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды,

    31:9 курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды, ага тиешелүү болгон бардык нерселерди, жуунгучту жана анын түбүн,

    31:10 кызматчылардын ыйык кызмат кыларда кие турган кийимдерин, ыйык кызмат кылуучу Арундун ыйык кийимдерин, анын уулдарынын ыйык кийимдерин даярдап,

    31:11 ыйык жай үчүн майлоочу май жана түтөтүү үчүн жыпар жыттуу аралашма жасашсын. Алар мына ушулардын бардыгын Мен сага буйругандай жасашсын».

    Ишембини ыйык тутуу жөнүндө

    31:12 Теңир Мусага дагы мындай деди:

    31:13 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Менин ишемби күнүмдү ыйык туткула, анткени ал күн – силерди ыйык эл кылган Теңириңер Мен экенимди билип жүрүэңөр үчүн, Мени менен силердин жана укум-тукумуңардын ортосунда белги болгон күн.

    31:14 Ишемби күндү ыйык туткула, анткени ал силер үчүн ыйык. Ким аны ыйык тутпаса, ал өлүм жазасына тартылсын. Ким ошол күнү жумуш кылса, ал өз элинин арасынан жок кылынсын”.

    31:15 Алты күн иш кылышсын, ал эми жетинчи күн – Теңирге арналган эс алуучу ишемби күн. Ким ишемби күнү иш кылса, ал өлүм жазасына тартылсын.

    31:16 Ысрайыл уулдары ишемби күндү ыйык тутсун, түбөлүк келишим катары алардын укум-тукуму ишемби күндү майрамдасын.

    31:17 Бул – Мени менен Ысрайыл уулдарынын ортосундагы түбөлүк белги, анткени Теңир алты күндө асман менен жерди жараткан, ал эми жетинчи күнү тынч алып, эс алган».

    31:18 Кудай Муса менен Синай тоосунда сүйлөшүп бүткөндөн кийин, ага мыйзам жазылган эки лоокту – өз колу менен жазган таш лоокторду берди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск