Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 45

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    45-БөЛЄМ

    Теңирге арналган элүш

    45:1 Силер жерди өкчөмө таш менен бөлүштүрө баштаганда, Теңирге арнап ыйык жер бөлүп койгула. Анын туурасы он миң, узундугу жыйырма беш миң таяк болсун. Ал жер бүт бойдон, тегерете ыйык.

    45:2 Ал жерден ыйык жай үчүн төрт жагы тең беш жүз таяктан болгон төрт бурчтук жер бөлүнсүн, анын айланасына дагы элүү чыканак аянт бөлүнсүн.

    45:3 Ушул өлчөнгөн жердин ичинен ыйыктын ыйыгы турган ыйык жай үчүн узундугу жыйырма беш миң, туурасы он миң таяк болгон жер бөлүп кой.

    45:4 Бул жердин ыйык бөлүгү Теңирге кызмат кылыш үчүн Ага жакындаган, ыйык жайда кызмат кылган ыйык кызмат кылуучуларга таандык болот. Бул жер алардын үйү үчүн жана ыйык жай үчүн ыйык жер болот.

    45:5 Узундугу жыйырма беш миң, туурасы он миң таяк болгон жер ийбадаткананын кызматчыларынын – лебилердин элүшүнө берилет.

    45:6 Теңирге бөлүнгөн ыйык жердин каршысынан туурасы беш миң, узундугу жыйырма беш миң болгон жерди шаардын элүшүнө бергиле. Ал жер бүт Ысрайылга таандык болот.

    Төрөнүн элүшү

    45:7 Теңирге бөлүнгөн ыйык жердин жанынан, ошондой эле шаардын элүшүнүн жанынан, тигил тарабынан да, бул тарабынан да, чыгыш тарабындагы чыгышка кеткен, батыш тарабындагы батышка кеткен, узундугу батыш чек арадан чыгыш чек арага чейин жаткан, элүштөрдүн биринин узундугуна барабар болгон жерди төрөгө бергиле.

    45:8 Ал – анын жери, анын Ысрайылдагы элүшү, мындан ары Менин төрөлөрүм Менин элимди кысымга албашы керек, алар Ысрайылга уруулары боюнча жер бериши керек”.

    45:9 Кудай-Теңир мындай дейт: “Ысрайыл төрөлөрү, силердики жетишет! Кордук көрсөткөнүңөрдү, эзгениңерди койгула, акыйкаттык жана адилеттик боюнча иш жүргүзгүлө, Менин элимди өзүнүн элүшүнөн сүрүп чыгарганыңарды токтоткула, – дейт Кудай-Теңир.

    45:10 Силердин таразаңар да, эйфаңар да, батыңар да туура болсун.

    45:11 үйфа менен бат бирдей өлчөмдө болушу керек, бир бат бир хомердин ондон бир бөлүгүнө барабар болсун, бир эйфа да бир хомердин ондон бир бөлүгүнө барабар болсун. Алардын өлчөмү хомер боюнча аныкталсын.

    45:12 Бир шекелде жыйырма гер бар, бир минаңар жыйырма шекел, жыйырма беш шекел жана он беш шекел болсун.

    45:13 Силердин төрөгө беришиңер керек болгон алымыңар мындай: бир хомер буудайдан эйфанын алтыдан бир бөлүгү жана бир хомер арпадан эйфанын алтыдан бир бөлүгү.

    45:14 Зайтун майы жөнүндө көрсөтмө: бир кор зайтун майынан баттын ондон бир бөлүгү. Он бат бир хомерди түзөт, анткени бир хомерде он бат бар.

    45:15 Ысрайылдын семиз койлорунун ичинен, эки жүз койдон бир кой бергиле. Аларды тазалоо үчүн, нан курмандыгына, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка, тынчтык курмандыгына ушулардын бардыгын алып келгиле, – дейт Кудай-Теңир.

    45:16 Бул жердин бүт эли ушул тартууларды Ысрайыл төрөсүнө берүүгө милдетүү.

    45:17 Ал эми төрөнүн милдети – майрамдарда, ай жаңырганда, ишембилерде, Ысрайылдын бардык майрамдарында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалуу, нан курмандыгын тартуулоо, куюлуучу курмандыкты куюу. Ал Ысрайылды тазалоо үчүн, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты чалууга, нан курмандыгын тартуулоого, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, тынчтык курмандыгын чалууга милдеттүү”.

    Ийбадаткананы тазалоо жана Пасах майрамы жөнүндө

    45:18 Кудай-Теңир мындай дейт: “Биринчи айдын биринчи күнү кемчиликсиз букачар алып, ыйык жайды тазала.

    45:19 Ыйык кызмат кылуучу күнөө үчүн чалынган бул курмандыктын канынан алып, ийбадаткананын эшиктеринин кашектерине, курмандык чалынуучу жайдын аянтчасынын төрт бурчуна, ички короонун дарбазаларынын кашектерине чачсын.

    45:20 Ушул айдын жетинчи күнү да жаңылыштыктан же билбей күнөө кылгандар үчүн ушундай кылгыла, ийбадаткананы ошентип тазалагыла.

    45:21 Биринчи айдын он төртүнчү күнү силерде жети күндүк Пасах майрамы болсун, ал күндөрү ачыткысыз нан жейсиңер.

    45:22 Ушул күнү төрө өзү үчүн жана бул жердин бүт эли үчүн бир букачарды күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка чалсын.

    45:23 Ушул жети күндүк майрам ичинде ал Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка ар күнү кемчиликсиз кочкордон жетини, букачардан жетини, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка ар күнү бир текеден чалып турууга милдеттүү.

    45:24 Бир букачарга бир эйфа, бир кочкорго бир эйфа нан курмандыгын кошуп, бир эйфа нан курмандыгына бир гин зайтун майын кошуп тартуулоого милдеттүү.

    45:25 Жетинчи айдын он бешинчи күнү, майрам күндөрү, жети күн бою ал ошондой эле курмандыктарды чалышы керек: күнөө үчүн чалынуучу курмандык да, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык да, нан курмандыгы да, зайтун майы да ошончо болсун”.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск