Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 48

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    48-БөЛЄМ

    Урууларга жер бөлүштүрүү

    48:1 «Уруулардын аттары мындай: түндүк тараптан, Хетлонду карай кеткен жолдун жанындагы, Хаматка алып баруучу жолдон Дамаск чек арасындагы Хатсар-үйнанга чейинки, түндүктү карай кеткен Хаматтын жанындагы жерлер, чыгыштан деңизге чейин жаткан ушул жердин баары – Дандын элүшү.

    48:2 Дандын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Ашырдын элүшү.

    48:3 Ашырдын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Напталынын элүшү.

    48:4 Напталынын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Менашенин элүшү.

    48:5 Менашенин чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – эпрайымдын элүшү.

    48:6 үпрайымдын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Рубейиндин элүшү.

    48:7 Рубейиндин чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Жүйүттүн элүшү.

    Ыйык кызмат кылуучулардын элүшү

    48:8 Жүйүттүн чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан, туурасы жыйырма беш миң таяк, узундугу чыгыштан батышка чейин жаткан башка элүштөрдүн узундугуна барабар болгон жер – ыйык жер. Анын ортосунда ыйык жай болот.

    48:9 Силердин Теңирге арнай турган жериңердин узундугу жыйырма беш миң, туурасы он миң таяк болот.

    48:10 Түндүктү карай жыйырма беш миң, деңизди карай туурасы он миң, чыгышты карай туурасы он миң, түштүктү карай узундугу жыйырма беш миң таяк болгон бул ыйык жер ыйык кызмат кылуучуларга таандык, анын ортосунда Теңирдин ыйык жайы болот.

    48:11 Аны Садоктун уулдарынан чыккан ыйык кызмат кылуучуларга арнагыла, анткени алар Менин күзөтүмдө турушкан, Ысрайыл уулдары Менден баш тарткан убакта башка лебилердей болуп Менден баш тартышкан эмес.

    48:12 Аларга лебилердин чек арасынын жанындагы ыйыктын ыйыгы болгон ыйык жердин бир бөлүгү таандык.

    48:13 Ошондой эле лебилер да ыйык кызмат кылуучулардын жеринин жанынан узундугу жыйырма беш миң, туурасы он миң таяк жер алышат. Бардыгы болуп узундугу жыйырма беш миң, туурасы он миң таяк жер.

    48:14 Алардын бул элүштү сатууга да, алмашууга да укугу жок. Жердин бул эң жакшы элүшү башкаларга өтпөшү керек, анткени бул жер – Теңирдин ыйыгы.

    48:15 Ал эми туурасы беш миң, узундугу жыйырма беш миң таяк болгон калган жер шаар үчүн, жалпы пайдалануу үчүн, отурукташуу үчүн, тегерек-чет үчүн болот. Анын ортосунда шаар болот.

    48:16 Анын өлчөмү мындай: түндүк жагы төрт миң беш жүз, түштүк жагы төрт миң беш жүз, чыгыш жагы төрт миң беш жүз, батыш жагы төрт миң беш жүз таяк.

    48:17 Ал эми шаардын түндүк жагындагы жер эки жүз элүү, чыгыш жагындагы жер эки жүз элүү, түштүк жагындагы жер эки жүз элүү, батыш жагындагы жер эки жүз элүү таяк.

    48:18 Ал эми ыйык жердин чыгыш тарабындагы он миң, батыш тарабындагы он миң таяк жердин түшүмү шаарда иштегендердин азыгы болсун.

    48:19 Шаарда болсо Ысрайылдын бардык урууларынан чыккан жумушчулар иштей алышат.

    48:20 Туурасы жыйырма беш миң, узундугу жыйырма беш миң таяк болгон, төрт бурчтуу, өзүнчө бөлүнгөн жерди шаар эүлеген жер менен кошо ыйык жер үчүн бөлүп койгула.

    48:21 Ал эми калган жер – ыйык жерден тышкаркы, шаар эүлеген жерден тышкаркы жер төрөгө таандык. Төрөнүн элүшүнө ыйык жердин батыш тарабынан батыш чек арага чейинки жыйырма беш миң таяк жер жана ыйык жердин чыгыш тарабынан чыгыш чек арага чейинки жыйырма беш миң таяк жер таандык. Ыйык жер менен ыйык жай анын ортосунда болот.

    48:22 Ошондой эле лебилердин элүшү менен шаар эүлеген жердин ортосундагы калган жер да төрөгө таандык. Жүйүттүн чек арасы менен Бенжеминдин чек арасынын ортосундагы жер да төрөгө таандык.

    Башка уруулардын жери

    48:23 Уруулардан калган, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Бенжеминдин элүшү.

    48:24 Бенжеминдин чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Шымондун элүшү.

    48:25 Шымондун чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Исахардын элүшү.

    48:26 Исахардын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Забулундун элүшү.

    48:27 Забулундун чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Гаттын элүшү.

    48:28 Түштүк чек ара Гаттын чек арасынын жанынан, түштүк тараптан өтүп, Тамарадан Кадеш сууларына чейин, сууну бойлоп, Улуу деңизге чейин кетет.

    48:29 Ысрайыл урууларынын өкчөмө таш боюнча бөлүп ала турган жери ушул, алардын элүштөрү ушулар», – дейт Кудай-Теңир.

    Иерусалимдин дарбазалары жөнүндө

    48:30 «Шаардан сыртка чыгуучу жерлер булар: түндүк жагынан узундугу төрт миң беш жүз ченем.

    48:31 Шаардын дарбазалары Ысрайыл урууларынын ысымдары менен аталат. Түндүк жагында үч дарбаза: Рубейин дарбазасы, Жүйүт дарбазасы, Леби дарбазасы.

    48:32 Чыгыш жагынан төрт миң беш жүз ченем, үч дарбаза: Жусуп дарбазасы, Бенжемин дарбазасы, Дан дарбазасы.

    48:33 Түштүк жагынан да төрт миң беш жүз ченем, үч дарбаза: Шымон дарбазасы, Исахар дарбазасы, Забулун дарбазасы.

    48:34 Деңиз тарабынан да төрт миң беш жүз ченем, үч дарбаза: Гат дарбазасы, Ашыр дарбазасы, Напталы дарбазасы.

    48:35 Тегерете бардыгы болуп он сегиз миң ченем. Ошол күндөн баштап шаардын аты “Теңир ошол жерде” болот».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск