Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 34

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    34-БөЛЄМ

    үкинчи жолу берилген таш лооктор

    34:1 Теңир Мусага мындай деди: «Ташты жылмалап, мурункуга окшош эки лоок жаса. Мен ал лоокторго сен талкалаган мурунку таш лооктордогу сөздөрдү жазып берем.

    34:2 үртең мененкиге чейин даяр бол. Синай тоосунун башына чыгып, Менин алдыма келип тур.

    34:3 Бирок сени менен тоого үч ким чыкпасын, бул тоодо үч ким көрүнбөсүн. Бул тоонун жанында майда мал да, бодо мал да жайылып жүрбөсүн».

    34:4 Муса таш жылмалап, мурунку таш лоокторго окшош эки таш лоок жасады. эртең менен эрте туруп, Теңир буйругандай, Синай тоосуна чыкты. Колуна эки таш лоокту алып алды.

    34:5 Теңир булут ичинде төмөн түшүп, Мусанын жанына келип токтоп, өзүнүн ысымын «Жахаба» деп жарыялады.

    34:6 Анан Теңир Мусанын бет алдынан өтүп, мындай деп сүйлөдү: «Теңир – пендесин сүйгөн, ырайымдуу, чыдамдуу, абдан боорукер, адилеттүү,

    34:7 миңинчи тукумга чейин ырайым кыла турган, айыбын, кылмышын жана күнөөсүн кечире турган, бирок жазасыз калтырбай турган, ата-бабаларынын айыбы үчүн үчүнчү жана төртүнчү тукумуна чейинки балдарын жана балдарынын балдарын жазалай турган Кудай-Теңир».

    34:8 Муса ошол замат жерге жыгылып, Кудайга таазим кылды.

    34:9 Анан мындай деди: «О эгедерим! эгерде мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, анда эгедерим биз менен барсын, анткени бул эл – тоң моюн эл. Биздин мыйзамсыз иштерибиз менен күнөөлөрүбүздү кечир. Бизди өз элиң кылып ал!»

    Келишимдин калыбына келтирилиши

    34:10 Ошондо Теңир мындай деди: «Мен мындай келишим түзөм: сенин бүткүл элиңдин алдында бүт жер жүзүндө болбогон жана үч бир элде жок кереметтерди көрсөтөм. Сен арасында жүргөн бүт эл Теңирдин иштерин көрөт, анткени Мен сен үчүн өтө коркунучтуу иш көрсөтөм.

    34:11 Азыр Мен сага берип жаткан буйруктарымды сакта. Мына, Мен аморлуктарды, канаандыктарды, хеттиктерди, периздиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды сенин алдыңдан кууп жатам.

    34:12 Сак бол, өзүң эүлей турган жердин тургундары менен байланыш түзбө, алар силер түшө турган тор болуп калбасын.

    34:13 Алардын курмандык чалынуучу жайларын талкалагыла, мамыларын кыйраткыла, мазар теректерин кыйгыла.

    34:14 Анткени сен Теңирден башка кудайга сыйынбашың керек, Анын ысымы – “Кызганчаак”. Ал – кызганчаак Кудай.

    34:15 өз кудайларына табынып жатышканда жана кудайларына курмандык чалып жатышканда, сени да чакырбашы үчүн, сен да алардын курмандыктарынан жебешиң үчүн, ал жердин тургундары менен келишим түзбө.

    34:16 Алардын кыздары өз кудайларына табынып, сенин уулдарыңды да өз кудайларына табынууга азгырбашы үчүн, уулдарыңа алардын кыздарынан аял алып бербе.

    34:17 өзүңө куйма кудайларды жасаба.

    34:18 Ачыткысыз нан майрамын өткөрүп тур. Мен сага буйругандай, белгиленген Абыт айында жети күн ачыткысыз нан же, анткени сен Мисирден Абыт айында чыккансың.

    34:19 Тун балдарыңдын баары Меники, ошондой эле бодо малыңдан тартып койлоруңа чейин, биринчи туулган эркек малыңдын баары Меники.

    34:20 үшектердин биринчи төлүн козуга алмаштыр. эгерде алмаштырбасаң, анда кунун төлө. Бардык тун уулдарыңдын кунун төлө. үч ким Менин алдыма куру кол келбесин.

    34:21 Алты күн иштеп, жетинчи күнү эс ал. Себүү, оруу-жыюу убагында да жетинчи күнү эс ал.

    34:22 Буудайыңдын биринчи түшүмүн жыйнаганыңда, Жумалар майрамын, жыл аягында Түшүм жыйноо майрамын майрамда.

    34:23 үлиңдеги эркек аттуулардын баары жылына үч жолу Ысрайылдын Кудай-Теңиринин, эгедердин, алдына келишсин.

    34:24 Анткени Мен сенин алдыңдан бул жердеги элди кууп чыгып, сенин чек араңды кеңейтем. эгерде сен жылына үч жолу Кудай-Теңириңдин алдына келсең, үч ким сенин жериңди тартып албайт.

    34:25 Мага чалган курмандыгыңдын канын ачыткы кошулган нан менен бирге алып келбе. Пасах майрамына карата чалынган курмандык эртең мененкиге калбасын.

    34:26 Жериңден алган эң биринчи түшүмүңдү Кудай-Теңириңдин үйүнө алып кел. Улакты энесинин сүтүнө бышырба».

    34:27 Анан Теңир Мусага дагы мындай деди: «Бул сөздөрдү жазып ал, анткени бул сөздөрдүн негизинде Мен сени менен жана Ысрайыл эли менен келишим түзүп жатам».

    34:28 Ошентип, Муса Теңирдин жанында нан да жебей, суу да ичпей, кырк күн, кырк түн болду. Ошондо Кудай таш лоокторго келишим сөздөрүн – он осуятты жазды.

    Мусанын Синай тоосунан түшүшү

    34:29 Муса Синай тоосунан түшүп келе жатканда, анын колунда мыйзам жазылган эки таш лоок бар эле. Муса Кудай менен сүйлөшкөндүктөн, тоодон түшүп келе жатканда, жүзүнөн нур чачырап турганын өзү билген жок.

    34:30 Арун менен Ысрайылдын бардык уулдары Мусанын жүзүнөн нур чачырап турганын көрүп, жакын баруудан коркушту.

    34:31 Муса аларды өзүнө чакырды. Ошондо Арун менен жамааттын бардык башчылары келишти. Муса алар менен сүйлөштү.

    34:32 Андан кийин Ысрайылдын бүт уулдары келишти. Муса аларга Теңирдин Синай тоосунда айткан осуяттарынын баарын айтып берди.

    34:33 Муса алар менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин, бетине жабуу жаап алды.

    34:34 Ал Теңир менен сүйлөшүү үчүн, Анын алдына барганда, бетиндеги жабуусун алып салчу, кайра чыкканда жаап алчу. Чыккандан кийин Теңир берген осуяттын баарын Ысрайыл уулдарына айтып берчү.

    34:35 Ысрайыл уулдары анын жүзүнөн нур чачырап турганын көрүшчү. Теңир менен сүйлөшкөнү барганга чейин, ал кайрадан жүзүн жаап алчу.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск