Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 32

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    32-БөЛЄМ

    Алтын музоо

    32:1 Ысрайыл эли Мусанын көптөн бери тоодон түшпөй жатканын көрүп, чогулуп келип, Арунга мындай деди: «Бизди Мисир жеринен алып чыккан Мусага эмне болгонун билбейбиз, ошондуктан сен бизге бизди баштап жүрө турган кудай жасап бер».

    32:2 Ошондо Арун аларга: «Аялыңардын, уул-кыздарыңардын кулактарындагы алтын сыргаларды чыгарып, мага алып келгиле», – деди.

    32:3 Бүт эл кулактарынан алтын сыргаларын чыгарып, Арунга алып келди.

    32:4 Арун алардын колунан сыргаларды алып, алтындан музоо куюп, аны кескич менен иштеп чыкты. Ошондо алар: «Мына сенин кудайың, Ысрайыл! Сени Мисир жеринен алып чыккан кудайың ушул!» – дешти.

    32:5 Арун муну көрүп, алтындан куюлган музоонун алдына курмандык чалынуучу жай жасап: «үртең теңирге арналган майрам болот», – деп жарыялады.

    32:6 Алар эртеси эртең менен эрте туруп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен тынчтык курмандыгын чалышты. Анан эл ичип-жегени отурду, көңүл ачканы турду.

    32:7 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Тезирүүк тоодон түш, анткени Мисир жеринен алып чыккан элиң бузулду.

    32:8 Алар тез эле Мен осуят кылган жолдон чыгып кетишти. өздөрүнө алтындан музоо куюп алып, ага сыйынып, курмандык чалып: “Ысрайыл эли, сени Мисир жеринен алып чыккан кудайың мына ушул!” – деп жатат».

    32:9 Анан Теңир Мусага: «Мен бул элди көрүп турам, бул эл – тоң моюн эл.

    32:10 Ошондуктан Мени өз жайыма кой, алар Менин каарыма калышсын. Аларды жок кылып, сенден көп сандаган эл чыгарам», – деди.

    Мусанын арачылык кылышы

    32:11 Бирок Муса өз Кудай-Теңирине мындай деп жалына баштады: «О Теңирим, Мисир жеринен кудуреттүү күчүң, кубаттуу колуң менен өзүң алып чыккан өз элиңдин үстүнө каарың от болуп жаабаса экен.

    32:12 Мисирликтер: “Кудай аларды өлтүрүү үчүн тоого алып кеткен тура, аларды жер үстүнөн жок кылгысы келген тура”, – деп айтышпасын. Теңир, жалындаган каарыңды баса көр! Чечимиңди өзгөрт, өз элиңди өлтүрө көрбө!

    32:13 өз кулдарың Ыбрайымга, Ыскакка жана Ысрайылга өз ысымың менен берген антыңды үстей көр. Сен аларга: “Силердин тукумуңарды көктөгү жылдыздардай көбөйтөм, өзүм убада кылган жерди силердин укум-тукумуңарга берем, алар аны түбөлүккө эүлешет”, – деп айтпадың беле».

    32:14 Ошондо Теңир өз элине төгө турган каарын кайт кылды.

    32:15 Муса артка кайрылып, тоодон түшүп келди. Анын колунда эки бетинде тең мыйзам жазылган эки таш лоок бар эле.

    32:16 Ал таш лоокторду Кудай өзү жасаган эле, таш лоокторго жазылган жазууларды Кудай өзү жазган эле.

    32:17 Жашыя чуулдаган элдин үнүн угуп, Мусага: «үмне, станда согуш болуп жатабы?» – деди.

    32:18 Муса болсо: «Бул жеңгендердин кыйкырыгы эмес, жеңилгендердин боздогону да эмес. Мен ырдагандардын үнүн угуп жатам», – деди.

    32:19 Муса станга жакындаганда, музоону жана бийлеп жаткандарды көрүп, каары кайнап, колундагы таш лоокторду ыргытып жиберди. Таш лоокторду ал тоонун этегинде талкалады.

    32:20 Анан Муса алар жасаган музоону алып, отко өрттөп, күлдөй кылып майдалап, сууга чачып жиберди да, ал суудан Ысрайыл уулдарына ичирди.

    32:21 Муса Арунга: «Бул элди ушундай чоң күнөөгө батыргыдай, бул эл сага эмне кылды?» – деди.

    32:22 Арун мындай деп жооп берди: «Мырзамдын ачуусу келбесе экен, бул элдин моюн сунбас эл экенин өзүң билесиң.

    32:23 Булар мага: “Бизди Мисир жеринен алып чыккан Мусага эмне болгонун билбейбиз, ошондуктан сен бизге бизди баштап жүрө турган кудай жасап бер”, – дешти.

    32:24 Ошондо мен аларга: “Кимдин алтыны бар болсо, чыгарып бергиле”, – дедим. Алар чыгарып беришти. Мен аны отко салсам, ушул алтын музоо чыкты».

    32:25 Муса бул элдин баш бербес эл экенин, Арундун алардын бузулушуна, душмандарына шылдың болушуна жол бергенин көрдү.

    32:26 Муса стандын дарбазасынын жанына туруп: «Ким Теңирди эүрчигиси келсе, мага келсин!» – деди. Ошондо анын алдына Лебинин бүт уулдары чогулушту.

    32:27 Муса аларга мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Ар бириңер кылычыңарды белиңерге байлап, станды аралап, чатырдан чатырга өтүп, бир туугандарыңарды, досторуңарды, жакындарыңарды өлтүргүлө”».

    32:28 Леби уулдары Мусанын айтканындай кылышты. Ошол күнү элдин ичинен үч миңге жакын адам кырылды.

    32:29 Ошондо Муса Леби уулдарына: «Бүгүн Теңирге колуңарды арнагыла, анткени ар бириңер өз уулдарыңарга, бир туугандарыңарга кол көтөрдүңөр. Ал бүгүн силерге батасын берсин», – деди.

    32:30 үртеси күнү Муса элге кайрылып: «Силер өтө чоң күнөө кылдыңар, ошондуктан мен тоого чыгып, Теңирге барам, балким, силердин күнөөңөр үчүн кечирим алып келермин», – деди.

    32:31 Муса Теңирге кайра барып, мындай деди: «Бул эл өзүнө алтын кудай жасап, өтө чоң күнөө кылды.

    32:32 Булардын күнөөсүн кечир. эгерде кечирбей турган болсоң, анда мени да өзүң жазган китебиңден чийип сал».

    32:33 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Менин алдымда ким күнөө кылса, ошону өзүмдүн китебимден чийип салам.

    32:34 үми бара бер, бул элди Мен айткан жерге алып жөнө. Менин периштем сенин алдыңда барат. Күнөө үчүн жазалай турган күнүм келгенде, Мен аларды жазалайм».

    32:35 Ошентип, Теңир элди Арун жасаган музоо үчүн кыргынга учуратты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск