Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 30

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    30-БөЛЄМ

    Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жай жөнүндө

    30:1 Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жай жаса, ал акация жыгачынан жасалсын.

    30:2 Ал төрт бурчтуу болсун: узундугу бир чыканак, туурасы бир чыканак, бийиктиги эки чыканак. Анын төрт бурчунан мүйүздөр чыгарылсын.

    30:3 Анын үстүн, капталдарын, мүйүздөрүн таза алтын менен каптап, таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жаса.

    30:4 Алтын ачакейдин астына, эки бурчуна алтындан эки шакек жаса. Алар анын эки тарабында болсун. Көтөрүп жүрүү үчүн, алар шыргыйлар киргизиле турган шакектер болот.

    30:5 Шыргыйларды акация жыгачынан жасап, алтын менен капта.

    30:6 Аны Мен сага ачылып бере турган келишим сандыгынын алдындагы көшөгөнүн жанына, сандыктын үстүндөгү капкактын тушуна кой.

    30:7 Арун анын үстүндө жыпар жыттуу заттарды түтөтөт. Күн сайын эртең менен чырактандарды даярдаганда, ал жыпар жыттуу заттарды түтөтөт.

    30:8 Арун кечинде чырактарды күйгүзгөндө да, анын үстүндө жыпар жыттуу заттарды түтөтөт. Теңирдин алдындагы бул жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жай силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын.

    30:9 Анын үстүндө башка нерсе түтөтпөгүлө. Анын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты да, нан курмандыгын да өрттөбөгүлө, ага куюлуучу курмандыкты куйбагыла.

    30:10 Арун жылына бир жолу анын мүйүздөрүнүн үстүндө тазалоо расмисин кылат. Ал аны күнөөдөн тазалоочу курмандыктын каны менен жылына бир жолу тазалап турат. Бул – Теңир үчүн ыйык нерсе. Тазалоо расмиси силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калсын».

    Жыйын чатырына арналган тартуулар жөнүндө

    30:11 Теңир Мусага мындай деди:

    30:12 «Ысрайыл уулдарынын санын билиш үчүн санап жатканыңда, алардын ар бири өз жанын куткарып алуу үчүн, Теңирге кун төлөсүн, ошондо алар кыргынга учурашпайт.

    30:13 үсепке кирген ар бир адам ыйык делип эсептелген шекелдин жарымын берсин, бир шекел жыйырма герге барабар. Жарым шекел – Теңирге арналган курмандык.

    30:14 үсепке кире турган жыйырма жана андан жогорку жаштагы ар бир адам Теңирге курмандык берүүгө милдеттүү.

    30:15 өз жанын куткарып калуу үчүн Теңирге берген курмандык жарым шекел болуш керек. Байдыкы ашып кетпесин, жардыныкы кем болбосун.

    30:16 Ысрайыл уулдарынан өздөрүнүн жаны үчүн берген күмүшүн алып, аны жыйын чатырынын керегине жумша. Бул Ысрайыл уулдары үчүн, Теңир эсине алышы үчүн, силердин жаныңарды куткарып калуу үчүн болсун».

    Жуунуу жөнүндө

    30:17 Теңир Мусага дагы мындай деди:

    30:18 «Жуунуу үчүн жезден жуунгуч жаса, анын түбү да жез болсун. Аны жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын ортосуна коюп, ичине суу куюп кой.

    30:19 Арун жана анын уулдары ал жуунгучтан суу алып, колу-бутун жуушсун.

    30:20 Алар жыйын чатырына кирер алдында, же болбосо кызмат кылыш үчүн курмандык чалынуучу жайга жакын келерде, Теңирге курмандык чаларда, өлүп калбаш үчүн, сууга жуунушсун.

    30:21 өлүп калбаш үчүн, алар колдорун, буттарын жуушсун. Бул мыйзам Арунга жана анын укум-тукумуна түбөлүккө калсын».

    Майлоочу майлар жөнүндө

    30:22 Теңир Мусага дагы мындай деди:

    30:23 «Ыйык шекел менен эсептеп, эң жакшы жыттуу заттардан: суюк миррадан беш жүз, жыпар жыттуу жыгачтын кабыгынан эки жүз элүү, жыпар жыттуу камыштан эки жүз элүү,

    30:24 касийден беш жүз шекел ал, зайтун майынан бир гин ал.

    30:25 Ыйыктап майлоо үчүн, ушуларды чеберчилик менен аралаштырып, майлоочу май жаса. Бул – ыйыктап майлаш үчүн колдонулуучу май.

    30:26 Анан аны менен жыйын чатырын, келишим сандыгын,

    30:27 үстөлдү жана ага тиешелүү бардык нерселерди, чырактанды жана ага тиешелүү бардык нерселерди, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды,

    30:28 курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды жана ага тиешелүү бардык нерселерди, жуунгучту жана анын түбүн майлап чык.

    30:29 Аларды ыйыкта, ошондо алар эң ыйык болуп калат. Аларга тийгендердин баары ыйык болуп калышат.

    30:30 Ал май менен Арунду да, анын уулдарын да майлап, Мага ыйык кызмат кылуучу кылып дайында.

    30:31 Ал эми Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Ыйык майлоо үчүн колдонулган бул май Мага таандык. Бул силердин укум-тукумуңарга калсын.

    30:32 Аны менен башка адамдардын денесин майлабагыла, ага окшош май жасабагыла. Ал – ыйык май. Ал силер үчүн ыйык болсун.

    30:33 Ким ошондой май жасаса же аны менен башка бирөөнү майласа, ал өз элинин арасынан жок кылынат”».

    Фимиам жөнүндө

    30:34 Анан Теңир Мусага дагы мындай деди: «Төмөндөгү жыпар жыттуу заттардан: стиракс, оних, халван жана таза ладандан бирдей өлчөмдө ал.

    30:35 Чеберчилик менен алардан түтөтүлө турган ыйык аралашма жаса. Ал туз менен аралаштырылган, таза жана ыйык болсун.

    30:36 Аны жанчып майдалап, Мен сага ачылып бере турган жыйын чатырындагы келишим сандыгынын алдына кой. Ал силер үчүн эң ыйык нерсе болот.

    30:37 өзүңөргө ушундай заттардан турган түтөтүлүүчү аралашма жасабагыла, ал сенин Теңирге арнаган ыйык нерсең болсун.

    30:38 Түтөтүү үчүн ким ушундай аралашма жасаса, ал өз элинин арасынан жок кылынат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск