Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 47

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    47-БөЛЄМ

    Ийбадаткананын астынан агып чыккан суу жөнүндө

    47:1 Анан ал мени кайрадан ийбадаткананын дарбазасына алып келди. Ийбадаткананын босогосунун астынан чыгышты карай суу агып турат экен. Анткени ийбадаткана чыгышты карап турчу. Суу ийбадаткананын оң жак капталынын астынан чыгып, курмандык чалынуучу жайдын түштүк жагына агат экен.

    47:2 Анан ал мени түндүк дарбазасы аркылуу чыгарып, сырткы жол менен, чыгышты көздөй кеткен жол менен алып өтүп, сырткы дарбазаларга алып келди. Суу ийбадаткананын оң тарабынан агып чыгат экен.

    47:3 Ал адам чыгышты карай басып, колундагы жип менен миң чыканак ченеп, мени суу менен алып жүрдү. Суу кызыл ашыктан эле.

    47:4 Анан дагы миң чыканак ченеп, мени суу менен алып жүрдү. Суу тизеден эле. Анан дагы миң чыканак ченеп, мени алып жүрдү. Суу белден эле.

    47:5 Анан дагы миң чыканак ченеди, ал жерде мен өтө албаган суу бар экен, суу ушунчалык терең болгондуктан, сүзүүгө туура келди, ал сууну кечип өтүү мүмкүн эмес болчу.

    47:6 Ал мага: «Адам уулу, көрдүңбү?» – деди. Анан ал мени кайра суунун жүүгине чыгарды.

    47:7 Мен кайра артка келгенимде, суунун жүүктеринде, суунун наркы өйүзүндө да, берки өйүзүндө да абдан көп дарак бар экен.

    47:8 Анан ал мага мындай деди: «Бул суу жердин чыгыш тарабына агат, түздүккө түшүп, деңизге куюлат. Ошондо деңиз суусу таза болуп калат.

    47:9 үки агым кирген жерде деңиздеги ар кандай тирүү жандыктар, сойлоп жүрүүчүлөр тирүү болот. Балык өтө көп болот, анткени бул суу ошол жакка куюлат, ошондо деңиздин суусу таза болуп калат. Бул суу кайда куюлса, ал жерде баары тирүү болот.

    47:10 Анын жүүгинде, эйин-Гедиден тартып эйин-үглайымга чейин балыкчылар торлорун салышат. Ал жерде чоң деңиздегидей ар кандай балыктар болот, балыктар ал жерде абдан көп болот.

    47:11 Анын саздары менен чөөттөрү тазаланбайт, алар туз үчүн калтырылат.

    47:12 Суунун жанында, наркы жана берки жүүгин бойлото жемиш берүүчү ар түрлүү дарактар өсөт. Алардын жалбырактары куурабайт, алардын жемиштери түгөнбөйт. Ай сайын жаңы жемиш бышып турат, анткени суу алар үчүн ыйык жайдан агып келет. Алардын жемиштери тамак-ашка, ал эми жалбырактары дарылыкка пайдаланылат».

    Жердин чек аралары жөнүндө

    47:13 Кудай-Теңир мындай дейт: «Силер жерди Ысрайылдын он эки уруусуна мына бул чек аралар боюнча мурас кылып бөлүп аласыңар: Жусупка эки элүш.

    47:14 Ар бириңер анын бир тууганы катары жерди мураска алгыла, анткени Мен өзүмдүн колумду көтөрүп, бул жерди силердин ата-бабаларыңарга берем деп убада кылгам, ошондуктан бул жер силердин мурасыңар болот.

    47:15 Бул жердин чек аралары мындай: түндүк чек ара Улуу деңизден баштап, Хетлон аркылуу Седатка карай кеткен жолго чейин;

    47:16 Дамаск жана Хамат чек араларынын ортосундагы Хамат, Бейрот, Сибрайым, Хабран чек арасынын жанындагы Хатсейир-Атикон.

    47:17 Деңизден тартып, Дамаск чек арасынын жанындагы Хатсар-үйнанга чейин, түндүктө түндүктү карай кеткен Хамат чек арасы. Бул – түндүк чек ара.

    47:18 Ал эми чыгыш чек арасын Хабран менен Дамасктын, Гилат менен Ысрайыл жеринин ортосунан, Иордан бою менен, түндүк чек арадан Чыгыш деңизине чейин белгилегиле. Бул – чыгыш чек ара.

    47:19 Түштүк чек ара түштүк жактагы Тамарадан Кадеш сууларына чейин, агын сууну бойлоп, Улуу деңизге чейин кетет. Бул – түштүк чек ара.

    47:20 Батыш чек ара болсо – Улуу деңиз, түштүк чек арадан Хаматка алып баруучу жолдун каршысындагы жерге чейин. Бул – батыш чек ара.

    47:21 Мына ушул жерди өз ара, Ысрайыл уруулары арасында бөлүп алгыла.

    47:22 Ал жерди өкчөмө таш боюнча өзүңөргө жана араңарда жашап жаткан, силердин жериңерде балалуу болгон чет жерликтерге мурас кылып бөлүп бергиле. Алар Ысрайыл уулдарынын арасында жергиликтүү тургундар катары эсептелишсин: Ысрайыл урууларынын арасында силер менен бирге мурас бөлүп алышсын.

    47:23 Чет жерлик адам кайсы урууда жашаса, ага мурасты ошол уруудан бергиле», – дейт Кудай-Теңир.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск