Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 46

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    46-БөЛЄМ

    Төрөлөр жана эл чала турган курмандыктар

    46:1 Кудай-Теңир мындай дейт: “Ички короонун чыгышты караган дарбазасы алты иш күнү бою бек турушу керек, ал эми ишемби күнү жана ай жаңырган күнү ачык болушу керек.

    46:2 Төрө сырттагы дарбазанын кире бериш бөлмөсү аркылуу кирип, ошол дарбазанын кашектеринин жанында турат. Ыйык кызмат кылуучулар анын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгы менен тынчтык курмандыгын чалышат. Ал дарбазанын босогосунун алдында Теңирге таазим кылат, анан сыртка чыгат, дарбазалар болсо кечке чейин ачык турат.

    46:3 Ал жердин эли ишемби күндөрү жана ай жаңырганда, ушул дарбазанын кире бериш жеринде Теңирге таазим кылышат.

    46:4 Төрөнүн ишемби күнү Теңирге арнап чала турган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгы кемчиликсиз алты козу жана кемчиликсиз бир кочкор болуш керек.

    46:5 Бир кочкорго бир эйфа нан курмандыгын, ал эми козуларга колунан канча келсе, ошончо, бир эйфа нан курмандыгына бир гин зайтун майын кошуп алып келсин.

    46:6 Ай жаңырган күнү ал кемчилиги жок бир букачар, ошондой эле кемчилиги жок алты козу жана бир кочкор чалсын.

    46:7 Ал бир букачарга бир эйфа, бир кочкорго бир эйфа нан курмандыгын, ал эми козуларга колунан канча келсе, ошончо, бир эйфа нан курмандыгына бир гин зайтун майын кошуп алып келсин.

    46:8 Төрө келгенде, дарбазанын кире бериш бөлмөсү аркылуу кирип, ошол эле жол менен чыксын.

    46:9 Ал жердин эли майрам күндөрү Теңирдин алдына келгенде, табынуу үчүн түндүк дарбазасы аркылуу киргендер түштүк дарбазасы аркылуу чыгышсын, ал эми түштүк дарбазасы аркылуу киргендер түндүк дарбазасы аркылуу чыгышсын. Кирген дарбазасы аркылуу чыкпай, каршысындагы дарбаза аркылуу чыгышсын.

    46:10 Төрө да алардын арасында болушу керек. Алар киргенде, ал да кирсин, алар чыкканда, ал да чыксын.

    46:11 Майрамдарда жана салтанаттуу күндөрдө ал бир букачар үчүн бир эйфа, бир кочкор үчүн бир эйфа нан курмандыгын, ал эми козулар үчүн колунан канча келсе, ошончо, бир эйфа нан курмандыгы үчүн бир гин зайтун майын тартууласын.

    46:12 үгерде төрө өз каалоосу менен Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты же тынчтык курмандыгын чалгысы келсе, анда ага чыгышты караган дарбазаны ачып беришсин. Ал өзүнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгы менен тынчтык курмандыгын ишемби күнү кандай чалса, ошондой чалат, андан кийин ал сыртка чыгат, ал сыртка чыккандан кийин дарбаза жабылат.

    46:13 Теңирге арналып чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка күн сайын кемчилиги жок бир жылдык козу алып кел. Аны күн сайын эртең менен алып кел.

    46:14 Ал козу менен бирге күн сайын эртең менен эйфанын алтыдан бир бөлүгүнчөлүк нан курмандыгын, майда унду нымдаш үчүн гиндин эчтөн бир бөлүгүнчөлүк зайтун майын алып кел. Теңирге арналып тартуулануучу нан курмандыгы жөнүндөгү өзгөрүлбөс, түбөлүк мыйзам ушундай.

    46:15 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка козу, нан курмандыгын, зайтун майын күн сайын эртең менен эзбөй чалып турушсун”.

    Төрөгө жана мураска байланыштуу мыйзамдар

    46:16 Кудай-Теңир мындай дейт: “үгерде төрө өз уулдарынын ичинен бирөөнө белек бере турган болсо, анда ал анын уулдарынын да мурасы болсун. Бул алардын мурасы болсун.

    46:17 үгерде ал өзүнүн мурасынан кулдарынын ичинен бирөөнө белек бере турган болсо, анда ал белек ага эркиндикке чыккан жылына чейин гана таандык, андан кийин ал төрөгө кайра кайтат. Анын мурасы өз уулдарына гана өтүшү керек.

    46:18 Бирок төрө элди мураска алган жеринен сүрүп чыгарып, анын мурасынан албашы керек. Менин элимдин ичинен үч ким өз мурасынан куулуп чыкпаш үчүн, ал өзүнүн уулдарына өзүнүн мурасынан гана бере алат”».

    Курмандыктар бышырылуучу жер

    46:19 Анан ал мени дарбазанын капталындагы жол менен ыйык кызмат кылуучулардын түндүктү караган ыйык бөлмөлөрүнө эүрчитип келди. Ошол жерде, алардын арт жагында, батыш тарабында бир жер бар экен.

    46:20 Анан ал мага: «Ыйык кызмат кылуучулар айып үчүн чалынуучу курмандыкты, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты жана нан курмандыгын бышыра турган жер ушул. эл ыйыкталып калбаш үчүн, алар бул курмандыктарды сыртка алып чыгышпасын», – деди.

    46:21 Анан ал мени сырткы короого алып чыгып, короонун төрт бурчу менен алып өттү, короонун ар бир бурчунда дагы бирден короо бар экен.

    46:22 Короонун төрт бурчунда узундугу кырк чыканак, туурасы отуз чыканак болгон жабык короолор бар экен. Короонун төрт бурчундагы короолордун ченеми бирдей экен.

    46:23 Ал төрт короону тегерете курчаган дубал бар экен, ал эми дубалдардын түбүндө коломтолор бар экен.

    46:24 Анан ал мага: «Бул – курмандык бышыруучу жер, бул жерде ийбадаткананын кызматчылары элдин курмандыктарын бышырышат», – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск