Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 33

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    33-БөЛЄМ

    Синайдан кетүү жөнүндө буйрук

    33:1 Теңир Мусага мындай деди: «Сен бул жерден Мисир жеринен алып чыккан элиң менен кошо Мен Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка “Сенин тукумуңа берем” деп убада кылган жерге жөнө.

    33:2 Алдыңа периштемди жиберип, ал жерден канаандыктарды, аморлуктарды, хеттиктерди, периздиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды кууп чыгам.

    33:3 Ал силерди сүт менен бал аккан жерге алып барат. Силерди жолдо кырып салбашым үчүн, өзүм силер менен барбайм, анткени силер тоң моюн элсиңер».

    33:4 үл бул каардуу сөздү укканда, боздоп ыйлады, үч ким жасалгасын тагынган жок.

    33:5 Анткени Теңир Мусага мындай деген эле: «Ысрайыл уулдарына айт: “Силер тоң моюн элсиңер. эгерде Мен силер менен барсам, анда силерди бир заматта жок кылам, ошондуктан жасалгаларыңарды чечкиле. Силерге эмне кылышты байкап көрөм”».

    33:6 Ошентип, Ысрайыл уулдары Хореп тоосунун жанында жасалгаларын чечишти.

    Стандын сыртындагы жыйын чатыры

    33:7 Муса болсо стандын сыртына, стандан обочо жерге чатыр тигип, аны «жыйын чатыры» деп атады. Теңирди издеген адамдардын баары стандын сыртындагы жыйын чатырына келишчү.

    33:8 Муса жыйын чатырына бара жатканда, элдин баары ордунан туруп, өз-өз чатырынын кире беришинде Муса жыйын чатырына киргенче карап турушчу.

    33:9 Муса жыйын чатырына киргенде, асмандан булут мамы түшүп, жыйын чатырынын кире беришине келип турчу, ошондо Теңир Муса менен сүйлөшчү.

    33:10 үл жыйын чатырынын кире беришинде турган булут мамыны көрүп, ордунан туруп, өз чатырларынын кире беришинде таазим кылчу.

    33:11 Ошондо Теңир Муса менен досу менен сүйлөшкөндөй, бетме-бет сүйлөшчү. Ошондон кийин Муса станга кайрылып келчү, ал эми анын кызматчысы Нундун уулу Жашыя жыйын чатырынан карыш жылчу эмес.

    Мусанын сыйынуусу

    33:12 Муса Теңирге мындай деди: «Сен мага: “Бул элди баштап бар, Мен сени атыңдан билем, сен Менин алдымда ырайым таптың”, – десең да, мени менен кимди жиберериңди ачып бербедиң.

    33:13 үгерде мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, анда өтүнөм: Сени таанып билишим үчүн, Сенин алдыңда ырайым табышым үчүн, мага өз жолуңду ач. Бул эл өз элиң экенин унутпа».

    33:14 Ошондо Теңир ага: «Мен өзүм барам, сени бейпил жерге жеткирем», – деди.

    33:15 Муса Теңирге: «үгерде биз менен Сен өзүң барбасаң, анда бизди бул жерден алып чыкпа.

    33:16 Мен да, Сенин элиң да Сенин алдыңда ырайым тапканыбызды кантип билебиз? Сенин биз менен барганыңдан эмеспи? Ошондо мен да, Сенин элиң да жер жүзүндөгү бардык элдерден атактуу болобуз», – деди.

    33:17 Ошондо Теңир Мусага: «Сенин азыркы айтканыңды аткарам, анткени сен Менин алдымда ырайым таптың, Мен сени атыңдан билем», – деди.

    33:18 Муса Ага: «Мага өз даңкыңды көрсөтчү», – деди.

    33:19 Ошондо Теңир ага мындай деди: «Мен сенин алдыңдан бардык жакшылыктарымды өткөрүп, Теңирдин ысымын сенин алдыңда жарыя кылам. Мен кимге ырайым кылгым келсе, ага ырайым кылам; кимди аягым келсе, аны аяйм».

    33:20 Анан Ал дагы мындай деди: «Сага Менин жүзүмдү көрүүгө болбойт, анткени Менин жүзүмдү көргөн адам тирүү калбайт».

    33:21 Теңир дагы мындай деди: «Менин жанымда аска бар, ошол асканын үстүндө тур.

    33:22 Менин даңкым өтүп бара жатканда, сени асканын жаракасына коём, өтүп кеткенге чейин, сени колум менен калкалап турам.

    33:23 Мен колумду тартып алгандан кийин, Мени артыман көрөсүң, Менин жүзүмдү көрбөйсүң».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск